КЫРГЫЗСТАН 1 АЙДАН КИЙИН КАЗАКСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН КӨЗҮН КАРАБАЙ КАЛАТ

№660 25-июнь-1-июль, 2015-ж

Борбор Азиядагы бир­дик­түү энергетикалык ша­кекче – Союз учурунда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылып туруу үчүн түзүлгөн. Бул шакекчеден Түркмөнстан 2003-жылы, Тажикстан 2009-жылы чыгып кеткен. Казакстан менен Өзбекстан да аталган шакекчеге көз каранды эместигин билдирүү менен бир канча ирет чыгып кетүүгө даяр экенин жар салышкан. Аталган мамлекеттер шакекчеге көз каранды болбой тургандай кылып, өздөрүнүн электр өткөрүүчү линияларын тургузуп бүткөн. Бир гана Кыргызстан бүгүнкү күнгө чейин бул шакекчеге көз каранды болуп келе жаткан. Өлкөнүн түндүк аймагы Токтогул ГЭСи иштеп чыккан токту Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өткөрүлгөн линиялар менен, ал эми түштүк аймак кайра эле өзбек линияларынын жардамы менен алат. Казакстан же Өзбекстан энергетикалык шакекчеден чыгып кетсе, Кыргызстан электр энергиясыз калышы ыктымал.
Мындай кейиштүү абал, анын айынан Казакстан менен Өзбекстанга көз карандылык дагы канча деген жылдарга созулушу мүмкүн болчу. 2011-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда "Датка" подстанциясы, 2012-жылы Чүй облусунун Кемин районунда "Кемин" подстанциясынын курулушу башталды. "Датка" подстанциясынын курулушуна Кытайдан кредит алуу аракеттери Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттик тарабынан башталган. Бирок ал мезгилде мындай ири долбоор башталар-башталбасы, аягына чыгар-чыкпасы күмөн эле. Ошентип «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөрүүчү линиясы быйылкы жылы август айында ишке киргизилгени турат. Аталган долбоорго 2012-жылдын август айында старт берилген. Ал өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип, мамлекеттин энергетикалык коопсуздугун камсыздап, Казакстан менен Өзбекстандан болгон энергетикалык көз карандылыкка чекит коёт.
2003-жылы энергетикалык шакекчеден Түркмөнстандын, 2009-жылы Тажикстандын чыгып кеткенин эске алсак, кыргыз бийлигинин башында турган Аскар Акаевдин да, Курманбек Бакиевдин да мамлекеттин энергетикалык системин коңшу өлкөлөрдөн көз карандысыз кылып түзүп чыгууга кенен убакыт-сааты, бюджеттин эсебинен же насыяга болобу, каражат табууга мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Болгону эрк керек болчу. Кыргыз бийлиги «ойгонгуча» энергетикалык шакекчеге кирген Кыргызстандан башка 4 өлкө өзүнүн электр өткөрүүчү линияларын куруп бүтүрүүгө жетишти. «Датка-Кемин» сыяктуу долбоор мындан 10 жыл мурун тартылып баштаса, Кыргызстан бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөрдүн көзүн карабай, тең ата мамиледе болуп калмак.
Мына ушундай, 10 жыл илгери эле жасалышы керек болгон ишке ажолордун ичинен Алмазбек Атамбаев белсенди. Ал Кыргызстандын энергетикалык системин эч кимге көз каранды кылбай курууга биринчи болуп киришкен өлкө жетекчиси болду.

Эльвира Караева
koom@super.kg
super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(30)
29.06.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
29.06.2015. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уят деле жок экен Бакиев баштаган ишти АШАныкы деп
30.06.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Likvidator,Шайлооооооооооооооо жакындап калды.
01.07.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Likvidator, бакиев баштап туруп акчасын элге % берип баштаган да ошон учун кетти да. ал эми президентибизге бир гана мактоо!!!
29.06.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
зато буткону эсеп кимиси баштап,кимиси бутурсо да атасына ырахмат эгер бул элдин пайдасына иштесе,а иштебесе НААЛАТ
29.06.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айтаберет айтаберет оозун ачып кала берет! бул иштин да аягына чыгышына 100 пайыз коз жетпейт
29.06.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куто туралычы август деле узак эмес.
29.06.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коро жатарвыз бир ай отсун.
29.06.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
АША колунан келген аракетин кылып эле атат, акырындан бутуруп атат, мен колдойм!
29.06.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы мен кубанычтамын
29.06.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиевин 2010 жылы качып кетсе, подстанция 2012 башталса кайдан журуп Бакиев болот??? Атамбаевдин иштеген иши корунбой жатабы?
30.06.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Arzu.kg,Бакиев договорду тузуп. курулуш иштери башталаарда революция болгон
01.07.2015. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arzu.kg,бакиев болбосо башкасы деле баштамак бул ишти...
29.06.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тузук тузук жакшыле иштеп баштаган го дейм Атамбаев.Эми акырындап олкобуздо жумуштар да кобойуп,айлыктар да жакшыра баштаса эн сонун болмок.
29.06.2015. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arzu.kg бул 2012-жылы курулуш старт алган деп жатат, а курулуш иштеринин долбоору ооооооооооооо Бакиевдин учурунда иштелип даярдалган.
29.06.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Долбоор ссср убагында эле даяр болгон буйруса 31 августа Датка Кемин линиясына напряжения берилет
30.06.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы жанылыктарды окуган сайын кан басымым озуно келип жатат :)
30.06.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсеге ойлонуп акыл жетсе баа берсенер же пикиринерди билдирсенер Эльвира Караева . Ал «Датка-Кемин» подстанциясы Бакиевтин демилгеси менен Кытай тарап каржылап башталган иш.
30.06.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
miki87,макалада бул долбоордун кагаз жүзүндө эмес, иш жүзөгө ашып башталган жылдары берилген. Демилгенин өзү жана каражат табуу аракеттери 2010-жылдын январь айында көрүлүп башталган. Жазган сын-пикириңиз да эске алынат.
30.06.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буткондо мактайлы
30.06.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар кандай кылып бутурду экен бул линияны? деги кийин авария болбосо болду
01.07.2015. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат президентибизге!!!
01.07.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бутуп калар буйурса прездентибизде жылыш аябай чон ушинтип эле иштеп турса кыргызстанды 5жылда гулдотот
01.07.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Августка 1 ай калды туугандар
01.07.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Ажо ушунусунан кайтпасын жакшы жанылык экен.....
01.07.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билсенер Бакиев баштап берген иштерди Атамбаев ачып эле коюп жатат го. Мактангандан олуп кач деген соз бар.
05.07.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
begish_13.03, Бакиевди унутуп койгула болду
02.07.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begish_13.03,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
05.07.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул проект жакшы болду, бирок Токтогул ГЭС жакында куурап жатса, электричество каяктан алабыз?
05.07.2015. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга шугур бизда ошондой даражага жетет экенбиз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо