Орусиядагы мигранттар үчүн жакшы кабар: «КАРА ТИЗМЕ» БОЮНЧА БИР ТОП ЖЫЛЫШ БАР

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн аптанын аягында Орусияга барган иш сапарынан аталган өлкөдө иштеген кыргызстандык мигранттар үчүн жакшы кабарлар менен кайтты.

«КАРА ТИЗМЕГЕ» КИРГЕНДЕРГЕ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛДЫ
19-июнь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов менен Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский макулдашууга кол койду. Аталган документте эки өлкөнүн ортосундагы кыргызстандыктардын Орусияда, орусиялык жарандардын Кыргызстандын аймагында жүрүү боюнча жаңы тартиптери каралган. Ага ылайык, милдеттүү түрдө каттоодон өтпөстөн 30 күн бою кыргызстандыктар Орусиянын, орусиялыктар Кыргызстандын аймагында жүрө алышат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кошулуп жатканын эске алуу менен Федералдык миграциялык кызматы 3 жылдык мөөнөткө депортацияланган кыргызстандыктарга Орусиянын эшигин ачат. Бул чечим 3 жылдык мөөнөтүнүн тең жарымын Кыргызстанда өткөргөндөргө гана тиешелүү. Жеңилдик «кара тизмеге» кирген бардык мигранттарга тиешелүү эмес. Ошол эле учурда Орусиянын миграциялык мыйзамын бузган, тагыраагы, «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейинки мезгилде Орусиянын аймагынан эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайра кирүүгө уруксат берилди. Ушундай жол аркылуу шайлоо алдында кыргыз жарандарынын мекенине келип кетүүсү менен алар биометрикалык каттоодон өтүп, парламенттик шайлоодо добуш берет деген максат каралып жатышы ыктымал. Мындай чыгып-кирүү мүмкүнчүлүгү 1-ноябрга чейин документтерди мыйзамдуу түрдө оңдоп, жаңы миграциялык карта ачып алууга болот дегенди билдирет. Алар «кара тизмеге» киргизилбейт. Мурдагы мыйзам бузуулары дагы жоюлат.
Бул шарттар 19-июлдан баштап күчүнө кирет.
Маалымат үчүн: Орусиянын «кара тизмесине» кирген кыргызстандыктардын саны 80 миң кишиге жетет. Ал эми Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны Федералдык миграциялык кызматынын маалыматы боюнча 200 миң адамга жакын. «Кара тизмеде» бар-жок экенин Федералдык миграциялык кызматынын сайтынан текшерүүгө болот.

Эльвира Караева
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
29.06.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык экен.
29.06.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А 1-ноябрьдан кийин не болот...
05.07.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-ноябрь болот.
29.06.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidan94ru
1-ноябрга чейин кирип чыгып миграционный картанды алмаштырып алсан кара тизмеден чыгып кетет экенсин.
29.06.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун болуптур да: )
29.06.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы келишим экен бир аз мигранттарга да женилдик болгону жакшы.
29.06.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чон жанылык Атамбаев жанымда болгондо бир кучактап койот элем. ))))
30.06.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбайевге рахмат
30.06.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип текшерсе болот экен кара тизмеде бар же жок экенин?
02.07.2015. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant.elmira, «Кара тизмеде» бар-жок экенин Федералдык миграциялык кызматынын сайтынан текшерүүгө болот.- деп жазылып турат го
05.07.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайтты жазсам super ban алып калам. Гугледен :) фмс черный список деп карасан, туура шилтеме чыгат.
02.07.2015. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жанылык болуптур Атамбаевке чоон рахмат кооптогон мигранттар кыйналып атышкан ошолорго кыйла женилдик болду
01.08.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жалган мен барып артка кайттым.чыкты деди эле жалган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо