САРИЕВ ТАЖИКСТАНДАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯ САТЫП АЛУУНУ МАКУЛДАШТЫ

№658 12-июнь-18-июнь, 2015-ж

Өкмөт башчы Темир Сариев иш сапары менен Тажикстанда болду. Иш сапардын алкагында ал Душанбе шаарында «Жашоо үчүн суу» аталышындагы эл аралык долбоордун алкагындагы конференцияга катышты. Анда кыргыз өкмөт башчысы: «Сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүү үчүн тиешелүү негизде акы төлөнүшү зарыл. Бул маселе өлкөлөрдүн ички суу саясатын жана суу ресурстарын бөлүшкөн бир нече мамлекеттин мамилелеринде курч турат»,- деп билдирди. Буга катар Темир Сариев тажик мамлекетинин президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулады. Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү керектиги айтылды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз тарап июнь-сентябрь айларынын аралыгында Тажикстандан 500 миллион киловатт-саат электр энергиясын 2,5 центтен (1 сом 50 тыйындын тегерегинде) сатып алууну макулдашышты. Былтыр июнь-сентябрь аралыгында Кыргызстан коӊшу мамлекеттен 1 киловатт-саат электр энергиясын 2 центтен сатып алып турган, бирок тажик тарап бааны быйыл 3,5 центке көтөрүү маселесин койгон эле. Эске салсак, Кыргызстан Казакстандан кыш мезгилинде электр энергиясынын 1 киловатт-саатын 8 центтен сатып алган.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
15.06.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озубуздогу электир кайда кетип жатат.
15.06.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле эмнеге озубуздун электр озубузго жетпейт? Бизден кедей Тажикстан бизге электр сатабы? Эмне же Орто Азиянын эн кедей мамлекети Кыргызстанбы? Ушул менин бийликке суроом?
15.06.2015. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таджикстанга электр энергиясын сатуу жонундо макулдашып келди деген качан болор экен ыя туугандар айткылачы ??!!
16.06.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уялбайсынарбы электр энергиясын озунордон ондуро албайсынарбы.
17.06.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокууй
18.06.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озубуздукун 50 тыйындан сатып, алардан кымбатыраак алып турушат...
20.06.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка мамлекеттен жарык сатып алсак, когултур от сатып алсак, ун, кум шекер деги койчу желим ботолкого чейин сатып алабыз бизде ушунчалык эле акча копбу дейм да......
20.06.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиевтин убагында свет кымбатап кети мен свети бекер бере коем деп лапша илгендердин катарында ушул Сариевда бар элего эми эмне болду берген убадалар!
22.06.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamchatka,:-)))))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо