КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ ОЮНУНА ПЕДОФИЛДЕР «ЖАРДАМГА» КЕЛЕТ

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

Кээ бир активисттер педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча кол топтоону баштады. Эмнеге азыр жана эмнеге педофилдерге гана өлүм жазасы болушу керек деген жүйөлүү суроо туулат.

Оор кылмыш кылгандардын катары педофилдер менен эле чектелбейт. Жүз миӊдеген жарандарыбыздын тагдырына балта чапкан, кары-жашы дебей миӊдеген адамдардын өмүрүнө залака келтирген саткын саясатчыларды өлүм жазасына тартууга эмнеге болбойт?!
Карапайым адамга бул «жакшы» жөрөлгөнүн артында дагы бир чоӊ оюн жатканы алгач көрүнө бербейт…
Эсиӊиздерде болсо, педофилия жөнүндө кабарлар байма-бай пайда боло баштаган учур Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөздөр айтыла баштаган учур менен дал келип турат. Буга чейин Жогорку Кеӊештин айрым депутаттары тарабынан көтөрүлгөн педофилдерди бычуу демилгесин колдоого алуунун ордуна Конституцияга асылуунун канчалык кажети бар эле?
«Кыргызстанда мыйзамдын диктатурасы болушу керек», «Кыргызстанда мыйзам иштебейт» дегенибиз менен 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизбөө мыйзамы кабыл алынганына карабай, учурда Жогорку Кеӊештеги айрым депутаттар жана «активисттер» 24 жылдык эгемен тарыхыбызда Конституциябызды 9-ирет өзгөртүү планын ишке ашырууну көздөшүүдө. Коомчулукта бул демилге сынга кабылышын алдын алып, «акылмандар» педофилия темасын байрак кылып көтөрүп чыгышканы жөн гана дал келүүчүлүк эмес.
Жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүп гана тим болбостон, ал жазанын ишке ашырылышын да жолго салуу керек. Буга баары макул. Бирок Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиши менен айрым саясий топтор тарабынан өз кызыкчылыгын көздөгөн өзгөртүү жана толуктоолор да киргизилбейт дегенге кепилдик жок. Негизги мыйзамды улам бир жакка чоюп өзгөртө берүү мыйзамды сыйлабастыкка алып келген эӊ негизги факторлордун бири.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
08.06.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саясат аралашпаган бир таза нерсе барбы өзү?Педофилдерге кошуп ошол ХХХ баарын ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-06-08 11:22:52
08.06.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigitronic, провокацияга жол жок! Эскертүү!Билдирүүңүз түзөтүлдү!
08.06.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлүм жазасын киргизүү керек!!!
08.06.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай мыйзам кабыл алуудан мурда, соттордун арасында тазалоо жургузуу керек. Биздин соттор "пулун болсо кулунмун" режиминен чыкмайын педофилдерге каршы мыйзам иштеп кетиши кумон.
08.06.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктерге озунчо закон чыгаруу керек Кореядагыдай кылып.Коррупционер,уйкучу,жалганчы эл башкарууга укугу жок.
12.06.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олум жазасы ен туура
12.06.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pedofilderge-olum jazasyn kirgiziw kerek
12.06.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кошулам олум жазасын киргизуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо