КОЛУҢУЗДУ КАРАП, КЕЛЕЧЕГИҢИЗДИ БИЛИҢИЗ

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

«Өз бактың – өз колуңда» дегендей, колуңузду карап кандай адам экениңизди же жакыныңыз кандай адам экенин билип алсаңыз болот. Хиромантия илими колдордун түзүлүшү жана алакандагы сызыктар тууралуу (оң алаканды карайбыз) кызыктарды айтып берет.

НИКЕ СЫЗЫГЫ
Нике сызыгы – чыпалактын алдында горизонталь жаткан сызыктар. Кээ бир адамдарда бул сызык жок болсо, анда алар турмуш курбай калышы мүмкүн. Эгерде үй-бүлөлүү адамдын нике сызыгы жок болсо, демек, ал адам никеге эсеп менен, кайсы бир максатты көздөп турганын билдирет.

ИЙГИЛИК СЫЗЫГЫ
Ийгилик сызыгы – аты жоктон ылдый кете турган сызык. Мындай сызыгы жок болсо, кандай таланттуу болсо да, ийгиликке көп жылдарда жетет.
Эгерде майда билинер-билинбес сызыкчалар болсо, бул колдун ээси өзүнө өзү жакшы ишенбейт, ошону менен ийгиликти качырып жиберет.

  1. Сызык аты жок манжага тикелеп барса, анда атыңыз чыгып, көп ийгиликтерди багынта аласыз. Мындай адамдар көп учурда ырчы, актёр, актриса болушат.
  2. Ал сызыкта кээ бир учурда төрт бурчтук пайда болушу мүмкүн. Мындай адамдар кимдир бирөөлөрдүн бут тосуусуна дуушар болушат.
  3. Эгер сызык эки ача болуп барып кайра кошулса, карьерасында тыныгуу болот.

1. СӨӨМӨЙҮҢҮЗ АТЫ ЖОКТОН КИЧИНЕ БОЛСО...
Мындай адамдар көп учурда сүйкүмдүүлүгү жана харизмасы менен жеңишке жетишишет. Чечкиндүү, алдында пайда болгон маселелерди жаштайынан өз алдынча чечүүгө чебер келишет. Ошондой эле көп учурда бирөөгө жардам бергенден ырахат алышат. Так илимдерге жөндөмдүү болушат.

2. АТЫ ЖОК СӨӨМӨЙДӨН КИЧИНЕ БОЛСО...
Бул адамдар эч качан бирөөнүн алдында башын ийишпейт. Майда-барат нерселер менен башын ооруткан адамдарды аябай жаман көрүшөт, уюштуруучулук сапаты жогору. Башкалардын өзүнө дайыма көңүл буруусун каалап турушат. Эгерде манжаңыз ушундай түзүлүштө болсо, бизнесте болобу, сүйүүдөбү эч качан биринчи кадам жасай албай, экинчи тарапты күтүп отура бергендердин катарындасыз.

3. АТЫ ЖОК МЕНЕН СӨӨМӨЙ БИРДЕЙ БОЛСО...
Өтө мээримдүү, чыр-чатактан алыс адамдар. Баары менен тил табыша алат жана үй-бүлөсүнө, ишине туруктуу. Сыртынан жоош көрүнгөнү менен, жини келгенде эч нерсе аларды токтото албайт.

КОЛДУН ФОРМАСЫНА КАРАТА



Төрт бурчтуу,
алакандары кең, манжалары кыска кол болсо, жөндөмдүү, эмгекчил, жөнөкөй адам. Энергиясы күчтүү, тил табышканга ылайыктуу. Мындай адамдар кыялкеч эмес, реалдуу нерсе тууралуу ойлонуп, ошону жасаганды жакшы көрүшөт. Керек жерден кимге болсо да жардамга келет.





Эгерде колуңуз узун, шадылуу болсо, кыялкеч адамсыз. Кара жумушка караганда чыгармачылыкта өзүңүздү таба аласыз. Сизди бир калыптагы көнүмүш жашоо тажатып жиберет, ар бир күндүн жаңылык менен коштолушун каалайсыз. Мындай колдун ээси көп учурда финансы жактан кыйынчылыкка учурайт.




Манжалары кыска колдордун ээси өтө өжөр болот. Өзүн ар дайым туура деп эсептейт, башкалардын пикирин уккусу келбейт. Аларга өз оюн, пикирин элге айтып түшүндүрүү кыйынга турат. Кээ бир учурда агрессивдүү болуп чыга келет. Бирок алдыга максат койсо, кандай болсо да жетип, ийгиликти багындыра алат.



Конус түрүндөгү колдордун ээси өтө назик адамдар. Алар орой нерсени кабыл ала алышпайт. Дүйнөнү жаш баланын көзү менен көргөн жан дүйнөсү таза адамдар. Мындай колдор негизи аз кездешет. Жаман жагы – жашоосунда кыйынчылык көрсө сынып калат.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
13.07.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ии менин колум конус турундогу колго кирет экен..))
13.07.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маалымат экен. Бирок Мунун баары Кудайдан болот. Кудай эмнени жазса ошону коробузда.
13.07.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишенбейм буларга.
13.07.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы келечекте канча балалуу болот экенин да корсоткон сызыктардан маалымат берип коесунарбы
Саби түзөттү 2015-07-13 13:13:12
13.07.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширк ишенбегиле!!!
13.07.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нике сызыгы журокту тушурду го
13.07.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нике сызыгы коркуттуго калганы туура Эле айтылыптыр))
13.07.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нике сызыгы менен ийгилик сызыгына тушунбодум эч окшото албадым. Бирок колум КОНУС туруно кирет экен ушуну так билдим . Бул жон гана божомол деп ойлойм, баары кудайдан ...
14.07.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалымат экен
14.07.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нике сызыгында 5)6) эки ачакей болуп туратко ошол экоо меники биригип кетет экен да, анысы жазылбаптырго тобо. Эки ачакейдин учу биригуулу экен менде. Кандай болот болду экен тушунуксуз чото.
14.07.2015. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо жылан жонундо маалымат бериниздерчи,уйдон чыккан жыланды олтуруп койсо не болот?
14.07.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_egizder, саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
14.07.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бунун баарына ишене турган болсок жашоо аралашып кеткидейго,баарысы кудайдан
14.07.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бунун баарына ишене турган болсок жашоо аралашып кеткидейго,баарысы кудайдан
15.07.2015. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1 Сөөмөйүңүз аты жоктон...
2 Аты жок сөөмөйдөн...
3 Аты жок менен сөөмөй... дегенди "Бир сөөмөй, эки аты жок, үч аты жок" деп эле окуп жаткам да, эмне эле болуп жатат десе... Цифралардан кийин (.) коюп койсоңор болмок экен.
15.07.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менде бироода дкал келген жок
16.07.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоже мне гадалка)))
16.07.2015. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники1турго кирет экен
16.07.2015. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалымат экен, жолдошум экообуздуку туура чыкты...
19.07.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо