«АТА МЕКЕН» МЕНЕН «УЛУТТАР БИРИМДИГИ» БИРИКТИБИ?

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Издөөдө жүргөн экс-мэр, «Улуттар биримдиги»партиясынын лидери Мелис Мырзакматов менен «Ата Мекендин»башчысы Өмүрбек Текебаев аптанын башында коомчулукка өзгөчө «сюрприз»билдирүү жасашты. Билдирүүгө ылайык, эки партиянын бир катар маселелер боюнча көз караштары бирдей экени айтылып, «биз өзүн кыргыз атуулумун деп сезген, тынчтык жана саясий туруктуулукту баалаган, элибиздин бакубат жашоосун, мамлекеттик бүтүндүктү жана анын коопсуздугун каалаган жарандарыбызды саясий жана социалдык ушул билдирүү боюнча консолидацияга жана биригүүгө чакырабыз" деген сөздөр менен аяктайт. Албетте, коомчулукта «эмне экөө кошулуптурбу?»деген суроо чыкты. Эки тараптан тең партиялар кошулбагандыгы, тек гана шайлоо учурунда «Улуттар биримдиги»«Ата Мекен»партиясына колдоо көрсөтө тургандыгы жөнүндө жооптор болду. Айрымдар "эки партиянын саясаты эч убакта бир жерден чыкпайт, шайлоодон кийин эле бири-бирин карабай калышат" дешсе, кай бирлери "бул партиялардын ымала түзүп баштаганы жакшы жөрөлгө" деп аларга үмүт артышууда.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
06.07.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бириксе кучтуу партия болмок деп ойлойм, амбициялуу тажрыйбалуу лидерлер, экоонун тен кыргыз саясатында орду чон,мен колдойт элем...
06.07.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Албетте бекем позиция, туруктуу принциби менен Ата-Мекенге окшоп Кыргызстан учун Улуттар биримдиги колдоо корсотсо жакшы ийгиликтерге жетсе болот. Мырзакматовдун оштогу жасаган иштерине баа берем
06.07.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен колдойм
100%
06.07.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100% колдойм
06.07.2015. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3 жылдан бери копуро бутбой биз оштун эли жудоп кетик. Мелис болгондо бутмок качан еле.
10.07.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда биригуу жарайаны башталды, Мелис Мырзакматов 25-жыллан бери принциптен тайбай, чындык учун чыркырап келген Ата-Мекендин катарына кирип эн туура кылды.Ош шаарынын, Кара-Суу району бут баарыбыз Ата-Мекенге эми бут добушубузду беребиз.
13.07.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Мирзакматовду шайлоо башталганда колго алышыптыр айыпталып жатканда кайда журду Текебаев.Буларга ишениш жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо