Депутат Дастан Бекешевдин жубайы Кундуз: «ДАСТАН МЕНЕН ЖОЛУГАМ ДЕП 27 СААТ УЧАКТА УЧУП КЕЛГЕМ»

№661 3-июль-9-июль, 2015-ж

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жана анын жубайы Кундуздан «өмүрлүк жарыңыздын кайсы сапатын баалайсыз?» деп сурасаңыз, экөө бирдей бири-бирин «бул аябай боорукер» деп айтары бышык. Ооба, бул эки адамды боорукерлик табыштырган. Кантип дейсизби? Жооптор төмөндө...

– 2012-жылы «Супер-Инфого» берген маегиңизде сүйлөшкөн кызым чет өлкөдө деп айткан экенсиз. Ошол айткан кызыңыз бүгүнкү жубайыңыз болдубу же анда кеп башка кыз жөнүндө болду беле?
Дастан:
– Ошентиптирминби, ээ? Башка кыз эмес эле, Кундузду айткам (күлүп). Бул анда Америкада болчу. Кундуздун ата-энеси АКШга көчүп кетишкен.

– Кандайча таанышып калгансыздар?
Д.:
– Бир жолу мага бир эже кайрылып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласына компьютер алып берүүгө жардам кылышымды суранды. Мен социалдык тармактарга "ушундай майып балага компьютер керек болуп жатат" деп жарыя илсем эле, бир кыз "мен алып берем" деп калды. Адатта аз-аздап акча чогултуп анан алып берчүбүз да. Бир компьютерди бир эле киши кандай алып берем деп калды деген ой кызыктырды. Бул эмне саясатчыбы, ушинтип өзүнө пиар кылганы жатабы деп аны менен жазыша баштадык. Жок, жөнөкөй жана аябай боорукер кыз экен. Сөздөн-сөз чыгып тил табышып кеттик.
Кундуз: – Баарлашып баштаганда эле бир толкунда экендигибиз байкалды. Ой жүгүртүүбүз, көз караштарыбыз да окшош болуп чыкты.
Д.: – Анан мен жигиттик кылып ыңгайы келгенде жолугушууга чакырдым. Малайзиядан көрүшмөк болдук.

– Биринчи жолугушуу алдындагы сезимдер кандай болду эле?
К.:
– Мен аябай толкундангам. Анан Дастанды көрүү үчүн АКШдан Малайзияга 27 саат учакта учуп келдим. А бул болсо болгону 9 саат жол жүрүптүр. Экөөбүз келген учактар бир эле сааттык айырма менен аэропортко конду. Учактан түшүп аэропорттон бири-бирибизди издеп баштадык. Скайптан көрүп жүрчүмүн да. Көрөр замат эле тааныдым. Аэропорттун каттоо жагында жалгыз турган экен. 5-10 мүнөт жанына бара албай апкаарып турдум. Анан барып учураштым. Ал жакта төрт күн чогуу жүрдүк.
Д.: – Ошол 4 күндүн ичинде эле бирге болушубуз керектигин сездик. Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдун өзгөчөлүктөрүн көрүп, шаар кыдырып жүргөндөй болдук. Бирок азыр ойлосок экөөбүз бири-бирибиз менен эле алек болуп, сөзүбүз бүтпөй эле отурган экенбиз.
К.: – Мен азыр Малайзиядан эмнелерди көрүп, каякка барганыбызды деле эстей албайм.

– Бири-бириңиздердин жүрөгүңүздөрдү багынтууда кандай «фишкаларды» колдондуңуздар?
Д.:
– Оо, мен Кундуз үчүн болгон жакшы сапаттарымды көрсөттүм. Жыйынтыгы жакшы болгонун көрүп жатпайсыңарбы?!
К.: – Мен кандай болсом ошондой бойдон жүрдүм. Адатта кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө жаман жактарын жашырышат да, анан үйлөнгөндөн кийин бири-биринин жаман жактарын көрүп иренжип калышат. Ошондой болушун каалаган жокмун.

– Бири-бириңиздерге кандай жылуу сөздөрдү айтасыздар?
Д.:
– Мен ошондойго жокмун. «Коёнегим», «Солнышко» дагы башка деп эркелете албайм. Күкүшүм деп коём.
К.: – Мен Жан, Дас деп айтам. Дастан дей турган болсом, бул алдыда олуттуу сүйлөшүү турат деген белги (күлүп). Муну өзү жакшы билет.

– Адатта адам өзүнүн келечектеги жубайынын образын кыялдары менен чиймелеп акыл-эсине тартып алат го. Сиздерде да ошондой болсо керек?
К.:
– Дастан мен кыялданган мырза. Боорукер, жоопкерчиликтүү, чечкиндүү, эмгекчил, адамдардын ою менен эсептешип туура чечим чыгарганды билет.
Д.: – Кундуз менен күнүгө сыймыктана берем. Бир эле мисал. Кызыбыз Алсу 2 жаштан өтүп калды. Бир ордунда турбайт. Дүйшөмбү күнү Кундуздун жумуштары чыгып, апам ооруканада болгондуктан Алсуну кимге ташташыбызды билбей калдык. Анан 2 саат Ак үйдө менин жанымда тура турсун дедим. Ошол убакыттын ичинде 3 жардамчымдын шайы ооп, чарчап калышпадыбы. "Толтура кагаздарды жазганда да мынчалык чарчачу эмеспиз, бир кичинекей бала эсибизди оодарды" деп күлүштү. А Кундуз күнүгө Алсу менен, аны карайт, мени жумушка жөнөтөт, тосуп алат.

– Баса кичинекейиңиздер тууралуу сурап кетпесем болбос...
К.:
– Кызыбыздын атын Алсу деп атасы койгон. Дастанга өтө жакын. Атасы үйдө болсо 9да эле уктап калат. Кеч келе турган болсо чоң кишидей болуп күтүп отура берет.
Д.: – Кызым жөнүндө айтып түгөтө албайм. Бир жолу «Алсу, билесиңби, атаң каякта иштейт? Сенин атаң Жогорку Кеңеште депутат» деп айтып койгом. Азыр ата ким деп сурасаң: «Атака депутат» деп жооп берет.
Кызыбыз төрөлөргө жакын Кундуз АКШга кеткен. Ошол жактан төрөдү. Түнкү 3тө мага «сүйүнчү, кыздуу болдуң!» деп чалышты. Өзүм Кыргызстандамын, ар жактан кызымдын ыңаалаганы угулуп жатат. Кубанычым коюнума батпай, уктай албай койгонум эсимде. Ал эми аны колума алгандачы?! Оо, анда укмуш сезимдер болгон.

– Үйлөнүү тууралуу сунуш киргизген күн эсиңиздеби?
Д.:
– 2012-жылдын май айында Кундузду Бишкекке чакырып ата-энем менен тааныштырдым.
К.: – Тааныштырганда да «таанышып алыңыздар, бул менин келечектеги жубайым Кундуз» деген болчу.
Д.: – Жубайым болоруңду билгем да. Кундуз апама да аябай жаккан. Июль айында АКШдан никебизди кыйдырдык. Октябрда каттоого туруп, Бишкекте жакын санаалаш 7-8 адамды чакырып майрамдап койгонбуз.
К.: – Ооба, чоң той өткөрбөй эле коёлу дедик. Дастан жумуштан саат 4тө чыкты, мен агыш түстөгү жөнөкөй эле көйнөк кийип барып каттоого турдук. Анан ресторанга досторубуз менен барып белгилемиш этип койдук.

– Кечки тамак учурунда эмнелерди сүйлөшөсүздөр?
К.:
– Саясий иштерге аралашкым келбейт. Сөзүбүз көбүнчө кызыбыз тууралуу.
Д.:«Алсу мындай кылды, ал минтип сүйлөдү» деген эң жакшы көргөн темабыз го. Акыркы учурда турак жай маселеси жөнүндө көп сүйлөшчү болдук. Биздин өзүбүздүн үйүбүз жок да. Кандай кылсак, кайдан акча таап, кантип үй курсак деген маселелер көтөрүлүп калат.

– Казан-аяктын кагышы жөнүндө да кеп козгой өтпөйлүбү?
Д.:
– Мен аны маданияттуу түрдө «дискуссия» деп коём. Ооба «дискуссия» болуп турат. Анын жаралышына убакыттын тартыштыгы күнөөлүү. Кудай сактасын, бирок «чоң дискуссия» боло элек. Болтурбаганга аракет кылыш керек да.
К.: – Дастандын бош убактысы аз. Кызым экөөбүзгө атасынын көңүлү азыраак бурула баштаганда, таарынымыш болуп коёбуз. Ошол эле.

– Маегиңиздер үчүн чоң рахмат! Бактылуу болуңуздар!

«Жолдошумду Жан, Дас деп эркелетем. Дастан десем, алдыда олуттуу сүйлөшүү болот дегенди билдирет».

«Мени «атака» деп чакырган кызымдын кылыктары жөнүндө айтып түгөтө албайм».

Мирлан Өмүралиев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(28)
06.07.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай баалайм сизди! ишинизге ийгилик! Бактылуу болунуз! маданияттуу уй булоо экени корунуп турат!
06.07.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Маданияттуу уй булоп экени корунуп турат! Бактылуу болунуздар! Кызынар суу экенда аман болсун.
06.07.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен абдан ыраазымын Дастан Далабайевичке!бактылуу болушсун терен урматтайм уй булоосун,озун.Мен жардам сурап кайрылганымда унубузду жогорку жака жеткирди рахмат сизге дагы бир ирет.
06.07.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
06.07.2015. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы киши Жума намаздан коргом жанынан,бирок бир нерсеге тушунбойм сессияларда кобунчо орусча суйлойт, мен ойлогом кыргызча билбейби деп бирок мечитте кыргызча суйлогонунон кийин кыргызча билет экен го анан эмнеге орусча суйлойт дейм да,негизинен адамдык сапаты адамгерчилик жагынан коп депутаттардан алдыда турат
06.07.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун козу корот окшойт э анда?
06.07.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
-Sumitra-,эмнеге озум жакындан тааныбасамда депутатыбызды бирок антип жазуунуз туурабы? коротда!.
06.07.2015. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
-Sumitra-,кечиресин мен деле ойлоп кеттим дайыма очкичен журсо
06.07.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
06.07.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызын колуна алганындагы сезимдери менде болгонсуп озумчо эле толкунданып козумдон жаш чыгып кетти го
06.07.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмне учун постоянно очки тагынат
06.07.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу корбосо керек деген ойдомун. Себеби ьир депутатка залда канча депутат отурат санап беринчи деп суранганы бар. Козу коргондр суранбаса керек эле.
06.07.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai88,туура айтасын. Козу корбойт.
06.07.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai88 оа дагы бир интервьюсуда компьютерди окуганга кандайдыр бир жардамчы аппаратпы бир нерсем бар деген болчу анан китепти колум менен окуйм ддеген кантсе да эн бактылуу уй було экен
06.07.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы АДАМ.Олуттуу маселелерди которот.
06.07.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
интеллекти аябай жогору, сезгичтиги, маселени туура чечуу жолдорун укмуштуудай тез жана позитивдуу таба алат жана туура жолду, онугуунун жолун коро алат. Коптон бери байкап журом, Мумкун президент болсо мекен учун ийгиликтуу болмок,
Рузвельт да буту баспай коляскада отурчу, бирок президент болуп Американы бутуна тургузуп, онуктургон.
06.07.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолук бакыт ,бактылуу болунуздар !
06.07.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу корбойт болуш керек эле.
07.07.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булоолук бакыт каалайм! Дастан аганын козуно эмне болгон эле? Ал корот бирок 60 же 70% корсо керек.

Админ, мумкун болсо суроону жеткирип жооп алып бергиле. Рахмат!
07.07.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар. Биз телевизордон эле корсок дагы кучтуу бала экени корунуп турат.
07.07.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козу азиз беле
08.07.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козу корбойт туугандар журогу таза адам
08.07.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
2 козу коруп,бирок кокурок коодону сокур адамдар журот го,эч нерсеге пайдасы жок,(жада калса уй-булосуно).Сиз Дастан Далбаевич кокурок коодонунуз менен алдыны так коро аласыз.Элинизди тар жол, тайгак ашуудан алып чыгып кете алчу эр-азаматсыз!Сизге, ак жол!Кудай колдосун!
09.07.2015. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kozu korso kerek,kozu korboso kantip deputat bolup jurot,bir ishke kireerde ele kancha dokument tolturasin kozu korboso kantip kagaz ishterin kanday jazip jurot?
Sizge sunushum kirgizcha koburook suylop jursonuz jana koz ayneginizdi aziraak koldonsonuz deym
09.07.2015. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kozu korboso Malayziyaga kantip bardi ozu jalgiz? Kozu korboso Sotsiyaldik tarmakta emne ishi bar,al jerden akcha chogultat eken,ayali menen al jerden taanishiptir...
10.07.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козу 5 жашынан таптакыр корбой калган деген маеги бар эле го, келинчегине дагы Аллах ыраазы болсун, эки дуйнодо бактылуу болуп, озуно окшогон адамдык сапаты бийик уулдуу болсун
10.07.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай пенделердин сезими ото кучтуу корогоч болушат.Козу коргондордун коодону сокур.А мындайлар сезгич келет.Аллах керемети менен коодонун ачып койгон.Ишине ийгилик.
12.07.2015. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар так билгениниздер болсо,чын эле корорун,же начар,же такыр эле корбосун ачык жазгылачы,тушуно албай атам.Кечирип коюнуздар!бирок теледен гана билем чынында Дастан кыйын жигит.уй булосу менен бактылуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо