ЖЫГАЧТЫН КҮЛҮ ЖАШЫЛЧАЛАРГА КУРТ ТҮШҮҮДӨН САКТАЙТ

№656 29-май-4-июнь, 2015-ж

Мешке же очокко жагылган жыгач отундун күлү огород үчүн пайдалуу. Анткени анын курамындагы кальций, фосфор, магний, кремний, күкүрт, бор, марганец жана башка заттар жыгач күйгөндөн соӊ күлгө өтөт. Аталган заттар өсүмдүктөрдүн өсүүсү үчүн азык болуп берет. Болгону таштандылар аралашпаган таза күлдү колдонуу кажет. Күл ошондой эле кышкыга деп сакталган жер төлөдөгү жашылчаларды чирип кетүүдөн сактайт.

Мөмө-жемиш даракта­рына, жашылчалардын көчөтүнө. Көп жылдан бери өсүп турган чоӊ дарактардын ар би­ринин түбүнө жазгысын 1 килограммдан таштоо зарыл.
Көчөттөрдү отургузууда ар бир түпкө электен эленген күлдөн 1 аш кашыктан салуу талапка ылайык. Бул топурактагы оору чакыруучу микроорганизмдердин көбөйүп кетүүсүн алдын алат жана жаш көчөткө азык болот.
Картошкага. Картошканы отургузардан мурун ар бир чуӊкурга 4 аш кашыктан, ал эми түбүн чаап жумшартуу учурунда ар бир түбүнө 2 аш кашыктан таштоо кажет.
Жер төлөдөгү жашылчалар чирип кетпеши үчүн. Жер төлөнүн бурчтарына кышкысын сакталсын деп салынган картошка, түрп, сабиздер чирип кетпеши үчүн күл себилет.
Үлүлдөрдү качыруу үчүн. Эгер огородуӊузга тигилген болгар калемпирин, помидорду жана башкаларды үлүлдөр жеп башташса, анда жөөккө жана жөөктөрдүн тегерегине күлдү себелеӊиз.
Мөмө дарактарды жана жа­шылчаларды зыяндуу курт-ку­мурскалардан сак­тоодо. 300 грамм күлдү элеп алып, аны 3 литр сууга кошуп 30 мү­нөт жай отто
кайнатуу керек. Кайнагандан кийинки калган аралашманы сүзүп, 10 литр суу жана алдын ала эзилген 1 самынды кошуп, кечкисин дарактарга, жашылчаларга чачуу сунушталат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(5)
01.06.2015. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен рахмат супер инфо.
02.06.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген жакшы нерсе турбайбы ошондой эле кылыш керек экен,
05.06.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер Инфо!Рахмат жакшы информация экен, анан менин сурайн дегеним биз кобунчо тезек жагабыз жана кышы менен айдоого огородко жайып тогуп чыгабыз,жерди жумшартат дешет,тезектин кулунун пайда зыянын айтып коесуздарбы? Рахмат
05.06.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdurahman, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
05.06.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атаандашып алмага.
Ызычуу кылды жер жемиш.
Койкоюп алма бутакта.
А биз куурап жердебиз.
Анысы ас келгенсип.
Каптады бизди жөргөмүш.
Көрүнгөн куртка жем болуп.
Жата беребизби эмне биз.
Жайында жакшы карабай.
Күз келсе бизден көрбөңүз.
Талады бизди Жук деген.
Тамтык жок тешик бүт денем.
Талаада калган немени.
Жоготпойсуңарбы күч менен.
Бөтөлкөгө чогултуп.
Сайгылап кыйна шиш менен.
Алысыраак ойносун.
Теңтуш болбой биз менен.
Кылсаңар жакшы закуска.
Карабайсыңарбы деди капуста.
Кийип алып халатын.
Кемпириң кылат салатын.
Даярдап алат эмеспи.
Камдап кышкы таматын.
Памидор уршту үй ээсин.
Давай кемпириңе каратың.
Катардан калбай бадыраң.
Каарданып баштады.
Чукуп чыгып былыкты.
Бакалажанга таштады.
Айтпайын ашып артык кеп.
Айтпагын мени тантык деп.
Аркы терки тешкилеп.
Денемде тамтык көп.
Балдарың отойт күнүгө.
Картошканы менден артык деп.
Картошка айтты арманын.
Кетти дейт менин дарманым.
Чакалап чачсаң дагы.
Тайфунуң бербей жардамын.
Унчукпай турду чиснок.
Курт пурт менен иши жок.
Өзү эле өсө берет экен.
Караган деле киши жок.

Алтынбек Эгембердиев.
Тел: 0776337212.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо