ПАСПОРТТОРДУН ЧУУСУ УЛАНУУДА

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

Жогорку Кеӊештин 3-июнундагы жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берген фактылары жөнүндө маалымат угулду. Жыйында жарандарга паспорт берүүдө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын Ички иштер министрлиги айтып чыкты. Министрликтин маалыматына ылайык, мыйзамсыз берилген 271 паспорт боюнча тергөө иштери жүрүп, 11 адам камакка алынган. Алардын арасында 1 эле жарандын 4-5 жолу паспорт, 2-3 ирет жеке идентификациялык номер алган окуялары кездешет. Тергөөдө алар 200 доллардан 1500 долларга чейин пара беришкени, мындай жагдай кылмышкерлерди издеп табууну кыйла татаалдаштыра турганы белгиленди.
Ал эми Мамкаттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова «2014-жылдын октябрында жеке идентификациялык номерлерин өзгөрткөн жарандар боюнча материалдарды Коргоо кеӊешине жана Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматына өткөрүп бергенбиз. Алардын саны ID-card боюнча 6 миӊден ашуун, ал эми чет жердик паспорттор боюнча 3 миӊден ашуунду түзөт. Жеке маалыматын өзгөрткөн жарандардын саны болсо 2014-жылга карата 42 миӊ кишиден турат. Алардын арасында жеке идентификациялык номерлерин алмаштыргандар да болушу мүмкүн»,- деп, депутаттарга Кыргыз Республикасында ар бир жаран персоналдык маалыматтарын өзгөртүүгө укуктуу экенин эскертти.
Вице-премьер Тайырбек Сарпашев мыйзамга ылайык, жеке идентификациялык номерин өзгөрткөн жаран жоопкерчиликке тартыла турганын айтты. «Адам төрөлгөндө ага жеке ПИН-код берилет. Ал бул номер менен өмүр бою жашашы керек. Аны өзгөртүү мыйзамсыз»,- деди Сарпашев. Жыйынтыгында Мамлекеттик каттоо кызматына, Ички иштер министрлигине, Социалдык фондго жарандарга паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү ишин жакшыртуу тапшырмасы берилди. Андан канчалык жыйынтык чыгары белгисиз, бирок көпчүлүк жарандардын жеке маалыматтарын өзгөртүү мигранттардын «кара тизмени» айланып өтүү аракети экенин жашырып болбойт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(16)
08.06.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы деле олчойгон карупция.
08.06.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охоой коррупциянын баары ушул тармакта да.
08.06.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:(
08.06.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балый башынан сасыйт
08.06.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Паспортторду эми андан да кымбатка алмаштыра башташат экен да,бизди да кысып атат жогорку жактан демиш болушуп.....
09.06.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Паспорт же права алганы барсан кадимкидей эле базарда соода кылгандай суйлошуп жаткандарын коросун киши. 3000 мин сом менен бутот ука десе, ака кичине акчадан кыйналып жатат элем 2500 мин берейин деп.
09.06.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир досум озбекстандын кыргызстанга турмушка чыкты паспорт ала албай атат алса болобу озу билгендер барбы?
12.06.2015. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nadir27, алсаңар болот. Алгач миграция башкармалыгынан кайрылман күбөлүгүн алып аны каттоодон өткөргүлө жакын жердеги паспорт столго. Андан соң 3 ай аралыгында жараандык алуу үчүн документ даярдап арыз таштап койсоңор 9 ай, 1 жылда жараандык берилгендиги жөнүндө указ келет. Анан 1 айга жетпей ID кард келет болду.
09.06.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 jyl Kyrgyzstada jashasa vid pasport alalat
10.06.2015. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздар алсаго болоберет тажик мн озбектер алып
10.06.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidoochuluk kuboluktu kyrgyzga satsa satsyn,Kytailarga satyp jatkandy toktotup,oshonun ustunon iwteshse en birinchiden.
11.06.2015. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
паспорту кайра башка Берген да ошолор оздору да,Элди кыйнап эле атышат буларда бир кун айдалатго.озбек тажиктар россияда журушот кыргызстандын паспорту менен сатып алгам деп койушуп аябай коп.магизинди тоногонда ошолор кыздарды зордогон да ошолор анан эле новости ден коросун кыргыз деп Караман тажик же озбек ошолорду карабайбы.кыргызды кыйнабай
12.06.2015. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындык ачуу болот супер инфо ошонун ар бир адамдын ой максатын жогоруда олтурган чондорго жеткиргиле
12.06.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
feruza86, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
14.06.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pasporttu ba pravani ba eptegen abambar tez ele alat ba
23.07.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Идентификациялык номер кайсынынсы болуп калат ошондо паспортун кай жеринде ал
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо