«МЕГАКОМ» САТЫЛАТ

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

Өкмөттө «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун («Мегаком») менчиктештирүү боюнча экономика министри Олег Панкратовдун сунушу каралды. Министрдин билдиришинче, аталган компания 2015-2017-жылдары жеке менчикке берилүүчү объектилердин тизмесинде турат. «Санариптик телеберүүгө өткөндөн кийин жыштыктардын бир бөлүгү бошойт. Айрым байланышсыз аймактар бар, калкка байланыш кызматын көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу керек. Бардык аймактарда Wi-Fi жана 4G болушу шарт»,- деди министр.
Премьер-министр Темир Сариев «Альфа Телекомдун» бардык кирешеси өлкө бюджетине түшүп, мекеменин өзүн өнүктүрүүгө каражат жетишпей жатканын белгиледи. «Эгер ушул багытта кете берсек, анда 2 жылдан кийин «Мегаком» кирешесиз мекемеге айланат. Компанияны мамлекеттин эсебинен колдоону баштасак, кыйынчылыктар болушу мүмкүн»,- деди Сариев.
Жыйынтыгында өкмөт мүчөлөрү аталган компанияны жеке менчикке сатуу демилгесин бир добуштан жактырышты.
Экономика министри Олег Панкратов компаниянын баасы канча болору азырынча белгисиз экендигин айтты. Жогорку Кеӊеш сатуу демилгесин колдосо, компания сатыкка чыгарылат. Бийлик буга чейин «Альфа Телекомдун» 49 пайыздык акциясын 100 миллион долларга чукул баага сатууга аракет кылган.
Эске салсак, 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт «Мегаком» уюлдук операторунун 49 пайыздык акциясын улутташтырууга жетишкен. 2014-жылдын июль айында болсо Бишкектин райондор аралык соту компаниянын калган 51 пайыздык акциясын аресттен чыгарып, муну менен мамлекет компаниянын жалгыз кожоюнуна айланган эле.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(11)
08.06.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатпаган мегаком эле калды эле
08.06.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Картошкөң сат, наның сат, денеңдеги каның сат,
Жанталашып жаның сат, байыймын деп баарын сат.
Аның сатпай мунуң сат, латунаң сат,метиң сат,
Бир өпкөнгө бетиң сат, коюң союп этин сат,
Түндүгүң сат, үйүн сат, коломтодо күлүң сат,
Баарын сатып бүткөн соң оо, КЫРГЫЗЫМ!
– Колтугуңдун жүнүн сат эй!
Сат, сат, сат, сат, сат!
08.06.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саткылааа баарын саткыла бир тууганыны сат баланы сат апаны сат анан качып кет Россияга же башка жака
08.06.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо бизге wi fi келип калабы?
08.06.2015. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатпаганы ошол эле калделе.качан сатып аласынар озу баарын сата бербей сатып алгылачы
15.06.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sna_kg, Сатып алам дегенди камап коюштуго.
09.06.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе калбай калгана калды Кыргызстанда эми Ыссыккөлгө коз арып жатышат,кудай сактасын эми биздин бийликтеги төбөлдөр аны да сатып жиберсе анда бизден кийинки муундарда, кудай да кечирбейт эч качан.Темир Сариевди колойлучу эл журт, ошол киши бул мите курттардын тубуно жетет, ал кишиге колдоо жок болуп жатат!!!
09.06.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кирешесин даарын жей бербей онуктуруугода жумшагылада.
10.06.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, өтө кызык .....
12.06.2015. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан жакында жок болот.бизди кулчулукка сатат да оздору качат.элдин акчасын жеп.
29.06.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатат кааласа кайра сатип ийет, кааласа кайра сатып алат! Как футбольный мячик молодцы ребята
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо