№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж
2012-жылдан тарта Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштеп келген, экс-президент Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев май айында кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, ага президент кол койгон. Элчинин өз каалоосу менен кызматын тапшырганы күзүндө өтчү парламенттик шайлоого байланыштуу экендигин божомолдогондор да чыккан. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПнын республикалык штабын жетектеген Болот мырза бул ирет да парламенттик шайлоого даярдык көрүү үчүн атайын ат арытып келгени кеп болуп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, Болот Отунбаев КСДПнын түштүк аймагы боюнча координатору болуп барганы турат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |