ЕАЭС: МИГРАНТТАР КАНДАЙ ЖЕӉИЛДИКТЕРГЕ ЭЭ БОЛУШАТ?

№656 29-май-4-июнь, 2015-ж

«Евразия Экономикалык Союзу жөнүндө» келишимдин 26-бөлүмүнө ылайык, ЕАЭСтин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартибин кыйла жеӊилдеткен шарттар түзүлөт. Ал шарттар келишим Орусия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын парламенттеринде бекитилген соӊ күчүнө кирет.

КАТТООСУ ЖОК КАНЧА КҮН ЖҮРҮҮГӨ БОЛОТ?
ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн аймагында 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүүгө уруксат берилет. ID-карт паспорту менен баргандар миграциялык картаны толтурушу кажет. Чет жерлик паспорт менен барса, ал картаны толтурбай койсо деле болот. 30 күндөн ашканда каттоого туруу зарыл. Мыйзамдуу түрдө 90 күнгө чейин жүрө алат. Андан ары эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүү керек. Эмгекчи-мигранттын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн убактылуу жүрүү мөөнөтү иш берүүчү менен түзгөн эмгек келишиминин мөөнөтү боюнча аныкталат. Мигрант өлкөгө кирген күндөн 90 күн өткөндөн кийин эмгек келишими мөөнөтүнөн мурда бузулса, ал 15 күндүн аралыгында жаӊы эмгек келишимин түзүүгө, ошол эле учурда башка иш берүүчү менен мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.

ЭМГЕКТЕНҮҮ ҮЧҮН УРУКСАТ АЛУУ ЖОЮЛАТ
Мигранттарды ишке тартуу чектөөнү эске албастан ишке ашырылат жана эмгектенүү үчүн милдеттүү уруксат кагазын албай эле ишке орношууга болот. Патент алуу жана сынак тапшыруу жоюлат. Педагогикалык, юридикалык же медициналык билими тууралуу дипломдордон тышкары, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген документтер таанылат. Мугалим, юрист жана медиктерге квалификациясын тастыктоо үчүн кошумча сынак тапшырууга туура келет.

АКЫСЫЗ МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛӨБҮ?
Мигранттар ишке орноштурган мамлекеттин жарандары менен бирдей деӊгээлде профсоюздарга кирүүгө укуктуу. Алардын балдары ишке орноштурган мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык, мектепке чейинки мекемелерге барып билим алышат. ЕАЭСке мүчө мамлекеттер мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык тез жардамды өз жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруу полисинин бар-жогуна карабастан бекер пайдалануу укугун берет.

«КАРА ТИЗМЕ» МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?
ЕАЭСке мүчө болуу менен «кара тизме» маселеси дароо чечилбейт. Айрым кыргызстандыктарды андан чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатат. Маселен, Кыргызстандын жаранынын никеде турган түгөйү Орусиянын жараны же Орусиянын окуу жайында окуган кыргызстандык студент болсо, «кара тизмеден» чыгуу жагы каралат. Депортацияланган жарандар Орусиянын аймагына паспортундагы жеке маалыматтарын өзгөртүү менен кирүүгө аракет жасаса, ал жазаланат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(49)
01.06.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кыйла женилдиктер болуптур.
01.06.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 5 жыл чыдасан сага жоюлат. Жакшы болду эми кара тизмеге киргизип жатат бекен ким билет супер
01.06.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепке чейинки мекемелерде окутат дептирго! Ошондо балдар бакчасына экенда.
01.06.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уф эми качан кучуно кирет экен ....куто берип чарчадык
01.06.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЕАЭС ке кошулуу 2айга калыптыр деген имиш каттуу журуп атат го...сиздерде кандай болтат элдер
01.06.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мигранттарга го женилдик болуптур.Бирок омур бою мигрант болуп журо бермек белек.Мамлекетибизге канчалык денгээлде пайда зыяны болоор экен деп ойлонуп жатам.Базар менен тиричилик кылып жаткан элибизге Кытай,Турциядан товар алып кируусуно кыйынчылык туулуп калбас болду бекен.Россия озунун продукцияларын экспорттоп киргизсе айылда турган пенсионерлердин акчасы жетээр бекен,сатып алганга.Же ошого жараша пенсия,айлык акыларды которуло бекен?Ким билет,ким билет...
01.06.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mega777,эн туура соз
02.06.2015. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mega777,+++++
01.06.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан ратификация кылат экен билгендер жазып койгулачы биз Москвадагылар чарчадык куто берип
01.06.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Черный список маселесин чечип берсе экен
01.06.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир Сариев айтты июнь айынын аягына чейин толук кандуу мучого киребиз-деп.
01.06.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздарды кара тизмеге киргисе экен
01.06.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rasul-kg,кыздар сага тийишип жатабы??
07.06.2015. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALSU2010,жоок кочодо кыздардын журуш турушун ккарасан
01.06.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rasul-kg, туура айтасын жашы 24ко чейинкилерди
01.06.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iliaz-sng,дагы не? Мышык майга жетпей, сасык дептир.
04.06.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz., мен мага жеипей деп окуп алыпмын.
01.06.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан кучуно кирет? Патент сурап эле жатышатго?
01.06.2015. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо любой эле иш канага документсиз кирууго болобу мага тушунук берип коюнуздарчы анча тушуно албай турам Россияга барып калсам эгер не кылышым керек 30 кун документсиз журом андан тышкары ишке кирип жаш балам бар садике киргизгени кандай болот ошондо? Алдын ала рахмат жообунуздарга!!!
03.06.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aksy-13,ооба эгер сиз Оруссияга барсаныз
дакумент кылбай 30кун журо алат экенс,анан
Ал кун буткондон сон 90кунго узартып дакумент
жасайт экен.Баланызды садике кадимкидей
Орустатардын жаранындай кеенири киргизе алат
экенсиз.тушунугум боюнча
02.06.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо мигранттар да балдарын садике киргизе алабы?
02.06.2015. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам суперчилер,мага жооп берип коюнуздарчы,отунуч.союзга кошула элек убактагы алынган патенттерге ,азыр да акча тогуш керекпи,
02.06.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batma200294, саламатсызбы!
Жарандар Кыргызстан ЕАЭСке кирмейинче мыйзамга ылайык төлөшөт.
02.06.2015. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар кагаз түрүндөгү мыйзамдар. Иш жүзүнө келгенде жумушка патенти жок кире алганыбыз менен, ооруукана, бала бакчада ж.б жайларда экинчи сорттогу адамдай кабылдашат. Же болбосо шарты начар жайларда тейлешет, акчаны болсо талап кылып.
02.06.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЕАЭСке кире электе эле биздин паспорттор коншу олконун мигранттарына,атургай бир жолу Россияда жургон Озбекстандык мафиоздордун жанынан кыргыз паспорту чыккан эле.Эми балее болуп дагы сатыла баштабаса эле болду озбек,тажиктерге.Ушул жагын да караш керек бийлик.
02.06.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепке мурда деле окуйт элегл
02.06.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алат мурда деле алган
03.06.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии десе эми озбек тажиктер кыргыз жеринин паспорт алып барат окшойт а россияга
03.06.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аксы-13 туура айтасыз!Алар Кыргызстандан паспортту "бесплатно" аласын деп мазакташат экен имиш.Уят бирок Уят.Анан кылмыш иши болгон жерден ким экен десе,КРнын жараны деп бизге эле соз тиет!!!
03.06.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuranna_93_kg,туура айтасыз. 1999-2000-жылдары да Баткенде кыргыз пасспорттору массалык турдо тажиктерге сатылган. Ал убакта Орусияга барып иштоо биздин тушубузго да кирчу эмес. Тажиктер кыргыз пасспорт алып Орусияга кетип жатышыптыр десе ии деп эле койчуу элек. Корсо ошол маалда эле кыргыз жарандарына Орусияда женилдиктер берилген экен.
03.06.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyiyn boldu kara tizmedegilerge.alardyn maselesini 4e4ip koiuwsa eken ertereek
03.06.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы нерселер каралыптыр мигранттарга бирок ЕАЭОго киргенден кийин Кыргызстаныбызда дагын кымбатчылык башталабы эмне ия . Анда кандай болот кыргыз жерибизде эмгек акы деген томон,пенсия кийинки айга жетпей элдин турмушу кандай болот экен деген койгой кыйнап атат мени
03.06.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолордун бири орусиянын жараны болсо еаэс кирбесе да чыгарылат жана кыргызстандын жардамысыз эле чыгарып жатышат жон гана фмске арыз менен кайрылса болду мин рубльга жетпеген акча кетет
04.06.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок бул айтылгандардын бири да иш жузуно ашырыла элек бирда мигрант бул кызматтарды пайдалана элек баягы баягы койчунун таягы эле боюнча
04.06.2015. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан кирет расмий турдо мисалы москвага келген кыргыз жааарандары фмстен кол койбой жатканын билдирди алар жумушка орношо албай же патент алалбай жургондор коп болууда
05.06.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ботон жерге барып кул боолуунун жолу женилдептирда ото чон иш жасап койгондой маалымдалыптырго... Уят уяалыш керек кайра . Чондор уялышсын биринчи кезекте.
05.06.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепке окуса болот экен,ата энесинин документтери таза болсо (регистрация,миграционный кар-а)дегендей
06.06.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксы-93эгер сиз Россиянын Москва шаарына келсениз баланызды садикке бере албайсыз бул жерде уч жыл мурун кезекке жазылып коюш керек,часныйлар абдан кымбат
07.06.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы суперчилер мага тушунуксуз депортатция кандай черный список кандай еко еки башка тушунукту береби алдын ала рахмат
08.06.2015. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ уже ушу еаэс кирсе тезирек кирбейби не кылышты билбей калдым документ кылсамбы же ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-08 11:24:49
08.06.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Somalimogadishu, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 8 күн БАН!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо