ДЕПУТАТТАР АКЫЙКАТЧЫНЫН ТАГДЫРЫН ЧЕЧИШЕТ

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев менен Жогорку Кеӊештин ортосун кара мышык аралагандай. Дегенибиз 10-июндагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын 2014-жыл боюнча баяндамасы уктурулуп, эл өкүлдөрү аны жактырышпады. Талкууда көпчүлүк депутаттар бул баяндамага нааразы болуп жатышты. Алардын айтымында, акыйкатчынын отчётунда өспүрүмдөрдү зордук-зомбулуктан куткаруу боюнча эч кандай сунуштар каралган эмес. Сындоочулардын катарында «бизди коргободуӊ» деп таарынгандар да болду.
Жыйынтыгында акыйкатчынын баяндамасын жактырбоого 69 депутат "макул", ал эми 25 депутат "каршы" добуш берди.
Белгилей кетүүчү жагдай, Бактыбек Аманбаев отчёт берүү күнүн 5 ирет алмаштырып, депутаттардын сынына кабылган эле. Жыйын жүрүшүндө ал: «Мага жаман иштеп жаткандыгым тууралуу далилдерди көрсөткүлө. Далил бар болсо, кызматтан кетүүгө даярмын»,- деп туталанды. Кыргыз Республикасынын "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамына ылайык, эгер Жогорку Кеӊеш акыйкатчынын жылдык баяндамасына "канааттандырарлык эмес" деген баа берсе, акыйкатчынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу керек. Башкача айтканда, Жогорку Кеӊеште атайын комиссия түзүлүп, акыйкатчыны кызматта калтыруу же калтырбоо чечимин чыгарат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо