Кичинекей манасчы Үмөт Дөөлөтов: «МИНИСТР БОЛСОМ МАНАС АТАМ МЕНЕН АТАМБАЕВ АТАМА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗАМ»

№659 19-июнь-25-июнь, 2015-ж

Эл арасында Cаякбай, Сагымбай өңдүү улуу манасчылардын жолун улап келе жаткан манасчылар көп эле. Бүгүнкү каарманыбыз 10 жаштагы манасчы Үмөт да кыргызга таандык бул өнөрдү 3 жашынан бери аркалап келет. Жакында эле Маданият министирлиги тарабынан «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды. Үмөт тууралуу кызыктарды билүү үчүн ал жашаган Чолпон-Ата шаарынын жанындагы Бактуу-Долоноту (мурунку аталышы Хутор) айылына барганбыз. Чоң атадай сүйлөгөн Үмөт бизге көл жээгинде манас айтып, комуз чертип, өзү жөнүндө кызыктуу кеп салып берди.

– Кандайсың, Үмөт? Окуу мезгили аяктап каникулга чыктың, кандай эс алып жатасың?
– Саламатсызбы?! Жайында апам пансионат иштетет. Атам Москвага кетет. Мен көлгө түшөм. Нарындан, Бишкектен туугандарым келет, ошолор менен ойнойм. Мен Нарын районунун Миң-Булак айылында төрөлгөм. Тынымсейит уруусунан болом. Бирок Ысык-Көлүм мага жагат, азыр бул жерде үйүбүз жок. Ушул жактан үй алып биротоло жашап калсак дейм.

– Мектепте кандай окуйсуң, канчанчы атамансың?
– Жакшы окуйм, математиканы жакшы көрөм. 1-классты окуган эмесмин. «Жакшы окуйт экенсиң» деп дароо 2-класска көчүрүп коюшкан. Класста биринчи атаманмын. Бир тентек бала бар эле, ошону өллө ыйлатып салганмын да.

– Үмөт, айтсаң, кантип манас айтып калгансың?
– Кичинемде эле столдун үстүнө отуруп алып, баарын кошуп айта берчүмүн. Анан эки улуу байкем бар, аларга атам манасты китептен окуп берип жаттатчу. Мен ошондо мээме түйүп алып айтып берчүмүн. Биринчи жолу Нооруз майрамында, андан соң 4 жашымда Роза Отунбаева катышкан майрамда манас айттым. Роза Отунбаева жакшы эже экен, менин бетимден өөп 100 доллар берген. Мен ал акчаны атама берип койдум.

– Манасчылык өнөрүң менен көп жер кыдырыпсың. Сага кайсы жер жакты?
– Ибрагим Жунусов менен Москвага баргам. Мага орустардын элчилиги «Үмөткө Москваны көрсөткүлө» деп айдоочусу менен машина берген. Ошол машина менен атам экөөбүз Москванын кооз жерлерин кыдырып чыкканбыз. Андан кийин Алмазбек Атамбаев менен дүйнөлүк конференцияга бардым. Алмазбек атам мага алтын саатын, анан акча берди. Астанага, Азербайжанга баргам. Парижге баргам, ал жакта кытайлар Манас атамды алып кетебиз дешкенде, мен алып калбадымбы манас айтып. Менден башка да манасчы байкелер барышкан. Манас атам бизге өткөндө баары кучакташып ыйлашты. Ал жакка Карганбек (ред. Самаков) байкем менен барганбыз. Ошол байкемди камакта дейт го, эмнеге? Мен угуп жаман болбодумбу. Мени ошол байкем чыгарган да. Ии, анан Түркияга да баргам, ал жактан Стамбулдун мэрине жолуктум. Андан ары Анкарага баратсак эле жолдо Нурсултан Назарбаевдин эстелиги турат. «Эмнеге Атамбаев атамдын эстелиги жок?» деп капа болдум. Мен чоңоюп министр болоюнчу, ал эстеликтен да чоң кылып жанына Манас атам менен Атамбаев атамдын эстелигин тургузам.

– Ошондо эстеликти биринчи Манас атаңа тургузасыңбы же Атамбаев атаңабы?
– Манас атама биринчи тургузам. Манас атам жок болсо, Атамбаев атам болмок эмес да.

– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Саякбай атамдай үстүмө чепкен жамынып манас айткым келет. Мен манасты такыр таштабайм. Жол салам, бийик кабаттуу үйлөрдү куруп, жакыр жашаган адамдарга берем.

Сени апаң аябай тентек деди. Тентектик кылганыңда апаң кантип жазалайт?
– Ооба, тентекмин. Өпкөм көөп баратканда шорпо ичирип коёт.

– Манасты эл жок жерде деле айта бересиңби?
– Ооба, эргүү келгенде, Манас атам маңдайыма жакындап келе жатканда чөпкө отуруп айта калам. Айтпасам жолум болбой калат.

– Манас айткандан чарчап калган учурлар болобу?
– Ооба, чарчайм. Бирок мени токтоткондо кайра айткым келе берет. Жеңилдеп калгыча айтышым керек.

– Манас атаң түшүңө киреби, ал ким болгон билесиңби?
– Ооба, түшүмө кирет, бирок аны айтпаш керек. Атам айтканга болбойт деген. Манас деген баатыр болгон, мына могундай болгон (Үмөт манас айтып кирди).

– Сенден кол тамга сурап, сүрөткө түшкүсү келген күйөрмандарың барбы?
– Толтура да.

– Жакшы көргөн кызың барбы?
– Бар болчу, бирок аны азыр сүйбөй калдым.

– Эмнеге?
– Жаман болуп кетти, чектен ашып.

– Маегиңе чоң рахмат, Үмөт! Өмүрлүү бол!

Апасы Бактыгүл: «БАЛДАРЫМА КОШУЛУП МЕН ДА МАНАСЧЫ БОЛУП БҮТТҮМ»
– Бексултан Жакиев бир жолу «Үмөт манасты курсакта жатканда уккан» деп айткан эле. Мунусу чын, анткени курсакта жаткан кезден эле манас угуп чоңойду. Атасы жумушка кеткенде анын ордун басып балдарыма манас окуп берип жатып, өзүм деле манасчы болуп бүттүм. Бала бакчада балдар көчөдө ойносо, Үмөт бактын башына чыгып алып эле кыйкыра берчү. Жини чукул, бирок бат жазылат. Уйкучу, жөн койсоң түшкү 12ге чейин былкылдабай уктай берет. Анан аябай ала көөдөн, ачык-айрым, үйдө болгон нерсени төкпөй-чачпай баарына айта берет.
Роза Отунбаева президент болуп турганда бизге үй бөлүнүп берилсин деп чечим чыгарган эле. Бирок биздин айыл өкмөт тээтиги тоонун боорунан 8 сотых жер эле берди. Ал жакта суу чыкпайт, учурда Бактуу-Долоноту айылында батирде турабыз. Ушул үй маселесин чечип беришсе жакшы болмок. Уулум жакында эле «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алды. Дүйнөдө он жаштагы бала мындай наам ала элек экен, Үмөт алгачкысы болду окшойт. Буга чейин көп эле сыйлыктарды алып жүргөндүктөнбү, ал бул сыйлыкты ошолордун бириндей эле кабыл алды. Өтө кубанганын деле байкаган жокмун. Ал эми атасы экөөбүз уулумдун бул ийгилигине азыркыга чейин кубанып бүтө албай жатабыз.

Атасы Болот: «МАНАСЧЫЛЫК ӨНӨР АТА-ТЕГИБИЗДЕН КАЛГАН»
– Биздин тегибиз Нарындан болот. Миң-Булактын суусунан деп айтып калар элек. Ал жактан көп манасчылар чыккан. Биздин чоң аталарыбыз боюнда болбой жаткан аялга топусун карматса, төрөп кала турган касиети бар экен эле. Өзүм да манас айтам. Улуу эки балама тең манас айтканды үйрөтчүмүн. Үмөт ошолорду көрүп ойноп жүрүп эле өздөштүрүп алды. Манасчылык өнөр – бул өзүнчө касиет да, Үмөт кээде түшүнөн чочуп ойгонот. Манас айтып жатып ыйлап жиберет. Андыктан дайыма жанында коштоп жүрөм. Бул бир башкача дүйнө, кирсең такыр чыга албайсың. Мен да кээде буулугуп калганда машина айдап баратып Балыкчыга жеткичекти күпүлдөп манас айтып калмай адатым бар.

Манас менен ооруган Үмөт келечекте чоң манасчы болсом деп кыялданат.

Үйдөн көкүрөк күчүгү Үмөт ата-энесинин сыймыгы болуп келет.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Кичинекей манасчы Үмөт: "Манасты" такыр таштабайм"

Автор: Гүлжамал Калыкова
Оператор: Мелис Маматкулов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(59)
22.06.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza761024,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эскертүү!
22.06.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашы 40тан ашкан Мотуев менен 10 жаштагы баланы салыштыргандар аман эле болгула.
SUPER.KG видео
22.06.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омуруу узун болсун.
22.06.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Онору оркундосун Азамат бала. Ден соолукта болсун. Омурлуу болсун. Бирок капа болгон жерим. Апасы окмоттон уй сураганы. Адам бир эле окмотко карабай
. Баласын колдонуп. Ден соолугу аман болгондон кийин озу иштеп уй жер алнанга аракет жасаш керек.Деп ойлойм.
Медиа-портал
22.06.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым колдосун кичинекей Манасчы!!! Манас атабыздын руху колдосун!!!!!!!
SUPER.KG видео
22.06.2015. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Үмөт тилегиңе жет
22.06.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмүрлүү бол ананайын, сага кең келечек каалайм. Жолуңдан караниеттер жолукпасын, дайыма жакшы адамдар курчап турсун. Ата-энеңе ден-соолук. Өкмөт акыры көңүл буруп,силерди үйлүү кылаар
23.06.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тенир озу колдосун! Манас атабыздын Рухун ыраазы кылып, онорунду таштаба. Омурун узун болсун!
23.06.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын укам оозду ачырдынго жаттаган ырды да мынчалык айталбайм.коз тийбесин тфу тфу.
23.06.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Манасчылардын канчоосу намаз окуганын билесинерби? Ким так билет? Тек гана жаны жаралган балага ач назар таштагандан алыс бололу туугандар! Манасчылык онор аяндан беоилген, еыргыз улуту учун кенч!беш убак намаз окуп бузукулук иштерден кайра тартпай жаткан замандаштарыбыз нечендеп саналат. Кыргыз экенибизди, кудай колдоп сакталып келе жаткан эл экенибизди эч качан унутпасак.Бул жаш наристе бала ак караны чонойсо ылгап алат. Кудай суйуп ушул онорду бериптир, аздектеп алышыбыз парз.
23.06.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
adilbars,намаз окуп жаман иш кылса оздоруно. Намаз мусулмандын парызы
23.06.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантын ташкындай берсин иним
23.06.2015. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тообо!Окуп алып абдан зээним кейиди.Жолдун болоор болбосу Жараткандын колундагы иш да.Ата-энеси Исламдан кабары жок учун бала да ушинтип суйлоп атат.Иши кылып Манасты Тенир деп албасак эле болду.Астахфируллах.
23.06.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын онорун оркундой берсин кырнызды дуйного дунгуроткон эр жигит болуп чоное бер
23.06.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым омурунду берсин!!!


23.06.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Манас атанын эстелигин курсанда Ашаныкын курба ал Ким эмне кылып койду
23.06.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шорпо ичирип койгону кызык экен
23.06.2015. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Manas Atabyzga Atambaevdi salyshtyrgan bolboit.
SUPER.KG видео
23.06.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тообо!окуп алып зээним кейиди.Жолдун болоор болбосу Жараткандын колундагы иш ко.Исламдан сабак алдыртса боло ата-энеси.Ушинтип анан руху,духу колдосун деп атып,Тенирчилер кобойуп атат.Иши кылып Манасты Тенир деп албаса эле болду Кайран Кыргыз!
23.06.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошой атанчы,чубак атанчы деп сураганы жакты))))
SUPER.KG видео
23.06.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тенирчи болуп кетпегей эле...
Медиа-портал
24.06.2015. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын баатыры бол Манас Атадай болуп. а жанагы чала молдо дин бузарлар окууйберсин намазын намаз окууган Адам бироого сын такпайт.намаз окуусан озун учун окууйсун артыны ойлоп.намазды атаны апаны окуут бирого айтпай. духунар жетеби ушундай суйлошко. намаз намаз дейсинер диндин кайсы тарабында жургонунорду тоолук билбей. эн негизи журогунор тазаа болсо бейиштин жолу ачык.
24.06.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым узак омур,чын ден соолук берсин.Сендей урпактарыбыз кобойсо экен.Кудайым душмандын созунон козунон сактасын.Омурлуу бол,келечегин кен болсун ылайым.
25.06.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эе кайран кыкелер кайда болсо пендечилигибиз тетирилеп тескери суйломойубуз качан калаар экен .Жадаса жаш балага жакшы максат тилегине баракелде деп бата ондонтуп ак тилек айтып койгондун ордуна Мотуевге окшотуп намаз окубайт деп арбак колдойт деген куноо деп корунгонду суйлойбуз.Кичине бала болсо да ушул жерде коммент.жазып акылдуусунгандарыбыздын кобубуздон он эсе жогору суйлоптур го.Беш кун мечитке барып баян угуп алып акыл айтпай эле койсонор болмок экен чала молдокелер Аллах колдосо арбак да колдойт ата бабадан келе жаткан соз.Атабыз Манастын арбагы колдосун бул баланы
25.06.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamaidingoru Ошондо сиз бейишке путевка алып койдунузбу?
25.06.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бали,бали омурун берсин СУУББАХАННАКА АЛЛАХУ ТАЛЛАА ОЗУУ. Аааамииин АЛЛАХУ АК БАР.
25.06.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsin Umot,Allahim seni koldosun!Tez arada namazdi bashta makulbu ?:))
26.06.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун!!! Тилегин берсин!
27.06.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окшоштураар адамды да тааптырсынар. Жаш балага мынча сындын эмне кереги бар. Чонойгончо дагы канча акыл токтотуп, эсине келет. Кичине пейилди ондосок айланайын. кенедей баланыда жон койбой тенирчи деп жулмалабай.
27.06.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ээээ зачем Атамбаевдин эстелигин кыйраттып коюптурбу...журот го судуролуп эчнерсени чече албай
Медиа-портал
22.07.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn, inim! Manas atamdyn arbagy koldosun! 24münöt boiu kozumdu albai kunt koiup kordum. Abdan yraazy boldum! Önörün öchpösün!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо