ЧЕК АРАДАГЫ ОК АТЫШУУГА ӨЗБЕК ТАРАП КЫРГЫЗСТАНДЫ КҮНӨӨЛӨП ЖАТАТ

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Кыргыз-өзбек чек арасында 29-июнь күнү кайрадан ок атылды. "Айдаркен" чек ара отрядынын «Кара-Шоро»чек ара заставасынын жоопкерчилигиндеги «Машаланг»чек ара көзөмөл-постунун аймагында кыргыз өлкөсүнүн чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара сызыгында турган өзбек чек арачыларына эскертүү иретинде ок чыгарышкан, бирок алар адамдарды көздөй ок аткандыгы айтылды. Мунун айынан өзбек тараптан бир аскер жаракат алган. Өзбек тарап дароо "кыргыз өлкөсүнүн мас чек арачысы Өзбекстандын чек арачыларына автоматтан ок жаадырды" деп билдирүү таратып жиберди. Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматына таянсак, чатактын башталышына буга чейинки макулдашууну бузган Өзбекстандын чек арачысы себепчи болгон.
"Өзбекстан тарап эки тараптуу келишимдерден аттап өтүп, кыргыз тарап менен кеңешпей туруп такталбаган чек ара аймагына куралдуу 6 аскер кызматкерин жайгаштырган. Кыргыз аскерлеринин мамлекеттик чек араны бузбоо талабына заставанын жетекчиси "мен каерди кааласам, ошол жерде жүрөм" деп жооп берген. Ортодон сөздөр өтүп, Өзбекстандын чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй биринчи болуп ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары окко ок менен жооп берүүгө аргасыз болушкан",- деп билдирет мекеме.
Окуя болгон күнү эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнү, бирок бир чечимге келе алышпаганы айтылды. Өзбек тарап күнөөсүн моюнга албай жатат. Маалыматтарга ылайык, Мамлекеттик Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеев жаракат алган Өзбекстандын чек арачысынын тезирээк сакайышын каалады, бирок кыргыз тараптын атынан кечирим сураган жок. Кыргыз тарап Өзбекстандын Чек ара кызматын такталбаган, бир тараптуу маалымат таратууну токтотууга чакырды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(4)
06.07.2015. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозодо жон журсо болот, бир фитне чыгарбай озу баштап алып анан баштайт вай даат деп.
06.07.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз да чек арага жакын жерде жашаганыбыз учун мындай окуялар байма-бай катталып турат.Бирок аны козомолго алган адам жок.Кыргыз тарап качан караба жапа чеккени чеккен.Откондо Кыргыз жараанын Озбек тарап атып салышканда(атылган аял каза болгон.Эскертуучу ок чыгарылган эмес.Биринчи жолкусунда эле атып салган.)да Кыргыз тарап кынк эткен жок.Бул кошконул мамилеби же Кыргыздар койдон жоош дегениби?.Озбек тарапка октун учкуну учса деле доомат кылып бизди жоопко тарта алышат.Эмнеге биз андай эмеспиз.Же мен олбосом болду деген девиз менен жашайбызбы?Анда Эл,Жер учун Атуул учун ким куйот?
06.07.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз чек арачылары азаматсынар. Кечирим сурабагыла! Алардын куноосу болсо биз кечирим сурамак белек. Силерге дагы да болсо ийгилик каалаймын!
10.07.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай окуяларды далилдоо учун чек араны кайтарууга чыккан аскерлердин шлемине камера орнотуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо