ШАБДАН БААТЫР КИНОЧУЛАР МЕНЕН ТАРЫХЧЫЛАРДЫН ТАЛАШЫНДА

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Былтыр мамлекеттик каржылоо менен «Курманжан датка» тасмасы тартылып, кыргыз киноиндустриясында чоӊ жаӊылык жараткан. «Бүткөн ишке сынчы көп» дегендей, кино жарыкка чыккан соӊ мактоолор менен катар сын пикирлер да жакшы эле айтылды. Бул кинону улай кыргыздын коомдук саясий ишмери Шабдан баатыр тууралуу тасма тартылуу алдында турат. Коомчулукта кинонун сценарийи боюнча өтө чоӊ талкуу жаралууда. «Талаштан тактык жаралат» демекчи, талкуу жараткан инсандардын ойлоруна орун берели.

Алгач Шабдан баатыр жөнүндө кино тартам деп чоӊ жүктү артынып турган режиссёр Эрнест Абдыжапаровго байланыштык.

Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр: «ҮЧ ДАСЫККАН ТАРЫХЧЫ-КЕӊЕШЧИБИЗ БАР. АЛАР ТАРЫХТЫ БУРМАЛАТПАЙТ»
– Былтыр Каныбек Иманалиевдин Шабдан баатыр жөнүндө жазган романынын бет ачарында Тайырбек Сарпашев «Шабдан баатыр тууралуу кино тартылсын, ага мамлекет 10 миллион сом бөлөт» деп жарыялаган. Шабдан баатырдын 170 жылдык мааракесинде премьер-министр Жоомарт Оторбаев расмий түрдө тапшырма берди. Андан кийин Кыргызфильм «сценарийди ким жазат, ким тартат?» деген сынак жарыялады. Буга чейин баатыр жөнүндө маалымат чогултуп жүргөндүктөн, катышуу ниетимди билдирип кат жөнөткөм. Көрсө, менден башка бир да киши кат жөнөтпөптүр. «Кыргыз киносунун» жетекчилери карап, «Эрнесттен башка эч ким жок экен» деп мага табышташты. Алар деле өз ой-пикирлерин, сунуштарын айтышты. Ошонун негизинде 2 айда 122 беттен турган сценарий жазып чыктым. Аны киночулардын тобу, Көркөм кеӊеш, Шабдандын чөбөрөсү Жаӊыл эже окуп, өз ойлорун айткан соӊ кайрадан оӊдоп-түзөө киргизип, 2-вариантын жаздым.
Интернеттен коомдук активист Гүлжигит Исаков «биз да өзүбүздүн ой-пикирибизди айтсак болобу?» деп калды. «Сөзсүз болот» деп ага сценарийдин 2-вариантын салып жибердим. Алардын жообу узакка созулуп кетти. Ал ортодо 2-варианты талкууланып, 3-варианты жазылды. Аны да салып жибердик. Алар мени чакырбай туруп 3-варианты боюнча өздөрү талкуу кылышып, интернетке жарыялап жиберишиптир. 3-вариантын чөбөрөсү Жаӊыл эже, Тынчтыкбек Чоротегин, дагы көптөгөн тарыхчылар болуп талкууладык.
Андан көп өтпөй эле кайрадан эски 2-вариантын «бизге мындай Шабдан керекпи?» деп Тынчтык Чоротегин гезиттерге жар салып калды. Ушундан улам ой кетти, 25 жыл батыштын тамагын ичип, батыштын түшүн жоруп калган мырзабыз орус саясатын жүргүзгөн Шабдандын өзүнө кыянаттык жасап жатабы деп. Аргасыз ушинтип ойлойт экенсиӊ. Киностудия расмий түрдө Илимдер академиясына кайрылып, тасмага үч дасыккан тарыхчы-кеӊешчи бекитилген. Алар Дөөлөт Сапаралиев, Аскар Беделбаев жана Өскөн Осмонов. Ал эми Гүлжигит Исаковдун тобу айткан сунуштарды эске алып, бүгүнкү күндө 5 версиясын теӊ Көркөм кеӊешке сунуштадык. Болбой эле баягы эски варианттарды мисал келтирип элди дүрбөтүп, догурунуп жатышкандары таӊ калтырат.

Албетте, режиссёрду сындап жаткан Гүлжигит мырзанын пикири да баарыбызга кызык.

Гүлжигит Исаков, коомдук активист: «ӨЗҮНҮН АКЧАСЫНА КААЛАГАНДАЙ ТАСМА ТАРТСЫН»
– Ким кандай пикирди карманат өз эрки, кеп жеке көз караштын коомго чындык катары таӊууланышында. Менин көз карашымда, тарых бурмаланбашы керек. Манасыбызга, тарыхыбызга сөз тийгизбешибиз зарыл. Мен саясатчы эмес, кыргызга күйгөн атуул катары айтып жатам. Бурмалоолорду көрүү үчүн тарыхчы болуунун деле кереги жок. Кичине эле кыргызга күйүп коюу жетиштүү. Улуттук маселени күнүмдүк саясатка садака чапкыдай акылсыздыкка барбайм.
Азыр сценарийдин 5-6-варианттары жазылды, андан кабарыбыз жок, анткени бербей жатышат. Режиссёр жакшы кино тартам десе каталарды оӊдосо маселе жок, тарыхчы эмессиӊ деп бизди тоготпосо, анда тарыхчыларды уксун. Өзүм билем десе өзүнүн акчасына тарыхый эмес, өзү каалагандай көркөм тасма тартсын. Шабдан баатырды катынпоз көрсөткөн жерлери бар. Көрүнгөнгө жолукканда эле «мага уул төрөп берчи» деп жалдырай берген кантип болсун? «2 саатта патриоттук сезимдерди ойгото турган кино тартса болот» деп 8 тарыхчы өз сунуштарын айтышты эле, болбой эле өз билгенин кылам деп жатат. Менде кайсы тарыхчы кайсы жерин сындаган протоколдор бар. Анан «мени тарыхчыларга тепкилеттиӊ, аларга бербешиӊ керек эле» деп мага доомат коюп жатат.
Мен тасма кыргызды ынтымакка чакырабы же ыдыратабы деген жагын карадым. Тарыхчылардай сын айта албайм, карасам Тарыхчылар ассоциациясынан «биз сценарийди окуп чыктык, жакшы жазылыптыр» деген кат жаздырып алышыптыр. Эч кимге жаман оюм жок, бирок кыргыздын баалуулугуна сөз тийип жатса унчукпай коюу кылмыш.

Бул талаш маселе жөнүндө Шабдан баатырдын чөбөрөсү Жаӊыл эже төмөндөгүдөй оюн билдирди.

Жаӊыл Абдылдабек кызы, Шабдан баатырдын чөбөрөсү: «ЧУУНУ САЯСИЙ ОЮН КАТАРЫ КАБЫЛ АЛЫП ЖАТАМ»
– Менин оюмча, сценарийди тереӊдетип иштеп чыгуу керек. Жакында сценарийдин талкуусуна катышкам. Көпчүлүк сын-пикирлер туура айтылды деп ойлойм. Мага да сценарийдин айрым жерлери жакпай турат. Жалпысынан Абдыжапаровду колдойм. Бирок «бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, сценарийдин кээ бир жерлери оӊдолбосо, «өз билгенимди жасайм» деп Шабдан баатырдын аброюна шек келтире турган, ага таандык болбогон нерселер оӊдолбосо, мен да каршы чыгам. Шабдан баатырдын образы туура ачылышы керек. Ал эми сценарийдин тегерегиндеги чууну саясий оюн катары кабыл алып жатам.
Аялдарга көбүрөөк орун берилиптир, сценарий жазган кишинин фантазиясы ойноп дегендей. Бирок тарыхта да, санжырада да Шабдан баатыр «ала жипти аттабаган инсан» деп айтылат, демек, ошол сакталышы керек. Тасма мамлекет тарабынан каржыланып жаткандан кийин тарыхый инсандын иштери, жүрүм-туруму жаштарга, саясатчыларга үлгү боло тургандай ачылышы керек.

Ушул сыяктуу сындарды уккан «Курманжан датка» тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз төмөндөгүлөргө токтолду.

Садык Шер-Нияз, кинорежиссёр : «ЭЛДИН БААРЫНА ЖАККАН ТАСМА АЛИ ДҮЙНӨДӨ ЖАРАЛА ЭЛЕК»
– Талаш-тартыш болгону түшүнүктүү, бирок ошол эле учурда режиссёрдун да оюн сыйлаш керек. Ар ким киришкенге аракет кылып жатат. Анда жакшы чыгарма эмес, тарыхый эмгек жаралышы мүмкүн. Көркөм фильм тартууда режиссёр, сценарист тажрыйбалуу киши болсо ошого ишениш керек. Анткени тарыхчы деген өзүнчө кесип, жазуучу деген өзүнчө. Тасма тартуу режиссёр, сценаристтин оюна жараша болот деп айтам.
Учурда Эрнест Абдыжапаров аябай катуу иштеп жатканын билем, ал ар бир сөзүнө, ар бир сүйлөмүнө көӊүл бурат. Сценарийдин акыркы вариантын окуй элекмин. Кыргызфильмдин Көркөм кеӊешинин айтымында, бардык сындар эске алынып, даяр болуп калыптыр.
Өзүӊүздөр көрүп жатасыздар, азыркыга чейин мен тарткан «Курманжан датка» тасмасына сындар айтылып келет. Көркөм тасманын негизги максаты – көрүүчүнү бир нерсеге үндөө, инсан жөнүндө бир ой калтыруу. Төлөгөн Касымбековдун чыгармасын деле жүз пайыз чындык деп айтуудан алысмын. Анткени кошумчалабай, көркөм чыгарма жазууга мүмкүн эмес. Антпесе ал жөн эле супсак тарыхый илимий эмгек болуп калмак да.

Ал эми тарыхчы Кыяс Молдокасымов эмне дейт?

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: «СЦЕНАРИЙДИ ОӉДОБОСО, ЭКИ ӨРӨӨНДҮН ЭЛИН ЧАБЫШТЫРАТ»
– Сценарийдин 3-вариантын окуп чыктым, Шабдан баатырдын бейнеси толугу менен ачылбай калган. Эгерде сценарийди тасма тартылгычакты оӊдобосо, көркөм тасма максатына жетпейт. Көркөм тасма дегенди мен деле түшүнөм, бирок жөнөкөй жагдайлар эске алынбай, окуяларды бурмалап, болбогонду болду деп окуя болгон жылдарды алмаштырып ийишине макул эмесмин.
Башка өлкөлөрдүн деле тарыхый көркөм тасмаларын көрүп жүрөбүз, мүмкүн болушунча чындыкка жакын кылып тартышкан. Шабдандын образын толук ачып бере турган 10 чакты окуянын кирбей калганын билем. Ошол эле мезгилде жасалма окуя, образдар кошулуп кеткен. Бул нерсе эки өрөөндүн элин чабыштырып коюшу мүмкүн. «Курманжан датка» боюнча Садык Шерге кеӊешибизди айталы десек, ал кабыл албай койгон. Эрнестке «сиз да ага окшоп ката кетирбегениӊиз жакшы» деп айттым.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Шабдан баатыр киночулар менен тарыхчылардын талашында

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(43)
15.06.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шернияз текебер,мактоосуйду киши. Курманжан кам,абдан чала тартылган. Тарыхчыларды уксун Абдыжапаров,болбосо тартпасын. Шабдандын тарыхы Кыргыздын тарыхы менен туташ,тамыры бир,болуп кароого болбойт.
15.06.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыяс Молдокасымовду чыныгы тарыхчы деп эсептейм,ошол киши менен кенешип тартыш керек
15.06.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан баатыр тууралуу окуганымды мен дагы кыскача жаза кетейин. Шабдан баатыр боз үйүндө эс алып жатса жигиттеринин бири чаап келип, баатыр жоо келип калды десе баатыр таң калат экен, биз өзү орустардын букарасында болсок ким даап кол салат экен бара көрөлүчү деп сыртка чыгып атына минип бастырып барса чындап эле жер жайнаган эл келе жатат дейт жакындап бастырып барса, аялы ким эркеги ким ажыратып таанылгыз баардыгы узун чач койуп төбөсүнө түйүп алган дейт.
15.06.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көрсө алар кытайдан качып келе жаткан дунгандар экен, бизден не жардам керек деп баатыр сураптыр, тамак аш керекпи же мингенге ат керекпи десе дунгандардын башчысы кара жерден бир ууч топуракты алып бизге жер бер башкасынын кереги жок деп түшүндүргөн экен. Ошентип Шабдан баатыр орустардын каршы болгонуна карабай дунгандардын Токмоктун четинде жайгашып калышына шарт түзүп берген экен. Кебир тарыхчылар баатырды өтө жоомарт катары сүрөттөсө ке бирөөсү жерибизди башкаларга карматып жиберген адамдай
15.06.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң башкысы жаманын жашырып жакшысын ашырып патриоттук духту көтөрө турган жакшы кино тартыш керек.
15.06.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнест Абдыжапаровдун бир да киносу жакпайт. Аны кинорежиссорлук таланты да жок. Бологу тартса да ушул адам Шаабдан баатырды тартпасын,
15.06.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка баатыр калбаппы Шабдандан башка.Ал орустарга сатылып кайра кыргыздарды кырышкан да.
15.06.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шабдан баатыр дейбиз эмне баатырдыгы барын мен билбейт экемин.Жен ичинен орустар менен келишим тузуп бут кыргызды сатканыбы.Курманжан датканы бут балдары менен оруска салып берип олтурто жаздаганыбы.Токмокту айланасы менен озум билем кылып дунгандарга белек кылганыбы. Же атасы экоо суунун аркы ойузун казактарга коркконунан 40 байталга алмашып ийгениби.Башка баатырдыгын мен билбейт экемин.
15.06.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bakyt_2015, оюнузга толугу менен кошулам! Кайдагы баатыр? Эмнеси менен баатыр болду эле? "Манасты" тарткыла дегенден алысмын, ага азыр мумкунчулугубуз жок. Ага чейинки чыгаан чыныгы баатырларды тартса болбойбу? Ормон Хан, Тайлак баатыр, Жаныл Мырза, анан колдон келсе Эсенгул бийди, Барсбекти, Мухаммед Кыргызды тартыш керек!
17.06.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tajatkyr, ак соз! Мекенчилдик сезимди арттырбаса кереги жок мындай халтуранын. Корк0м деп эле тантырап ойго келгенди жаза бериш керекпи?! Кыргыздын жакшысын жашырып, жаманын арттыра турган фильм тартыш керек да, калп эле санын к0б0йтп0й
Медиа-портал
15.06.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеле талаш тыртыш болуп жатасыңар. Бул деген көркөм тасма да. А көркөм тасма деген эл кызыга тургандай көркөм, кооз, кызыктуу болушу керек да. Эгер Документалдык тасма тартылып жаткан болсо анда талашсаңар болот мобул окуя мынчачы жылы саат мынчада болгон деп. Деги бир укмуш болдукко 21-кылымдын адамдары.
SUPER.KG видео
15.06.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садык Шер Нияз эн туура айткан.
15.06.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте ар бирибизге тарыхыбыз улуттук баалулуктарыбыз маанилу. Бирок тарыхтабы же эл оозундабы Шабдан баатыр тууралу жакшы соз уга элекмин окуй да элекмин. Ошондуктан менимче башка баатырларды тартса туура болмок беле деген ой келет. Анткени Токмоктон тарта тээ Чу Жамбыл ороонуно чейин жерибизди ушул баатырдын аркасынан казак туугандарга алдырганбызда,эми минтип ошолордун кесиринен азыр урпактары биз казактарга коз каранды болуп отурабыз. Эмнеси болсода кыргыз баркын тушурбогон кино тартылса.
15.06.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шабдан баатыр орус империясынын таралышына б.а кыргыз жерине келуусуно басып алуусуна чон салым кошкон деп коп айтылат эл оозунда. Эн негизгиси жерибизди казактарга сатып жибергени коп айтылат. Менимче коркмдолуп тартылганы туура болотго деп ойлойм,анткени тарыхтагы чындыкты тарта турган болсо,баатырдын тарыхта кетирген кемчиликтеринин каталарынын артынан кыргыз элине туура эмес тушунук калтыратго.
15.06.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жантай уулу Кокон ордосуна түндүк кыргыздарды, анын ичинде кеминдиктерди багындырып берсе, кийинчерээк орус падышачылыгынын баскынчы саясатына кызмат кылып, түндүк гана эмес, түштүк кыргыздарын орустарга багындыруунун жан алакетин кылган. Ошол максатта Алымбек Датканын тун уулу Абдылдабек менен тирешүүгө барган. Кийинчерээк Курманжан Датканы Кытай чек арасынан карматып, Скобелевдин колуна салып берген. Мунун баары кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн, бирок бул карандай чындык да?
Адилет Айтикеев
edu.kg. түзөттү 2015-06-15 18:33:14
15.06.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Демек Шабданды кыргыздын баатыры дегенге болобу? Менимче ал кишини кыргыздын эмес, Орус Империясынын баатыры десек туура болчудай. Анткени ал киши Орус падышачылыгынан аскердик чин алган, Георгиевский крест аскердик орденинин 4-даражасы менен сыйланган. Өмүрү өткүчө 180 рублдик пенсия чегерилген. Өлөөрүнө жакын Орус падшачылыгынын амири менен 300 гектар жерге ээ болгон. 1883-жылы Питерге барып Александр IIIтүн тактыга отуруу аземине катышып келген.
Журналист Адилет Айтикеев.
edu.kg. түзөттү 2015-06-15 18:34:01
15.06.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир беткей куноолой берген дагы туура эмес, ошол убакта Шабдан баатыр орустарды кыргыз жерине киргизбейм деп каршы туралмак эмес, орустун ошол кездеги регулярдуу армиясына кыргыздын кылыч найза менен куралданган армиясы каршы тура алмак эмес, ошондой эле оруска баш ийип калган казактар орустар тарап болуп согушуп жерибиздин коп аймагын басып алмак, бир жагынан кытай дагы жерибизге коз арта баштаган эле, ошондуктан Шабдан баатыр туура эле саясат жургузгон.
16.06.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынардыкы туура!
16.06.2015. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгынын ой пикирлерин окуп коруп акыры сиз жазган пикирге токтолдум,туура айтасыз,чындыгында орус армиясына ошол учурдагы куч сынашуу тең эмес эле,бизде кылыч,жаа,чокмор,найза,анан тутөтмө бир атаар мылтыктар эле болгон,а орустарда замбирек,племеттер болгон,ошол учун Шабдан баатыр алдын алып, аз кыргыз журтун кырылып калышынан сактап калган десек туура болчудай...
16.06.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туугандар мен тушунбой жатам кыргыз бири бири менен чпбышат эгер тартылса дегенди тушундуруп койгулачы сураныч. Эмнеге ? Же Шабдан баатыр туштук элине кыянаттык кылганбы же болбосо кандай негиз бар уруш чыр чыгат дегенинерге?
16.06.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм
17.06.2015. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино тартсанар кайра кайра коро турган кылып тарткылада бир коргондон кийин коргун келбей калат кыргыздарда бир жакшы кино жок жалан эле жапайы адамдардай тарта беришет.казактар тарткан кочевник мына Ошо кино десе болот башкы ролду да жакшы аткарыш керек адамдарды озуно буруп тарых деп кинонун коркун бузбай кичине кошуш керек жалгандан да
17.06.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баатыр болгудай эрдик жасаган эмес бул киши. Эрдиктеринен казактарга жер сатып, тундуктук кыргыздарга кошуп туштуктогу кыргыздарды да орустарга багындырууга жардам бергенин гана билет экем.
17.06.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тарыхты бурмалап элибиздин ынтымагына, намысына доо кетирбей турган кино тартылуу керек. Курманжан Датка киносу чындыгында чала тартылган. Келечекте жакшы бир режиссер кайрадан чындыка жакын кино жараттар. Шаабдан баатыр жонундо биринчи документальный фильм тартып,андан кийин кино жаратса жакшы болмок, чын-туурасын сындан откоруп алмак. Кандай кана кино болбосун, жашообузга он-терс таасирин тийгизет. Жети олчоп бир кесиш керек.
18.06.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдыжапаров ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-06-18 15:13:55
18.06.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Damirbek-KG,
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
19.06.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1862-жылы Алымбек датка ордо кутумунан каза болгон учурга Шабданды аралаштырып койот, мындайча айтканда Алымбек датка менен Кокон ордосунан бирге кетип бара жатышып, Шабдан сүйгөн кызынын үйүнө бурула кетейин деп бөлүнүп калат да, кайра жолго чыкса алыстан "башы жок чабандес" көрүнөт. Көрсө ал башы алынып, атка мингизилген Алымбек датка экен. Эми ушул окуяны көркөм тасмага киргизсек, тарыхты сыйлаган адамдар түкүрбөйбү бул эмне деген көркөм тасма деп!!! Бул Эрнис мырзанын жазган сценарийи экен.
edu.kg. түзөттү 2015-06-19 00:18:54
19.06.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Копчулуктун айтуусу бойунча Эрнис Абдыжапаровдун жазган сценарийи эч кимге жакпай атат экен,себеби Шабадан баатырды данктап тартуу учун коркомдолгон коп одоно жерлери туура келбей жатыптыр кыргыз тарыхына. Ошондуктан Эрнис агабыз терикпестен кеп кенешти угуп кенешип кесип анан сценарий жазса жакшы болмок. Корком тасма деп эле тарыхтан аша чаап кеткен болбойт менимче
19.06.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көркөм тасма тартылаар эми. Жуз жылдан кийин Акев баатырды да данктап тартабыз анткени кыргызстандын биринчи президенти да же аны жамандап тартып башка элге уят бололулубу. :-)
19.06.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхта биз кааласак да каалабасак да,Шабдан баатырдын оз орду бар.Демек биздин милдет ал тууралуу тасма тартканда,анын жакшы жагын коргозуп,кыргыз эли сыймыктана ала тургандай образ жаратуубуз керек.Себеби тарыхты баары эле окуй бербейт,ал эми тасманы копчулук корот жана ошол тасмадагы образ аркылуу алар Шабдан баатырды таанып калышат,ошондуктан образда аны менен сымыктана ала тургандай инсан жаралышы керек.
21.06.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тарыхта менин окушумча,Шабдан Баатыр болбогондо, кыргыз журту жок болуп кетмек, жалан ушул баатырдын саясатынан бугун кыргыз эли жана Кыргызстан бар.Кээ бир адамдардын комментин окусан, ошол убакта жанында болгондой эле былжырашат го туура баа бергенди унутпаш керек.
22.06.2015. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан баатыр айласыздан ошондой кадамга барганын чагылдыруу аркылуу, Ата мекендин күчтүү болушу менен алсыз болушунун айырмасын түшүндүрүп, элди Ата мекенди өнүктүрүүгө, түндүк- түштүк болбой бирдиктүү болууга чакыруу керек. Ошодо бул тасма максатына жетет.
20.03.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм, Шабдан десе түшүнө шайтан киргендей дүркүрөгөндөр бар, ата энелери жаштайынан Шабдандын сүрөтү менен коркутуп чоңойткондой, Шабданды жамандабай калсаңар ичкен-жегениңер аш болбойбу, билбейм, эми жаткан жеринен эле казып келип кайра атып таштабасаңар, билбейм, кантип басыласыңар?
Temirlan08 түзөттү 2018-03-20 13:25:26
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо