"КАРА ТИЗМЕДЕН" 49 МИҢ ЖАРАН ЧЫГАРЫЛАТ

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

«Кара тизме»балээси Орусиядан жумуш таап иштеп жүргөн жарандарыбыздын коркунучтуу түшүнө, көйгөйүнө айланган. Бирок кыргызстандыктар үчүн жакшы жаңылык пайда болду. Башкача айтканда, июль айынын ортолорунда Орусиядагы 49 миңден ашуун кыргыз мигранттары "кара тизмеден" чыгарылат. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов жана эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын башчысы Константин Ромодановский менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын "кара тизмеден" чыгаруу маселеси талкууланды. Ромодановский мамлекет башчылардын катышуусунда өткөн жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен орус тарап 49 миңден ашуун кыргыз жаранын "кара тизмеден" чыгаруу чечимин кабыл алганын билдирди. Мындай чечим июль айында күчүнө кирет. Эгер Кыргыз Республикасынын жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө үч жылга тыюу салынып, ал убакыттын тең жарымы өткөн болсо, алар да "кара тизмеден" чыгарылат. 5-10 жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынган жарандарга мындай мүмкүнчүлүк берилбейт. Соттун чечими менен Орусиядан чыгарылгандар да "кара тизмеден" чыгарылбайт. Бул категориядагы мигранттардын саны 3 миңге чукул. Андан тышкары Орусиянын миграциялык мыйзамын бузган кыргыз жарандары Орусияга 10-июлдан 1-ноябрга чейин тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат. Өлкө аймагына кирерде эмне максатта Орусияга келип жатышканын так көрсөтүшү (мигранттар "жумуш үчүн" деп жазышы керек) зарыл.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(16)
06.07.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы жанылык экен.Тууган-уруктар суйунмой болду эми.Эркек киши кайда барса да нанын таап келет.Эркектерибизге куч кубат.берсе буюрса иштеп келишет.
06.07.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Границага таскоолдуксуз кирип чыкканга жол ачып бергени баарына жакшы болду.
06.07.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жерде кыргыздарды ишке албай жатат силерге Али закон чыга элек деп же патент жасабайт качан кучуно кирет
06.07.2015. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Р
08.07.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кундо москвада жургон кара тизмедеги адамдар КР тоскоолдуксуз чыгып жана тоскоолдуксуз киришеби ошондо?,( менин тушунугум боюнча.)
09.07.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо жамааты,ошондо 3жылга же канча жылга кара тизмеге киргендиги жонундо маалыматты кантип каерден билсе болот?маалымат алып бере аласыздарбы,алдын ала рахмат,Аллахым ыраазы болсун сиздерден
09.07.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
batma200294, бул жактан текшерип коргом мен http://services.fms.gov.ru/info-service.htm?sid=3000
10.07.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
http,бул жакта канча убакытка чейин экендиги тууралу жооп бербейт го
09.07.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам
09.07.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат сизге маалымат учун.
09.07.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан текшерсем кара тизмеде экеним эле чыгып атат да,анык канча жылга экенин билинбей атат
12.07.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени да чыгарышыптыр))))киргизип коюп,келген элем((
13.07.2015. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кагаз жузундо гана дагы деле кыйынчылыктар коп мекендештерибизде же документ анык чечилбей.иш жузундо баары аткарылса мыкты болмок
23.07.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ мени суроомо жооп берип койгулачы мен уч ай мурун москвадан кайтарды негелигин айтпады азр текшертсем таза чыгып атат fms.gov.ru ушул сайттан дагын каерден текшертсем болот
23.07.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diana2013, саламатсызбы!
Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Жооп алынса, "Соңку кабар" бөлүмүнө жарыяланат.
25.07.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
49мин жаранды кара тизмеден чыгарат дейт качан чыгарат же калп эле элди алдап журобу мен озуму текшерсем таза чыгып атат дагын кайсы сайттан текшерсем болот канча жылга кара тизмеге киргенимди жооп жазып койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо