Бишкек шаарында 209 МАШИНА ЖУУЧУ ЖАЙ бар, анын баары таза сууну иштетишет. «Бишкексууканал»ишканасынын маалыматы боюнча, чарба иштери үчүн өзүнчө суу чыгарууга чоң каражат талап кылынат.
- Алмазбек Атамбаев Казакстандын президенти НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВДИ I даражадагы "Манас" ордени менен сыйлады.
- 2015-жылдын 5 айынын ичинде 58 өспүрүм өз жанын кыйды. Анын ичинен 45тейи бардар үй-бүлөлөрдүн балдары.
- КАНАТ ИСАЕВ күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого катыша тургандыгына байланыштуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду.
- Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июнь күнү «МЕГАКОМ» компаниясын сатууга макулдугун беришти.
- СИНОПТИКТЕРДИН айтымында, июль айында абанын температурасы климаттык нормадан жогору болот.
- Бишкекте 1-июлдан тартып МУЗДАК СУУНУН тарифи калк үчүн 1 метр кубуна 4 сом 48 тыйындан 5 сом 38 тыйынга, бюджеттик уюмдар үчүн 6 сом 15 тыйындан 7 сом 38 тыйынга, ишканалар үчүн 7 сом 95 тыйындан 9 сом 15 тыйынга кымбаттайт.
- ИИМдин 10-башкы башкармалыгын жетектеп келген РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ Баңгизаттарды текшерүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы болуп дайындалды.
- Өлкөдө 5 жашка чыкканга чейин миң баланын ичинен 38и көз жумат. Ал эми ТӨРӨТ УЧУРУНДА кайтыш болгон энелердин саны 100 миң аялга 69у туура келет. Мындай маалымат ЮНИСЕФ тарабынан берилди.
- Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун айтымында, 2007-2009-жылдары сатылып алынган 450 таштанды ташуучу машиналардан азыр 44ү эле иштейт. Баары биригип борбордо 110-115 ТАШТАНДЫ ТАШУУЧУ унаа шаардыктарды тейлейт.
- Муфтият тараткан маалымат боюнча, быйылкы жылы битир-садаканын көлөмү 1 АДАМГА 40 СОМДОН 480 сомго чейин деп белгиленди. Анын баасы 1,6 килограмм буудай, ун, мейиз же 3,2 килограмм курма, арпадан эсептелип чыгат.
- 1-июлга карата биометрикалык каттоодон өткөн жарандардын саны 2 миллион 570 миң кишиге жетти. Анын 200 миңге жакыны БИОМЕТРИКАЛЫК МААЛЫМАТЫН бир канча жолу тапшыргандар болуп чыкты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg