АКТИВДЕШТИРИЛГЕН КӨМҮР ИЧ КӨБҮҮДӨ, УУЛАНУУДА КОЛДОНУЛАТ

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж

ТАШ ЖАНА ЖЫГАЧ КӨМҮРДӨН, СӨӨКТӨН ЖАСАЛАТ
Активдештирилген көмүр таш жана жыгач көмүрдөн, жаныбарлардын сөөгүнөн, жаңгактын кабыгынан кошулуп жасалат. Түрдүү формаларда: упа, капсула жана таблетка түрүндө чыгарылат.
Сыртынан кара көрүнүп, ичкенге жагымсыз өңдөнгөн бул "кара дарынын" пайдасы чоң. Адамдын организминдеги уулуу заттарды, оор металлдардын туздарын, ичте топтолгон газды, аллергендерди чыгарат. Андыктан көбүнчө дарыдан, өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан, чаңдан же тамак-аштан аллергия болгондо, сапатсыз же сактоо мөөнөтү өткөн тамак-ашты жеп, туура эмес дарыны ичип ууланганда, ич көпкөндө колдонулат. 

УУЛАРДАН АРЫЛТАТ
Ууланган адамдын алгач ашказанын жууган (же кустурган) соң, салмагына жараша активдештирилген көмүрдү суу менен ичирип жиберүү зарыл.

АЛЛЕРГЕНДЕРДИ ЧЫГАРАТ
Аллергияны басуучу дары-дармек (антигистамин) менен кошо ичүү сунушталат. Бул аллергендердин эртерээк чыгышына түрткү берет.

ШЛАКТАРДЫ ТАЗАЛАЙТ
Эгер адам ички органдарынын бирин же кан тамырын шлактардан тазалоого киришсе, анда активдештирилген көмүрдү да колдонуусу кажет. Бул арыктагысы келип диетага отургандарга да тиешелүү. Арыктоо менен кошо организмин керексиз шлактардан тазалап алат. Бирок кээ бирлер ойлогондой кара дарынын өзүн ичсе, адам арыктабайт.

ИЧ КӨБҮҮНҮ БАСАТ
Көбүнчө кары-картаңдар, жаш балдар, ичеги оорусу барлар узак жол жүрүүдө ичтери көөп ооруйт. Ошондой эле тамакты көп жеп, тамак сиңбей кыйналганда да ич көбөт. Андыктан жаныңызда дамамат “кара дары” жүрсө, кыйналбайсыз.

ЭРТЕ МАС БОЛУП КАЛУУНУН АЛДЫН АЛАТ
Тойго же кечеге бара жатсаңыз жана ичимдик ичкенден кийин мас болуп калуудан корксоңуз, анда активдештирилген көмүрдөн той башталардан 3-4 саат мурун керектүү сандагы таблетканын жарымын, тойдун ортосунда калганын ичип алыңыз. Дары алкоголдун канга аралашуу мөөнөтүн узартып, уулардын убагында кандан чыгып турушун шарттайт.

Эскертүү: Активдештирилген көмүрдү ичкенде кээ бирөөлөрдө ич катуу же тескерисинче, ич өтүү күтүлүшү мүмкүн. Организмди тазалоодо 12-14 күндөн ашык ичсе, уулануу күтүлөт. Ошондой эле керектүү витаминдердин, микроэлементтердин организмден чыгып кетишин шарттайт.
Ашказанында, ичегисинде жарасы барлардын оорусун күчөтө тургандыктан, аларга ичүүгө болбойт!

КАНЧА ӨЛЧӨМДӨ ИЧИЛЕТ?
“Кара дары” аталган активдештирилген көмүр адамдын салмагына жараша ичилет. Тактап айтканда, ар бир 10 килограмм салмак үчүн 1 таблетка. Мисалы, адам 50 килограмм салмакта болсо, анда 5 таблетка ичүү туура.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
22.06.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
22.06.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ жакында аллергия болуп,дарыгердин сунушу менен ичтим эле,жардамын берди.
22.06.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бир кундо 5 таблетка ичиш керекпи?
29.06.2015. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дарыны аптекалардан тапсам болобу .
03.07.2015. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир куно канча маал ичууго болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо