НАРИСТЕГЕ КАМ КӨРҮҮНҮ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

Сүйүнчү! Наристелүү болдуңуз! Толкундоолор менен коштолгон күндөр артта калып, төрөтканадан чыгып жаңы түйшүккө малынасыз. Ымыркай сизден эки эсе камкордукту күтөт. Балакайды аман-эсен торолтуп алуу үчүн бул кеңештерге көңүл буруңуз.

КИРИНТҮҮ
Алгачкы айда сууну кайнатып, аны 36-37 градуска чейин суутуп алып, анан жуунтуу керек. Же болбосо чыканагыңызды салып көрүп текшерсеңиз болот. Жуунта турган чылапчынды ашкана содасы же марганцовка менен жууп, чайкаңыз. Киринтүүдө бөлмөнүн эшик-терезесинин баары жабылышы кажет.
Кичинекейди сууга буту менен акырын салып көндүрүңүз. Чочуп кетпеши үчүн жалаякка ороп алыңыз. Суу моюнуна чейин көмүп турганы жакшы, чыйрыгып же чочуп кетпешине шарт түзөт. Чочутуп алсаңыз, кийин жуунтууда маселе жаралат. Биринчи күндөрү баланы чүпүрөк эмес, кол менен жууп койгон эле жетиштүү. Албетте, балдарга арналган самынды колдоносуз.
Түрдүү чөптөрдү кайнатып, чайкай турган суу даярдап алсаңыз да болот. Баланы жуунтууда уйгак чөп (череда), ромашка, шалфей жардам берет. Териси кургап кетпеши үчүн чөптөрдү жумасына 2-3 жолу алмак-салмак колдонуңуз. Баланы алгачкы күндөрү 7-8 мүнөт жуунтуңуз.
Жуунтуп алып чыккандан кийин аарчып, майлап кийинтүү керек. Ыйлап жатса эмизип сооротуп алуу кажет.

УКАЛОО

  • Бир айынан тарта укалоонун алгачкы элементтерин колдонуңуз. Колдорун, тамандарын аздап укалоого болот, 4 айына чейин башын, курсагын катуу кармаганга болбойт.
  • Массажды 4-5 айынан баштаңыз. Бөлмө жана сиздин колуңуз жылуу болушу керек. Колуңузга крем же вазелин сүйкөп алыңыз.
  • Биринчи колдорунан баштаңыз. Колдон чыканакка, андан далыга өтүңүз. Далыдан кийин буттарга өтүп тамандан баштап, көтөнүнө чейин укалайбыз. Буттан кийин ичине өтөбүз. Сааттын жебесинин багыты боюнча акырын айлантабыз. Бул кыймылды 5-6 жолу кайталаңыз.
  • Укалоо учурунда бала өтө ачка да, өтө тоюп алган да болбошу керек. Ага чейин жуунтуп, тосуп алсаңыз, ал укалоодон ырахат аларына ишенип коё бериңиз. Баланын сөөктөрү жумшак болгондуктан ар бир кыймылды аяр жасаңыз. Убактысы 15-20 мүнөттөн ашпаганы оң.
  • Кичинекейдин маанайы жок, дене табы жогору, ичи көөп жатса токтотуп коюңуз. Тубаса жүрөк оорусу, грыжасы болсо массаж жасаганга болбойт!

ИЧИ КӨӨП ЖАТСА...

Эмчек эмгенден кийин бала уктап калбай, чырылдап ыйлап буттарын тыбыратып баштаса, ичин кармалап көрүңүз. Катуу болсо, демек, ичи көөп жатканы. Чочубаңыз, бул али ичегилер функциясын жакшы аткара электигинен кабар берет.

  • Эмгенден кийин 10 мүнөттөй тикесинен көтөрүп кекирип алганын күтүңүз. Укроп суусун берүү да жардамга келет. Ичин сааттын жебеси айлангандай аяр укалап туруңуз. Жалаякты үтүккө бир аз ысытып басып көрүңүз, бирок өтө ысытып жибербеңиз. Курсагы менен 3 мүнөт жаткырсаңыз жел чыгып кетет.
  • Эне тамак ичерде баланын ичин көптүрбөй турган тамактарды ичиши да кажет. Такыр токтобой ыйлай берсе, педиатрга алып жөнөңүз.

КҮНҮМДҮК ГИГИЕНАСЫ
1 Күнүгө эртең менен кайнатылган сууга кебезди малып, аны сыгып алып көздөрүн ички жагынан сыртка карай акырын сүртөбүз. Эки көзгө эки башка кебез керек. Эгерде көзү чылпактап калса, ромашканын суусуна же жаңы демделген чайга кебезди малып, сүртсөңүз болот.
2 Жакшы дем алышы үчүн мурдун жумшак кебезди кол менен тоголоктоп, башын бир аз учтуу кылып алып тазалайбыз. Кулагынын ичин, артын, бетин, колдорун кайнак сууга малынган кебез менен абайлап аарчып чыгабыз. Көтөнүн жууп, атайын крем менен майлайбыз.
3 Наристенин киндиги айыгып кеткенче күнүгө кулак чукуган башында кебези бар таякча менен тазалап, 3 пайыздуу суутектин кычкылы (перекись водорода), же зелёнканы малып туруп сүйкөп коюш керек. Марганцовканы мала кызыл кылып алып жуунтсаңыз, киндиги тез айыгат.
4 Тырмактарына көңүл буруп, тез-тезден алып турбасаңыз бетин тытып алышы мүмкүн.

ДЕН СООЛУГУН ЧЫҢДОО
Наристеңиздин ден соолугу чың болуусу үчүн алгачкы күндөрдөн суукка, ысыкка чыдамдуу кылыңыз. Ороп-чулгап, үстү-үстүнө кийгизе бергенден бала ысык-суукка чыдамы жок, кичине жел болсо эле ооруй бере турган болуп калат.
Күнүгө бир жолу жылаңач кылып бөлмө температурасында чечинтип абага көндүрүңүз. Жаңы төрөлгөндөрдү күнүгө 3-5 мүнөт, 6 айынан 1 жашка чейин 10-15 мүнөт жылаңач койгонду адат кылсаңыз жакшы болот.
Күнүгө сууга түшүрүңүз, 38 градустан 28 градуска чейинки температурадагы сууга түшүрсөңүз болот.
Таза абага тез-тез чыгарыңыз. Төрөтканадан чыгып келгенден кийин жай мезгили болсо баланы күн сайын 15 мүнөттөн сыртка чыгаруу керек. Чоңойгон сайын убакытты узартып отуруу зарыл. Кышында төрөлсө, жылуу кийинтип алып 5 мүнөткө чыгуу керек.
Алты айында жайкы күндөрү арабага уктатып, короого же балконго таза абага 2-3 саат чыгарып койсоңуз болот. Ичин жана эмгегин жаап коюш керек. Кышкы күндөрү сейилдеп жарым саат сыртка уктатсаңыз болот.
Жаңы баса баштаганда байпаксыз бастырып көндүрүңүз. Анткени тамандагы чекиттер ысык-суукка көнүп, кийин суук тийбейт.

БУЛАР ДАГЫ МААНИЛҮҮ!
Эркек балдарды 5 айынан, кыздарды 6 айынан баштап отургузуу керек. Башында 1 мүнөт гана отургузуп көндүрүп, анан денесин кармай алганда көбүрөөк убакытка көндүрүү керек.
Баланын далысы жабышып калышы мүмкүн. Ошондуктан жуунтканда көп учурда далыга массаж жасап, бир колунан салмак менен көтөрүп туруу керек.
Башы сүйрү болуп калбашы үчүн күндө бир абалда жаткырбаңыз. Чалкасынан жаткырууда дем алуусу кыйындап, кусуп салса чакап кетиши мүмкүн. Көмкөрөсүнөн жаткырсаңыз, дем ала албай калуу коркунучу бар. Оң жана сол капталынан жаткырып, далысына кичине жаздык тиреп койсоңуз жакшы уктайт. Уктатканда жаздык жаздабай эле баш жагын бир аз бийиктетип коюңуз.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(17)
29.06.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага керектуу маалыматтар экен, бугун биринчи жолу жуунтайын дегем, эми билип алдым.
29.06.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men kachan uwul metotdordy koldonom;(
02.07.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sara90,турмушка чыкканда
29.06.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмаат кенешиниздерге,наристелер жонундо,алардын тамактануусу жонундо кооп жазыныздарчы?
29.06.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай сонун маалымат экен, мен бугун эртен торойун деп жаттым эле, бала ж.до маалымат кобуроок жазсаныздар....
29.06.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала жонундо кобуроок жазгылачы.мен аябай коп оорутам кичинекейимди
29.06.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат. Куда кааласа коз жарышыма аз калды. Ушундай маалыматтарды топтоп журом. Ии баса баланын тили агарса эмне кылуу керек ушул жонундо да маалымат берип коёсуздарбы. Рахмат
30.06.2015. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janko1,тили агарып калса кадимки стерильный бинтти бармагына ороп акырындап тазалап койсон болот
30.06.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
szairbek,Рахмат. Эч кандай раствор жасабай элеби?
30.06.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janko1,жок эч кандай раствордун кереги жок
30.06.2015. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маалыматтар экен. Учурда наристем менен алекмин. Жогорудагы конугуулорду тез тез жасоого арекеттенип атам.
01.07.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар кандайыбыз наристелик учурду баштан өткөргөнбүз, бул абдан маанилүү жазма екен.
01.07.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да кудайым буйурса жакында торойм супер инфо сураныч даагы жазып тургулачы
01.07.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаш энелерибизге дагы бир кенеш . Баланыздын алгач ирет тырнагын ,чачын кимге кандай кесип ээсине алдырсаныз баланызда ошол кесиптин ээси болуп чыгышы мумкун.Мисалы коыз болс тырнагын чебер аялга алдыртсаныз кызыныз колу эптуу болуп чонойот. А уулду устага тырнагын алдырса баланыз уста болушу абдан мумкун. Бул тажрыйбадан откон. кызынызды кыркы чыкканга чейин сурпадагы унга колун бир эки мыжыктырып унду бир эки карматып ойнотуп койсонуз камырдан жасалуучу тамак-ашка ээпчил болот.
03.07.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш экен рахмат.
03.07.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенештер экен. Буйруса 2 айдан кийин мага жардамга келуучу....
03.07.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан сонун кенештер экен мага да 1 жарым ай калдыгоо эсен аман тороп алсам экен Иншаллах.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо