КОРРУПЦИЯГА ШЕКТЕЛГЕН КАРГАНБЕК САМАКОВГО ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУГА ДА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

№655 22-май-28-май, 2015-ж

15-майда Жогорку Кеӊештин депутаты Карганбек Самаков коррупция беренеси боюнча шектелип, камакка алынды. Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, кылмыш иши 14-майда козголуп, Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (айдоо аянттарын үй салууга боло турган категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Бул жер тилкелерин сатуудан депутат 8 миллион доллар пайда көргөнү да айтылууда.
Камалгандан аз өтпөй УКМКнын алдына депутаттын тарапташтары чогулушуп, колдоо көрсөтүү үчүн келишкенин билдиришти. Эртеси Самаковдун тарапташтары Башкы прокуратуранын алдына чогулуп, митинг өткөрүштү. Бул арада депутаттын уулу Кубанычбек Самаков айрым маалымат булактарына «Башкы прокуратурада иштеген жогорку кызмат адамынын акча талап кылуусу боюнча көрсөтмөӊдү өзгөртпөсөӊ, атаӊа же жакын туугандарыӊа карата башкача чараларды көрөбүз» деген чалуулар болгонун айтты. Эске салсак, март айында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Арпачиев 100 миӊ доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Анда жеке ишкер прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн
200 миӊ доллар талап кылып жатканын айтып УКМКга кайрылып, пара бермекчи болгон ишкер Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экендиги маалымдалган болчу.
17-май күнү Октябрь райондук соту Карганбек Самаковду 2 айга үй камагына чыгарды. Ага Бишкек шаарынын Октябрь районунан чыгууга, чоочун адамдар менен сүйлөшүүгө, почта, интернет жана телефон аркылуу байланышууга, митинг жана маалымат жыйындарын өткөрүүгө, жашаган жеринен саат 20:00дөн 08:00гө чейин чыгууга тыюу салынды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(15)
25.05.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куноосу жок болсо эч нерсе кылалбайт эле.Жеген да жеп алып кайра догурунушат экенда
25.05.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самаковду сыйлачу элем. Бир чети,чын чынына келсек,чиновникпи,депутатыбы,кимисине болсо да жакпай калса,оной олтон эле иш козгоп койсо болот,себеби,миллиондогон акчалар таза жол,адал эмгек м.н Кырг.да табылбайт.
25.05.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан Ушинтип жатса чиновниктер качан Кыргызстан онолот????
26.05.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тигил дуйнонун сурагынан коркуш керек,жегендин да чеги болуш керек
26.05.2015. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адамдар кичине башынарды иштетсенер прокуратура кимди паракор дер кармаса ошону жегич дейсинер бардык Адам жегич баары паракор ошондуктан Кыргызстан онукпойт бийликте отурган сенин тууганын да паракор демек прокуратура парага каршы курошкон инспекция да паракор бул нерсенин баары саясаттын сасыган балчыгы жана бузукулардын булганыч оюну
26.05.2015. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен бул адамды сыйлайм, жесе да жакшы иштерди жасап жаткан, а жеп алып былтыйып отургандар канча дагы жесем экен деп.
26.05.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде"-деген создо чындык бар экен. Мен Карганбек акени таза адам деп журупмун. Демек адашкам. Кыргызда мындай соз бар го "Ууру тойгуча жейт, олгучо карганат"-деген.
26.05.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адамды паракор деп эсептебейм. Бийликтегилер жакшы иш жасап, элге корунуп баштаганда эле буттан алышатго.
27.05.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bikusim,
Сузоончок "теке" сузгулоп жатат, ушу бир нерсени корот.
26.05.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак ийилет бирок сынбайт эмеспи. Жыйынтыгын кутолу ар кимибиз ар нерсени божомолдобой. Негизи мен да бул киши тууралуу оюм жакшы болчу.
26.05.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак ийилет, бирок сынбайт.
28.05.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче жалаа окшойт.
28.05.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жон гана жалаа деп ойлойм адамда пейил бузулду
31.05.2015. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Қр закону качан?кайсыл убакта?кимдерге иштейт?шайлоо алдында.бир депутат жакшы иштерди жасап жаткан жана Копчулук учурда карапайым калкка!
31.05.2015. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууру кучтуу болсо ээсин доого жыгат болуп атат,ойлонбой туруп камаш керек антпесе качып кетишет дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо