-

2015-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга чет жерден
КОТОРУЛГАН АКЧАНЫН көлөмү 33 пайызга кыскарды.
-
Өлкөдө ар бир төртүнчү адам ЧЫЛЫМ ЧЕГЕТ. Тамеки тартуучулардын орточо курагы 19 жашты түзөт. Бул тууралуу Кардиология жана терапия улуттук борборунун окумуштуу катчысы А.Алтымышева айтты.
-
Билим берүү жана илим министрлиги эскертет: жалпы республикалык тестирлөөдөн 110дон азыраак балл алган БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР ЖОЖдорго тапшыра алышпайт.
-
Мамлекеттик башкаруу академиясынын экс-ректору ЧЫӉГЫЗ ШАМШИЕВ издөөгө жарыяланды.
-
«КЫРГЫЗАЛТЫН» каржылык маселелеринен улам кызматкерлеринин айрымдарын 4 сааттык иштөө режимине которду.
-
ИИМ башчысынын орун басары Курсан Асановдун айтымында, 2015-жылдын 4 айынын ичинде өлкөдө 42 жашы жете элек бала ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН.
-
Бишкекте жайында 3 миӊдей баланы камтый ала турган 44 мектеп ичиндеги ЛАГЕРЛЕР ачылат.
-

Жогорку Кеӊештин депутаты
ШАРШЕНБЕК АБДЫКЕРИМОВ Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти болуп шайланды.
-
«ДОРДОЙ» базарында товар айландыруу 80 пайызга чейин түшүп кетти»,- деди аталган базардын профсоюзунун жетекчиси Д.Дөөлөталиева.
-
«Өнүгүү-Прогресс» жана «Улуттар биримдиги» 2013-жылкы макулдашуусун бузушуп, ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО өз-өзүнчө бармай болушту. Аталган партиялардын лидерлери Бакыт Төрөбаев менен Мелис Мырзакматов экени маалым.
-
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ өз фондунан жетим жана ата-энесинин кароосу жок калган балдар үчүн Тоголок Молдо атындагы жатак мектебине 700 миӊ сомдук материалдык жардам көрсөттү.
-

Премьер Темир Сариевдин айтымында, 15-июндан 15-сентябрга чейин Ысык-Көлдө жайгашкан
ПАНСИОНАТТАРДЫ мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүгө тыюу салынды.
-
«Өлкөдө жылына 150 миӊдей АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮК берилет. Анын 11 миӊи өз алдынча үйрөнгөндөр. Эӊ кызыктуусу, эч бири сынактан да кулап калбайт»,- деп таӊ калды Жогорку Кеӊештин депутаты Кенжебек Бокоев.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg