КЛИМАКС ДЕГЕН ЭМНЕ ЖАНА АЛ КАНТКЕНДЕ ЖЕӉИЛ ӨТӨТ?

№656 29-май-4-июнь, 2015-ж

Ар бир аялдын башынан өтчү нерселердин бири – бул климакска туш келүү. Климакс деген эмне жана анын белгилери кандай? Суроолорго Бишкектеги шаардык перинаталдык борбордун акушер - гинекологу, доцент Татьяна Теппеевадан жооп алдык.

КЛИМАКС – ЖЫНЫСТЫК ГОРМОНДОРДУН ИШТЕЛИП ЧЫКПАЙ КАЛЫШЫ
Климакс – байыркы грек сөзү, бизче «тепкич» дегенди түшүндүрөт. Аялдын жыныстык системинин иштешинин төмөндөп барып токтошу. Башкача айтканда, аялдын эн бездери жыныстык гормондорду: эстроген менен прогестеронду иштеп чыгаруусун токтотот. Аталган гормондор климакска чейинки убакта аялдын организминде абдан чоӊ роль ойнойт. Айталы, этек кирдин үзгүлтүксүз келишине, май алмашуу менен сөөктүн тыгыздыгынын сакталышына таасир этип, кан тамырларда шлактардын топтолушунун алдын алат. Теринин серпилгич, нервдердин бекем болушуна да салымы бар.
Климакс кезинде эстроген менен прогестерондун бөлүнүп чыгышы токтогондуктан, аялдын организминде өзгөрүүлөр жүрө баштайт. Гормондор жок этек кир келбей калат, демек, эне болуу мүмкүнчүлүгү токтойт. Май жана зат алмашуу бузулуп, аялдын денесинде май топтоло баштайт. Сөөктөрдүн тыгыздыгы начарлап, жыныс кыны менен жатынынын өлчөмү кичирейет. Булчуӊдар бошоӊ тартып, заара ушатуу көбөйөт. Бул өзгөчө көп төрөгөн жана жатыны ылдый түшкөн аялдарда сезилет (айрыкча кара жумуш жасаганда, оор көтөргөндө, көп басканда).
Климакска кээ бирлер эрте туш келсе (35-45 жаш), кээ бирлер кеч тушугат (55-60 жаш). Ошондой эле бирөөлөрдө бул процесс жеӊил өтсө, башкаларда орто же оор өтөт. Бул аялдардын организминин өзгөчөлүгүнө, өнөкөт ооруларынын аз же көптүгүнө, тукум куучулукка жана башкаларга көз каранды. Орточо эсеп менен 45 жаштарда башталып, 10-15 жылга чейин созулат. Бул процессти көпчүлүгү картаюунун белгиси катары кабыл алып, кайгырышат. Климакс жаш курактык өзгөчөлүк болгондуктан депрессияга түшүүнүн ордуна, аны жашоонун жаӊы этабы катары кабыл алып, жеӊил өтүшүнө кам көрүү зарыл.

БЕЛГИЛЕРИ
Климакс оору катары эсептелбейт, бирок оорунун белгилерин алып жүрөт:

  • Тери кургайт
  • Маанай бат-бат өзгөрүп, кыжырдануу, чарчоо, тынчсыздануу жаралат (кээ бирлер ыйлаак, арызчыл болуп чыга келишет)
  • Сөөктөрдүн тыгыздыгы начарлап, борпоӊ тартат
  • Уйку бузулат
  • Бирде кан башка тээп, аял ысып, тердесе, бир туруп үшүйт. Бул 1 күндө 10 же андан ашык кайталанышы мүмкүн
  • Кан басым көтөрүлүп, жүрөктүн согушу ылдамдайт (дегеле жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгуу коркунучу чоӊ)
  • Баш ооруйт, айланат
  • Семирүү күтүлөт
  • Жыныстык кындын кургоосу, кычышуусу
  • Заараны кармай албай калуу
  • Депрессия

КАНДАЙ ЧАРА КӨРҮҮ КЕРЕК?
Гинекологго убак-убагы менен көрүнүп, анализдерди тапшыруу кажет. Кандын курамындагы гемоглобин, темир, канттын өлчөмүн билип туруу абдан маанилүү.
Климакс орто же оор өтүп жаткандарга врачтар гормоналдык дарыларды жазып берет. Бирок миома, эндометриоз сыяктуу оорусу барларга андай дарыларды колдонууга болбойт.
Заарасын кармай албай кыйналгандарга пластикалык операция сунушталат. Эгер аял жаш туруп, мисалы, 35 жашта болсо жана анда климакстык белгилер байкалса аны кечеӊдетүүчү дары-дармектер берилет.
Кофе менен чайды азайтуу зарыл. Анткени аларды көп ичкенде организмдеги кальций, магний заара менен чыгып кетип, сөөк борпоӊ тарта баштайт. Жыйынтыгында остеопороз жаралып, сөөк бат сынма болуп калат. Ошондой эле ашыкча толуп кетүүнүн алдын алып, майлуу, таттуу тамактарды азайтуу кажет. Тузду аз, ал эми жашылча-жемиштерди көп колдонуу сунушталат. Спорт менен машыгыӊыз, көнүгүүлөрдү жасап туруӊуз, сууда сүзүӊүз. Булар семирип кетүүнүн жана булчуӊдардын (алардын ичинде табарсык жана жыныстык кындын, жатындын) бошоп кетишинин алдын алат. Семирип кетүү кант диабетинин жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаралышын шарттайт.
Климакста жыныстык кын кургак тартып калгандыктан төшөк оюнунда атайын гель, дары майларды колдонуӊуз. Депрессияга жол бербей хобби табыӊыз, кызыктуу адамдар менен чөйрөӊүздү байытыӊыз жана башка.

Элдик медицина
КЛИМАКСТА ИЧИЛЧҮ ДАРЫ ЧӨПТӨР
Шалфей.
Аталган чөптүн кургатылганынан (дарыканада сатылат) 2 аш кашык алып, үстүнө 400 грамм кайнаган суу куюп, 20 мүнөттөй демдеп коюу кажет. Аны 1 күн ичинде бөлүп-бөлүп ичип түгөтүү сунушталат. Тамакка чейин да, кийин да иче берсе болот. Муну курч кармаган нефрити (бөйрөк оорусу) барларга колдонууга болбойт.
Койчу баштык (пастушья сумка). Кургатылганынан 20 грамм алып, ага 500 грамм кайнаган суу кошуп демдеп коюӊуз. Анан 1 күндө 3 маал 100 граммдан тамак алдында иче берсе болот.
Розмарин. Бул өсүмдүктүн кургатылган 30 жалбырагынын үстүнө 100 грамм таза спирт куюп, 2-3 күн караӊгы жерге сактаӊыз. Даяр болгон ачытмадан 3 маал тамактан мурун 25 тамчыдан ичүү зарыл.
Чөптөр топтомунан дары. Кургатылган долононун (боярышник), ромашканын, дүлөй чалкандын (пустырник) ар биринен 1 аш кашыктан алып, 3 стакан сууга салып, бир кайнатып алуу керек. Анан сүзүп алып, 3 маал бөлүп ичип түгөтүү кажет. Бул тамактан кийин ичилет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
01.06.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun keneshko rahmat.
01.06.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mm.jakwi eken.
02.06.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кези келсе ар бир аядын башынан отчу нерсе. Климакс жонундо алгач ирет курбумдун апасы климакс болуп 15мкунчо ооруп жургондо укканмын. Ал кезде студент элем. Негизи 50-55 жаш аралыгы норма экен.
02.06.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
35 жашта башталса болбой калат го... Аялдын толуп- болуп турган өрт убактарынан да:). Мен 35 тен ары төрөйм деп атса... Апам 40 жашында төрөгөн акыркысын;)
03.06.2015. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara81,Апаныздын 40 жашында торогону жакшы, бирок атанызга рахмат айтын. Апаныз 40 жашта торосо, анда атаныздын жашы кеминде 45 болсо керек. Бул жашта торосо, анда атанызга рахмат... Менимче тушундунуз....
06.06.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dastanbik, менин абам 78 жашта жакында жаш аялынан уулдуу болду, чон энебиз отуп кеткен эле 7 жыл мурда. Абабыз вообше тополон кылып анан уйлонуп азыр шайыр.
07.06.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldar87, 78 деги чаль ооо киннекс китебине киргизиш керек екен аванызды элдик кабарга жонотуп койбойт белениз телефонду сиз утмаксыз
02.06.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңеш экен, бир аз кабарым бар болчу, эми толук билип алдык, рахмат. Көпчүлүк аялдарда 50 жаштан ары башталат го.
04.06.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maratsaikal, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 10 күн БАН!
04.06.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гинеколог-эндокринологго көрүнүү керек,климакс курагындагы аялдар. Ал организмдеги озгорүүлөрдү аныктап, ошого ылайык кеп-кеңешин берет.
05.06.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен.Ар бир аял затына келуучу нерсе.
17.02.2025. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы. мен 41 жаштамын. климакс башталган учурум го деп ойлойм. бир ай айыз корсом, кээде 2 ай корбойммун. кээде таксикоз башталагандай конулум айланып, ар кандай жыттар жакпай калат. тамактангандан кийин кадимкидей конулум айланат, ушул туура эле корунушпу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо