Эльвира Сариева: «МУГАЛИМДЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨТ, БИРОК САБАКТАРДЫН СААТЫ КЫСКАРБАЙТ»

№657 5-июнь-11-июнь, 2015-ж

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 2-июнь күнү интернеттеги баракчасы аркылуу жаӊылыгы менен бөлүштү.
«Мугалимдер үчүн эӊ жакшы жаӊылык: бүгүн өкмөттүн кезексиз жыйынында орто билим берүү мекемелеринин мугалимдеринин айлыгын көтөрүүгө 2,2 миллиард сом бөлүү чечими кабыл алынды. Мектептеги билим берүүнүн сапаты мугалимдерден көз каранды. Министрлик бул жетишкендиктер менен токтоп калбайт, кийинки кезекте мугалимдердин статусун жогорулатуу боюнча иш алып барат»,- деди Сариева.
Буга чейин 2015-жылдын 1-сентябрынан тарта мугалимдердин орточо айлык акысы 50 пайызга көбөйүшү мүмкүн экендиги айтылган. Бирок өкмөт каражат табылганда гана жогорудагы токтом күчүнө кирерин белгилеген эле.
Эльвира Сариева мугалимдердин арасында жүргөн сөздөргө да жооп берди: «Айлык акынын көлөмүн ылдыйлатуу үчүн окуу сабактарынын сааты кыскартылбайт. Жакында эле Кыргыз билим берүү академиясы Туруктуу окуу планы боюнча өз көз карашын билдирип, анда ушундай кыскартуу каралган болчу. Дал ушундай жыйынтыктын айынан биз долбоордон баш тартып, кайра иштеп чыгууга жөнөттүк. Туруктуу окуу планы боюнча документ 2015-жылдын аягында кабыл алынат»,- деди министр.

 

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
08.06.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо бюджетте каражат жок эле куру "обещание" берип жатабы???Каражат табылганда дегенин кандай тушунобуз?Жонокой соз менен тушундуруп койгулачы байболгурлар???
08.06.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira1989,2,2 миллиард сом бөлүнгөнгө чейин айтылып жаткан "каражат табылганда" деп...
08.06.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОРТ боюнча да макала жазсаныздар,кунгой тескейи
08.06.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ бул министир да кыйратпайт ко мугалимдердин айлыгын котордук деп мурункусунда элди алдап кайра мугалимдердин айлыгынан кыскартып майрам кундору толонбойт деп уурдап жатты эле мугалимдер айлыгы кобойгондун ордуна азайыпкетти эле
08.06.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми да кантип баш айланмаларынарды кылып мугалимдердин айлыгын кантип жешип койсок экен деп жатсанар керек дагы мактанып коюшат кыйраткансып кобойттууууук деп канан кобойтконунор.мунусунда кыйратпайсынар
08.06.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мугалимдердин айлыгын кобойткондун ордуно булар кайра кантип азайтсак деп баш катырып жатсанар керек .уяяяяят дагы мактанып жанылыктарга бергенинер.
09.06.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вообше то буларга айлык бербеш керек, арак ичип кабинетинде уктаган директорлор бар
09.06.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyay, Айлык бербесе бекер ким баланды окутар экен
10.06.2015. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyay,ошондой 2-3 дироктордун айынан бутундой мугалимдерге айлык бербеш керек деген акылына баракелде
09.06.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
күздөгү шайлоого карата айлык-маяналар көбөйөт, анан бюджет танкыстыгы деп шайлоо бүткөндө азаят....
11.06.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мектепте иштегениме 21 жыл болду,айлык акынын аздыгынан бир да жаш агай мектепке иштегени келген жок.Союздун агай эжейлери акырындап пенсияга кетип жатышат,балдарды окутууда,билим беруудо кризис эми башталчудай.Мамлекет болсо айлык акыны кыйратып деле которо элек,айлык тийгенче коруногн дукондон карызга продукты аласын,комиссиясы,газетага тутмай,кыскасы толгон токой маселелер ...Кайран мугалимдер аброюн кун санап тушуп баратат,оорунду колдон,женилинди жерден алган заман келээр бекен?...
29.06.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылсайын мугалимдер менен врачтардын айлыгы кобойтот! А маданият -Куйгон жоксунарбы? Анда куто тургула!Же маданияттагылар тамакты аз жеседа!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо