Жанар Акаев, Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы: «ЖАӉЫЧА ОЙЛОНГОНДОРДУН ДООРУ БАШТАЛДЫ»

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Жанар Акаевди буга чейин элдин үнүн бийликке жеткирген курч журналист катары таанысак, азыр аны президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын мүчөсү катары билебиз. Жаӊы кызмат жаш инсанды кайсы жагына өзгөртүп жатат? Жанарга бир катар суроолорду жолдодук.

– Жанар, журналистикада жүргөндө бийликти бир топ «чымчып» коёр элеӊиз, азыр өзүӊүз бийликтеги адамдардын жанындасыз. Кандай айырма бар экен, кыйынчылыктар болуп жатабы?
– Ар бир жаӊы ишке көнгүчө кыйналбай койбосоӊ керек. Менде башынан эле аркы жээк, берки жээк деген түшүнүк жок, жасаган ишим Кыргызстанга пайдасы тийсе болгону. Кайсы кесипте же кандай кызматта болбоюн, жасап жаткан жумушум элге, өлкөгө пайдалуу болсо, кыйынчылыктарга, сыноолорго чыдаймын. Чынында, мамлекеттик кызматтын сырларын, аки-чүкүсүн жаӊыдан үйрөнүп жаткан убагым. Айырмасы, албетте, асман менен жердей. Мурда саясатка, окуялар менен көрүнүштөргө журналисттин көзү менен карап келсем, эми мамлекеттик кызматкердин көзү менен карай баштадым. Жоопкерчилик сезими абдан күчөдү.
– Жанар Акаев дегенде «Ыӊгайсыз суроолорду», криминал, коррупциялык иштер боюнча элдин эсинде калган иликтөөлөрдү түшүнчүбүз. Мындай материалдарды даярдоо оӊой эмес болсо керек?
– «Ыӊгайсыз суроолордон» кийин телефонумдун жаагы басылбай, мактаганы да, капачылыгын айткан саясатчылар да болчу. Эки тарапка теӊ бирдей сөз бергеним үчүн капа болууга акылары жок эле. Айтышта жеӊилип калса, ал менин эмес, саясатчынын проблемасы да, чынбы? Ал эми иликтөөлөр негизинен карапайым адамдардын, жабыркагандардын таламын коргоо багытында жасалчу. Бирөөнүн маӊдай тери менен тапканын тартып алып, арам тамакка көөп, бирөөнүн ырыскысына кол салгандардын абийирин ачкым келчү. Бул максатым азыр да калган жок.
Бир учурда капкара көз айнек тагынып, кымбат иномаркаларда жүргөн, колтугунан тапанчасы култуйган бандиттер өспүрүмдөр үчүн мода боло баштаган. Мен аларды жек көрсөтүп, билимге умтулган, окуган жаштар өрнөк болушун, идеал болушун каалайм. Криминалдын өкүлдөрү иш кеӊсебиздин алдына чейин келип, эскертүү берип кеткен учурлар болгон. Коркуткан СМС билдирүүлөр келчү, бул маалымат милицияда да бар. Бирок андай коркутуулар курч журналистиканы мокото албайт, корксоӊ анда кесиптен кетишиӊ керек.
– Президент менен иштөө кандай экен?
– Президент – жөнөкөй инсан, ошон үчүн ал киши менен иштөө мен үчүн татаал эмес. Баары оӊ жолго түшсө экен, коомубуз жаркын маанайга жетсе экен деген мамлекет башчынын ниети бар экенин мурда эле байкачумун. Ал баарыбыздан чындыкты талап кылат, бардык ишке көз салып, күйүп турат. Башкысы президентке ар бир жолу киргенде анын насаатын угуп, бир нерсе үйрөнүп калууга жанталашам. Көз карандысыздыкты бекемдөөгө, улуттук экономиканы көтөрүүгө, коррупцияны жоюуга өлкө жетекчилиги жан үрөп жатканда кол кабыш кылуу ар бир кыргызстандыктын парзы деген пикирдемин. Мен мурда эл аралык компанияда иштегендиктенби, дүйнөдөгү окуяларга тыкыр көз саламын. Азыр канчалаган мамлекеттин тагдыры жарга такалды, ыдырап кетүү абалында турушат. Андай коркунуч бизде жок дейсизби? Кыргызстандын акырындан болсо да өнүгө баштаганы кээ бирлердин ичин тарытып жатканы маалым. Мындайда улуттук ынтымак, ар бирибизден аз да болсо жоопкердик сезимибиз керек. Биздин Кыргызстандан башка жерибиз да, мекенибиз да жок. Бул нерсени айрыкча сыртта жүргөндө даана сезесиӊ.
– Мамлекет башчысы жанына көбүнесе жаштарды топтогонун коомчулук жакшы саамалык катары кабылдап жатат. Бийликке жаштардын жоон тобу келсе, өргө карай жылабыз деп ишенесизби?
– Билимдүү, мекен деп күйгөн жаштардын мамлекеттик жооптуу кызматтарга тартылышы, ошого өлкө жетекчилигинин шарт түзүшү мени да кубандырат. Ошол эле убакта жаштардын баары эле таза, мекенчил деп айтууга болбойт. Азыр пара менен кармалгандардын арасында да билимдүү жаш аткаминерлер учурап жатканы өкүндүрөт. Же болбосо казынаны уурдап, ал турсун элди экиге бөлгөн саясатчыларды колдоп, ошолор гана мамлекетти адилет башкармак деп мактап жаткан жаш журналисттер да жок эмес. Азыр чынчыл, билимдүү, бир дубандын эмес, бүт өлкөнүн кыйырында ой жүгүртө алган жаштардын заманы келе жатат, ошолорго шарт түзүлүүдө. Саясий элитаны жаӊылоо аракети мамлекет башчысынын демилгеси, мен билгенден бул иш уланат.
– Чет жакта билим алып, мактанарлык ийгиликке жеткен кыргыз жарандары аз эмес, аларды чакырып, өлкөбүздү көтөрүүгө тартса болбойбу?
– Дүйнөдөгү абройлуу окуу жайларда окуган кыргыз жаштарынын катары калыӊдап баратканы абдан кубантат, алардын билим-тажрыйбасы Кыргызстанга абадай эле керек. Бирок четтен билим алган жаштарыбыз бизди мамлекет чакырып, кызыл килем менен тосуп алып, Өкмөт үйүнө ишке жайгаштырыш керек деп күтпөшү керек. Кыргызстанга чындап жардам бергиӊ келсе, мекенге кел да, өз пайдаӊды тийгиз. Эмгекти сөз жок бийлик да, эл да байкайт.
– Кыргызстанда «чоӊ» болуу, депутат болуу өнөкөт дарт сыяктуудай. Баары эле папке көтөрүп, Ак үйдө жүргүсү келет. Мунун себеби эмнеде?
– Жыйырма жыл бою бийлик баюунун эӊ оӊой жолу болуп келген. Коомдук пикир да «чоӊ» болсоӊ – баары болот деген ойго туткундалган. Депутат болуу элдин жүгүн моюнуна көтөрүү, чоӊ жоопкерчилик экенин түшүнбөй туруп, жетиштүү байлык топтодум, эми депутат болушум керек деген пикир өкүм сүрүүдө. Ар кандай, анын ичинде арам жолдор менен капитал топтогон ишкерлер парламентте отурсак бизнесибизди коргоп, ал турсун өркүндөтүүгө жол ачылат деп ойлошот. Мына, партиялар азыр да биринчи кезекте акчалуу адамдарды катарына кошуп, депутат кылгысы келип жатканы көрүнүп эле турбайбы. Адамдардын акыл, билим дареметин, тажрыйбасын, иш билгилигин талдаган партиялар аз. Ар ким Кудай берген өнөрүнө, дараметине жараша иш кылган туура деп ойлойм. Президентибиздин тикелей киришүүсү менен элита жаӊыра баштады. Мамлекетибиз менен жарыша саясий процессте да жаӊылануу башталды. Жакынкы жылдары башкарууда жаӊы доор менен кадамдаш башкаруучулар катмары пайда болот деп ойлойм.
– Маегиӊизге рахмат!

"Апам азыр деле мени сагынып айылдан келип турат. Дайыма "балам, таза иштегин, элдин акчасын уурдаба" деп айтат".

"Журналисттик жумуш менен жети дубанды, айыл-кыштактарга чейин кыдырдым. Элдин баары мени "өз бала" деп кабылдашат".

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(34)
15.06.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ээ Молодец жигит бир жолу жолугуп калдык эле
Ошондо оюу туз жигит эле. Азыр кандай болду экен?, А жерде эки жуздуулор иштейт деп уккам.Бузуп жибербесе экен бийлик. .Сен бир уюм тузбойсунбу Туз ойлуу, мамлекетти ойлогон жаштардын башын бириктирген кошулалы! Биз азыр ойлонбосок жылдан жылга лексус 570 айдаган танированный коппкон элдин акчасына мамлеккеттик ишкерлер кобойо баштады наоборот кыскарбай.
15.06.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эч кыймылдаганы байкалбайт го
15.06.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Чет жакта билим алып, мактанарлык ийгиликке жеткен кыргыз жарандары аз эмес, аларды чакырып, өлкөбүздү көтөрүүгө тартса болбойбу?" таамай суроо абдан жакты, бирок ага алынган жообу кантет,билимдүүлөрдү тартпаса, алар өз каалоосу менен келсе деле батырбайт да, ошону үчүн тартышынар(чакыруу)керек, такшалгандар көп да
15.06.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apasy tuura aytiptir, eldin akchasyn uurdaba dep. Emi baylik, biylik bul balany buzbasa eken. Otkondo da Askar Akaev bulgagan familiyany men tazartyp jatam dep oozdon janyldy ele. Emi olkobuzgo paydasy tiygen sayasatchy bolso eken.
15.06.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эфирден чыгып, элдин тарабын талашып, таамай суйлогон байкени биринчи коргондо эле баалап, передачаларын кутуп, Жанар Акаев деп аябай кумир тутчумун.... Бул интервьюсунда "улуу урматтуу президентти" АШЫКЧА мактап салганы жакпады.. баарыбир бийлик-байлык адамды озгортот тура.... Баштагы эле элди аралап жан куйгон журналист аке байкалбай калыптыр....
banditka түзөттү 2015-06-15 15:24:23
19.06.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
banditka,эмнеге президентти мактап салды дедиң, президентибиз аябай аракет кылып атпайбы, өлкөбүз өсүп-өнүксүн деп. Көпчүлүгүбүз колдомок турсун, президентти сынагандан башка "жардамыбыз" деле жок.Деги бизге эч ким жакпайт.Кээде ойлойм, бизге башка улуттан президент керек окшойт деп,анткени башкаларга бөйпөңдөгөн - биздин каныбызга сиңип калгандай
15.06.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат иним! Мекенибизге ак кызмат отогун. Ийгилик!
15.06.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озгоруу бар. Бир акырдан чоп жеп калышкан даа
15.06.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жанар Акаевди аябайт сыйлайт болчумун,сыймыктанаар элем кыргызымда ушундай жигиттер бардыгына...((( Азыр жакпай калды,ошол сасыган САЯСАТТАН алыс болуп эле,ЭЛДИН УНУН бийликке жеткирип журо бергенде,элдин батасы мн эле онуп-осмок...
15.06.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шакыя.Бир кондидаттан сурап жатышат.~Эмне учун ак уйго иштегени жатасыз?-деп.
-Карабайсынарбы баары жем кордукка,жалкоолукка,жеп жатарга малынган.
~Анда сиз ошолор м-н курошойун деп жатасызбы?
--Кайдан мен ошолорго кошулайын деп жатам четте калбай!
15.06.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Силерге эчтеке жакпайт кыскасы...
20.06.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
saltanat.,то есть бизге жакпайт десен жарашмак....
15.06.2015. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жигитти дагы атып кетишпесе болду. Бийликке жаны эле келди го, ишти акырындап баштайт да жанылып калбаш учун. Жанталашпай чыдымдык менен куткулочу.
16.06.2015. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап мурунку Жанар жок. Озгоруптур. Жаль
16.06.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлике сатылып кетти деп чыкбаса эле болду Жанарды да.
Мадумаровду сатылды дегендей.
16.06.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат, Жанарды колдойм. Журналист болуп, сын материалдарды жазап, элдин упайын топтоп жүрө берсе деле, жүрө бермек да. Бирок дал ошол м башкаруу чөйрөсүнө барып, эми өзү сынга калыла-калып жүргөнүнө карбай, өлкөнү жакшы нукка бурсак деген тилеги, жоопкерчиликтүүлүгү колдоого арзыйт
16.06.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны эле ишке киришти го дагы куто туралы, билким мамлекеттин онугушуно жакшы салым кошкон инсан болоттур.Сабырдуулук керек
16.06.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бироону качан мамлекетке салымын кошот деп кутпостон ар бир адам озу да аракет кылышы керек!
16.06.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтин созуну суйлоп калыптыр
19.06.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhusaliev89, сиздин оюнузча эмне деп суйлош керек эле?
dina түзөттү 2015-06-19 13:58:12
16.06.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура биздин Кыргызстаныбыздан башка элибизда , башка мекенибизда жок . Андыктан оз мекенибиздин четинен чертип сатып , бар байлыгын жеп сапырбай элге кызмат кылып мамлекетибизди онуктурсок экен
16.06.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кашы Аскар Акаевге окшош экен))) Умутубузду узбой туралы элдин эртенин ойлогон журналистердин катарында болсун деп,Бирок тиги ак уйго барганда эле убагы келип озгоруп кетпесе эле дегеним дааа)))))))))
17.06.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик Жанар Акаев!
17.06.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар билими тетик, акылы жетик жигит. Буйруса болочокто жогорку мамлекеттик кызматтарда эл учун таза, так иштеп берээринен ишеним чон!
18.06.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ Жанар озгорот да эми бийлик жумушка чакырса...
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-18 12:11:01
18.06.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maxima,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
18.06.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар салам, Биз дыйканбыз кобунчо дарбыз, коон эгебиз, азыркы учурда Алай району тараптан чектешкен Тажик республикасынын дарбыз коондору Ошко келип ото арзан болуп жатат. Ошол жактагы чек аранын бутундугу жонундо коз салып койчу сураныч.
18.06.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы замандын адамдары ким бай болсо,бийлик ким тарапта болсоо, ошого кичине илешип калдыбы, ошонун партиясына же болбосо жумушуна,ошо тарап болуп кете берет толька озунун гана кызыкчылыгын ойлогондор болуп калды азыр,жакшыбы жаманбы ошонун колунда иштеп жаткандан кийин ошонукун прав кылып суйлойтта анан, мактаайт жакшы жагын айтаат дегендей анан ишенген адамы бийликтен тушсо аркасынан жамандай баштайт,мына ушундай заман болуп калган!!!
19.06.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir nerse aytayinbi? Chette oturup aliiiip sin tagip,kakshiktap,chimchip oozunu choygulagan onoy da ee,antkeni kolundan andan bashka ech nerse kelbeyt.Dayim ar nersege ar kimge naarazi bolup juro beresiner.Dayima negativ oyloysunar.Bizdin kiyalibiz ushunday kaliptanip kaliptir da kim prezidentti jaktap maktasa ele kokuy satilip ketiptir,biylik ozgortup iyiptir palan tukun dep bilip bilbey ele ooz choygondu jakshi korobuz.Jana kimde kim prezidentke karshi bolso ani jamandasa
19.06.2015. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elif,туптуура, мен сага 100пайыз кошулам, жашообуз жакшы болушуна ар кимибиз колдон келген салымыбызды кошсок. Жок эле дегенде көпчүлүктүн арасында тартип-тазалыкты сактасак, бири-бирибизге сый мамиле кылсак. Бийликтегилердин баары эле жаман эмес да
19.06.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshi adam dep tobonorgo alasinar.Biz onugushubuz uchun birinchi niyetibizdi ondoylu elder,ar prezidentti maktagandi jaktagandi daroo jaman korup kuulonboylu,bir az pozitiv oylongula,kara sanap jamandap kirbegile bilip bilbey suranich
19.06.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Men bul myrzany oto syilachu elem, birok otkonku Askar Akaev jonundo aitkandan kiyin, jazgan bergenderin okubai da kaldym. Sen m.n A.Akaev ortonor, biliminer eki bashka. Janyldyn da jigit((
19.06.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОшМУда окуп жургонундо коп корчумун.Жонокой,дайыма костюм шым кийип журчу.Азамат жигит экен ушундай денгээлге жеткен!Президентти мактаса мактагандыр,президент-биздин душманыбыз эмес!
20.06.2015. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ит үрө берет кербен жүрө берет. Алга браток.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо