Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «КУДАЯР ХАНДЫН ГАРЕМИНДЕ 50дөй ӨҢДҮҮ-ТҮСТҮҮ КЫЗДАР КАРМАЛЫП ТУРГАН»

№656 29-май-4-июнь, 2015-ж

– Кудаяр хан (1829–1879) – Кокон хандыгын 1845-1858, 1862-1863, 1865-1875-жылдар аралыгында бийлеген. Кудаяр 12 жашына чейин Таласта таякелеринин колунда жүргөн. Орус саякатчылары Кудаярга жолукканда анын кыймыл-аракетин, өӊү-түсүн кыргыздарга окшоткону да ошондон улам болуш керек. Ал сарайда камалып жатканды жактырган эмес. Тоого чыгып, аӊчылык кылып, кымыз ичип, жайлоодо жүргөндү жактырган. Көчкөндө да жөн көчпөй 20-30 араба менен көчүп, кыдырып жүргөнүн айтышат. 1842-жылы атасы Шералы күтүүсүздөн хан болуп келгенден тартып ордого келет. 1845-жылы атасы өлтүрүлгөндөн кийин Мусулманкул тарабынан 15 жашында хан көтөрүлөт. Тарыхчы Зиябидин Максым Кудаярды бир туугандарына караганда ар дайым жылдызы жанып, кеӊ пейилдүү болгонун сыпаттайт. Ага караганда Малабектин ичи тар, көрө албас жаман адаттары болгонун жазганы бар. Кудаяр балакатка жеткенче Мусулманкул хандыкты жетектеп турган. Качан ал бой жеткенде ага жакындашуу үчүн өзүнүн карындашын алып берип, баласы Абдырахманды ага кумганчы кылып коёт. Кудаяр Мусулманкулдун катуу тартибинде тарбияланат. Аны көөп кетпесин деп чектеп, тыгыз көзөмөлдөп, кайтарууга алып турушкан. 1850-жылдан тартып Кудаяр өз алдынча хандыкты башкара баштайт. Мусулманкул аталык кылып турган учурда кыпчактардын тескери аракеттерин, зомбулуктарын байкайт. Анын Сарымсак (айрым булактарда Абдырахман) баш болгон эӊ жакын адамдары Мусулманкулдун колунан каза тапкандарын көрөт. Ошондуктан апасы Жаркынайымдын да, анын да кыпчактарга болгон кеги, таарынычы сакталып калат. Натыйжада 1853-жылы Мусулманкул баш болгон кыпчактарга чоӊ кыргын салып, 20 миӊдей кыпчак кыргынга туш болгону тарыхта маалым.
Кудаяр бара-бара бийликке мас болуп, соодагерликке ыктап, базарларга, күркөлөргө ээлик кыла баштайт. Мындан сырткары ал катынпоз болуп, гареминде 40-50 чамалуу өӊдүү-түстүү кыздар болгон. Карапайым элди ашыкча кыйнап, эзген учурлары 1850-жылдардын аягына туура келет. Анын элге, айрыкча кыргыздарга болгон зулумдугунун натыйжасында үч жолу тактан түшүп, кайра хан болгон. 1875-жылы 22-июлда Кудаяр хан акыркы жолу тактыны таштап, орустардын ээлигиндеги Ташкенге келген. Орус бийлиги аны үй-бүлөсү, жакындары менен Оренбург шаарына үй камагына жиберген. Москвадагы аскердик архивден Кудаяр Түркстан генерал-губернаторуна, Оренбург генерал-губернаторуна «Коконго барып жашаганга уруксат болбосо, Москвада жашаганга уруксат бергиле» деп жазган каттарын окудум. Эмнегедир орустар анын Москвада жашашына уруксат берген эмес. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде ал Оренбургдан качып, Индия аркылуу Меккеге барып, бир-эки жылдай жашап калат. Ферганада кордук көргөн адамдар Кудаяр ханды ал жактан көрүп калганда сабагандыгын айтышат. Түркиялык Абдырахман эфендиге «мен элди зулумдук менен башкарган экенмин, Ферганага бара албайм» деген өкүнүчүн айткан. Абдырахман эфенди «кайрадан Коконду ээлеп, хан болуу ниетиӊ барбы?» деп сураганда, «бар, эгерде түрк султаны жардам берсе ээлеп алсам жакшы болот» деп жооп берген. Бирок ал тилеги ишке ашпай, 1881-жылдары Ооганстанга келип Корух деген айылда жугуштуу оорудан улам каза болот. Көргөн адамдардын айтуусу боюнча, ал каза болгондо жанында жүз дилдеси (тилла) калыптыр деп айтышкан. Анын жыйнаган байлыктары Кокон хандыгында калган. Оренбургдан качып кеткенде кыймылсыз мүлкү, 12 миӊ дилдеси калгандыгы айтылат.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(17)
01.06.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Кудаяр хан белең"- деп урушуп калчу мугалимдерибиз. Өз билгенин жасаган ээн баш болгон да Кудаяр да.
01.06.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудаяр хан болуп кетсен дагы, "уч коргонун" корсотом деп илгеркилер бири бирин урушурп калчуу эле) Убагында кыргызымдын баатырлары каалаган учурда Коконго барып, бийликти алмаштырып турушчуу экен, хан тукуму хан болуш керек деген тушунук ошол убакта катуу сакталгандыктан, кыргыздар Коконду басып алса дагы оздорунон хан которо алышкан эмес.
01.06.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондой кыйын эн баш болуп журуп дейдип отуптурда ааламдан.
01.06.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасы Шералы Таласта оскон Таласта оскон эле дей беришет тарыхчылар. Таласта оскону менен кыргыз элине кийин хан которулгондо жакшылык кылганын бир жерден окуган жокмун. Бул биздин тарыхчылар айта турган соз эмес. Кудаяр хан бирок кийин озун тарбиялаган Мусулманкулду олтургон.
01.06.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канкор болгонда.кыпчакты кырып салганго.Мусулманкулду таш менен бастырып соокторун сындырып олтургон.За то тарыхта калган
01.06.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулназ,Базаркул. Кыпчакты Кудаяр эмес кыргыз,озбек,тажиктер биригип кырган. Алар тынч жашабай бийлик талашып ортого от жагып согуш чыгара берип тажаткан. Кыпчак кыргынында 3 млндой кыпчак кырылган. Тактап айтканда геноцид болгон. Калгандары озбек кыргызга синип кетип эми эми кыпчакмын деп калышты.
01.06.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нузупту олтуртконун окуганымда канырыгым тутоп аябай жаман болгом атасы Шералынын
07.06.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Odik11,мен да ыйлап алгам.
02.06.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо сураныч гезиттеги программаны тактап жазгылачы,айрыкча ОРТ менен ЭЛТР дикин. Кутуп отурсан такыр башка нерсе башталып кетет.
02.06.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
reina90, саламатсызбы!
Бул тууралуу купуяма кененирээк маалымат берип койсоңуз.
02.06.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базарда элди камап алып.бирда кыпчакты калтырбай башын алган Кудаяр хан да
03.06.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
илгери так деп атасы баласын олтургон экен султан сулайманга окшоп жанындагы он кол сол колдор аялдары токолдору аралашып
03.06.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ханды Кудай ураарда байлыгына мас болот ...
03.06.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо булардын ( Шералы хан, Кудаяр хан ) улуту озубек болнонбу?
03.06.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orun,Султан Бабурдун тукумдары.
04.06.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу катындарды чогултуп алып эрмеги ошол болгон да.Башка эмне иш кылды эле.
06.06.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50дой сулуу кыз,жалко да... Кудаярдын озун тарыхта бачабаз деп эскерушчу эле..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо