№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
Учурда жашылчалар өсүп жаткан кез. Алар менен кошо отоо чөптөр да кем калышпай өсүшүүдө. Аларды чыгарбай, алдын алууга болобу? Чыккандан кийин кантип жок кылууга болот? Сөз ушул жаатта болмокчу.
ОТОО ЧӨПТӨРДҮ ЧЫГАРБАЙ КОЮУ ЖОЛДОРУ
1 жылдык 2 үлүштүү отоо чөптөр. Сары чырмоок (повилика), көк баш гүл (василёк синий), ажырыктуу каз таман (герань рассечённая), талаа кычысы (горчица полевая), кадимки меӊдубана (дурман обыкновенный), жылтыркан (кохия), алабата (лебеда) жана башка.
Көп жылдык 2 үлүштүүлөрү. Коко тикен (бодяк), төө тикен (верблюжая колючка), тармал чөп (василистник), талаа чырмоогу (вьюнок полевой), шумгуя же шумгула (заразиха кумская), уйгак (лопух) жана башка.
1 жылдык дан отоо чөптөр. Тоок таруусу (просо куриное), жылгын же жылган (мятлик), кара сулу же кара сойлок (овсюг), чирчик же ит конок (щетинник), жашыл буудайык (зелёный пырей).
Көп жылдык дан отоо чөптөр. Камыш (тростник), бутактуу машакча (колосняк), жайылып өсчү буудайык (пырей), ажырык (свинорой) жана башка.
САРЫ ЧЫРМООК
Сары чырмоок тамыры, жалбырагы жок, жип сымал узун сабагы гана бар 1 жылдык мите өсүмдүк. 200дөй түрү кездешет. Уругу жана үзүлгөн сабагы аркылуу көбөйөт. Тамыры болбогондуктан, топурактан азык заттарды жана сууну соруп ала албайт. Андыктан өзү жармашып өскөн өсүмдүккө (картошка, кызылча, бадыраӊ, чалкан, кулмак, беде жана башка) мителик кылат. Тактап айтканда, өсүмдүккө чырмалып алып, андан керектүү заттарды атайын өсүндүлөрү (гаусториялары) менен сорот. Жоон сабактуу түрлөрү алгач чөптөргө мителик кылып, анан дарактарга жана бадалдарга өтөт. Сары чырмооктун уусу өсүмдүктөр гүлдөп жана уруктап жаткан кезде пайда болот. Ал чырмалып алган тоют өсүмдүктөрү чапкандан кийин көгөрүп кетип, аны жеген малдар ооруп же ууланып калышы ыктымал. Маданий өсүмдүктөрдүн азык заттарын соруп алып, алардын өсүүсүн кечеӊдетип, акырындап өлтүрөт.
Көбөйүп кетпеши үчүн ал чырмалган өсүмдүктү кошо жулуп өрттөө же гербицид чачуу керек.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Сунушуңузга рахмат!