ГМО ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛИП АЛЫҢЫЗ

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

Базарларда же соода түйүндөрүндө көз жоосун алып мөлтүрөгөн, бир кылка тегиз бышкан жер-жемиш, жашылчаларды, көпкө сакталуучу эт-сүт азыктарын албетте, көргөнсүз. Бул азыктардын «керемет» сыры эмнеде?

ГМО ДЕГЕН ЭМНЕ?
ГМО (Генетически модифицированный организм) – англис тилинен которгондо (genetically modified organism) – гени өзгөртүлгөн организм (көбүнчө азык-түлүк катары колдонулган организмдер, өсүмдүктөр, жер-жемиштер). Гендик модифицирленген (өзгөртүлгөн) организмдер ГМО гендик инженерия адистери тарабынан жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн организмдери менен гендик-модифицерленген микроорганизмдерди бириктирет. Жалпак тил менен айтканда, бир гендин кодуна экинчи генди кошуу дегенди билдирет. Мисалы, картошка генине чаяндын генин кошуунун натыйжасында эч бир жандык жебей турган картошканын жаңы түрүн алышкан. ГМО күнүмдүк колдонулуучу жер-жемиштерде: алма, алмурут, картошка, буурчак, күрүч, ашкабак, жүгөрү, сүттөн жасалган азыктарда, кондитердик жана эт азыктарында кездешет.

ГМОнун тарыхы

  • 1944-жылы Эвери, Мак-Леод жана Маккарти аттуу окумуштуулар ДНКнын (дезоксирибонуклеин кычкылы) «мурас сактоочу» экенин аныкташкан.
  • 1978-жылы «Genentech» фирмасы бактериалдык клетканын жана адам генинин катышында инсулин иштеп чыгышкан.
  • 1980-жылы АКШ гендик өзгөртүлгөн организмдерди патенттөө боюнча мыйзам кабыл алган.
  • 1982-жылы АКШда биринчи жолу организмдерге трансгендик аргындаштыруу жүргүзүшкөн.
  • АКШ 1994-жылы помидордун FlavrSavr сортун өндүрүүсү менен башталган. Бул помидорлорду +14-16 градуста үй шартында жарым жыл сактоого мүмкүн болгон.

ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮНҮН ТЕРС ЖАКТАРЫ:

  • Онкологиялык оорулардын көбөйүшү
  • Зат алмашуу бузулуп, иммунитеттин төмөндөшү (көбүнчө жаш балдарда)
  • Бойдун өспөй калуусу
  • Тукумсуздук
  • Төрөлгөн балдардын физикалык жактан алсыз, акылы кем болуусу

ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮНҮН ОҢ ЖАКТАРЫ:

  • Түшүмү жогору болот
  • Өсүмдүк тез жетилет
  • Аба ырайынын туруксуздугуна чыдамдуу келет
  • Курт-кумурскалардын, зыяндуу заттардын таасири анчейин тийбейт

КЫРГЫЗСТАНДА ГМО ӨНДҮРҮМДӨРҮ КОЛДОНУЛАБЫ?
Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы санитардык-эпидемиологиялык департаментинин маалыматы боюнча, ГМО өндүрүмдөргө тыюу салган мыйзам долбоору даярдалып, бирок иш жүзүнө аша элек. Казакстан, Орусия сыяктуу эле биздин өлкөдө да 0,9 пайыз ГМО кошулган азыктарды сатыкка чыгарууга уруксат берилген. Бирок азыктын курамында ГМО колдонулганы милдеттүү түрдө жазылышы керек. Кыргызстандагы соода түйүндөрүндө жана базарларында сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн ичинен колбаса, сосиска, сарделька, жүгөрү таякчаларынын, картошкадан жасалуучу чипсыларда курамында генетикалык жактан өзгөртүлгөн азыктар колдонулгандыгы аныкталган. Мындан тышкары Кытайдан алынып келинген тамак-ашка кошулуучу жыпар жыттуу кошулмалар жана Америкадан келүүчү тоок эттери да генетикалык жактан өзгөртүлгөн азык-түлүк болуп эсептелет.

ГМО ЭМНЕ МАКСАТТЫ КӨЗДӨЙТ?
Генетикалык өзгөрүштөр илимий жана чарбачылык максатта жасалат. Окумуштуулардын билдирүүсүндө, гендик инженерия дүйнө калкын ачарчылыктан сактоо үчүн жана климаты начар аймактарда азык-түлүк өсүмдүктөрүн мол өндүрүүнү максат кылат. Ошону менен бирге айыл чарбасында жер семирткичтерди, сууну аз колдонууну шарттайт. Ошол себептен дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө азык-түлүктү арбын өндүрүү үчүн гендик-модифицерленген организмдерди пайдаланышат. Мунун натыйжасында генетикалык жактан өзгөртүлгөн өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү табигый өсүмдүктөргө салыштырмалуу мол болот жана көпкө сакталгандыгы менен арбын киреше алып келет.
ГМО өндүрүмдөрүн өндүрүүчүлөр, «планетадагы адам санынын артышы менен келип чыккан ачарчылыктан ГМО өндүрүмдөрү гана сактап калат» деген пикирде. Ошол эле убакта «табигый жол менен өндүрүлгөн өсүмдүктөр жана жаныбарлар жер шарындагы бардык калкты азык-түлүк менен камсыз кылууга толук жетет» деп билдиришкен айрым окумуштуулар.
ГМО өндүрүмдөрүнүн «тукумсуз» экенин да эске алуубуз зарыл. Себеби гени өзгөртүлгөн жандык же өсүмдүк тукум улоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. ГМО өндүрүмдөрүн өндүргөн жана колдонгон өлкөлөрдүн алдыңкы сабына АКШ (68%), Аргентина (11,8%), Канада (6%), Кытай (3%) кирет жана бул өндүрүш жылдан жылга эселеп көбөйүүдө.

ГМОНУН ИЛИМДЕ КОЛДОНУЛУШУ
Азыркы учурда гендик өзгөртүлгөн организмдерди илимде рак, Альцгеймер (алжып калуу) оорусу, нерв ооруларын, майып мүчөлөрдү калыбына келтирүүдө жана картаюуну изилдөөдө, ошондой эле медицина жана биология тармагындагы учурдагы актуалдуу маселелерди иликтөөдө колдонулат.

АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КУРАМЫНДА ГМО БАР ЭКЕНИН КАНТИП БИЛЕБИЗ?
Негизинен тамак-аштын курамында ГМО бар экенин лабораториялык жол менен толук билүүгө мүмкүн. Антсе да айрым азыктардын этикеткасындагы белгилеринен да айырмалоого болот. Нукура азыктарда өзүнө тиешелүү жыты, даамы болот. Ал эми ГМО жолу менен өндүрүлгөн азыктар табигый азыктардан айырмаланып сырткы көрүнүшү көзгө толумду көрүнүп, курту, жыты жок, бадырайган азык-түлүк, жашылча-жемиштер болот.

Чыңгызхан Кожошов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(19)
13.07.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии бул каймакты мен аябай жейт элем.эми бул каробкада каймакты лабораторияга алпарып текшертпесемби кантипле мынча арзан деп тан калчумун 55сом эле туратле,,,,,
13.07.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijash90,Ушул каймакта ГМО бар деп жазган жокко,мисал катары корсотуп койгон
14.07.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aijash90,ГМОсуз деп турбайбы
13.07.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Албетте бизде ГМО суз деп жаза берет да,гмо эмес керек болсо продуктунун срогун текшерген адам жок го.Магазинге срогу отуп кетиптир деп кайра алпарсан корккондун ордуна ала бербейсинби а сметана срогу отсо эч теке болбойт деп кыйкырат го жаниббар
13.07.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман экен билип алдым, рахмет.
13.07.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай тамак жешти да билбей калдык
13.07.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жыты жок корунушу суктанаарлык момо жемиштерден албаган туура экенда рахмат супер инфо
14.07.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр озу бар жок эле таза эмес болуп калдыго не жешти да билбейсин балдарга болсо магазиндеп чипсы, сок, сметаналарды кундо эле алып беребиз ото коркунучтуу турбайбы! Адамдын ден соолугун ойлоп базардын лабораториясы деле текшерип турса кыдырып караса эл деле саткандан коркоттур албетте чара корулсо!
15.07.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде мөмө-жемиштердин ГМОсу бар жок экендигин аныктаган лаборатория жок, бул жерде кытайды 3% деп коюптур, жанылыш болсо керек кытай азыркы мезгилде бизге жоноткон баардык тамак-аш мөмө жемиштери 100% ГМО ошон учун этият болушубуз керек.
15.07.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Момо жемиштерде курту бар, кыйшык-пыйшык ж-а жыты буркурап тургандарын алсанар адашпайсынар. Курттар бизге чейин эле текшерип коюшат. ☺
15.07.2015. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ГМО-бул гавно дегени, эми билдинерби!!!
15.07.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунчу эмес элем эми билип алдым рахмат супер кж
18.07.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени бакыт аралыгынан издебе деген жаңы сериял жокко?
19.07.2015. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уруксуз жашылча жемиш жей берип жаштар тукумсуз болуп баратат этият болгула,ошол учун чет олкодогу ар бир учунчу аял жасалма жол менен бойуна бутурот
19.07.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дукондон 1% кефир сатып алсам ГМО бар экен аябай окундурот ....
19.07.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып кейий туштум.Мындай жасалмалуулук менен элди кыйнап тапкан акчасы синип кандай жашап журушот экен ээ?.Биз срогуна анан кошулмаларына коп деле маани бербейбиз да.Кыкенбайлар озу таза садда калк келебиз да.Баарын озубуздой ойлоп журо беребиз.ГМО барбы жокпу эмкисинде соссуз.карап алам.Рахмат силерге Супер инфо.Эми билип алдык.
20.07.2015. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы заманда уй булон менен тоого чыгып мал карап ошол жерден эгин айдап.шаарга тушпой эле жашаш керек болуп калды. Ошондо гана накта табийый момо жемиш таза тамак жедим десе болот. Азыр биз эч кимибиз мен халал тамак жедим деп айта албайбыз анткени азыр баары алдамай болуп калды
20.07.2015. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу каймактарда ГМО бар окшойт,ГМО суз деп жазылса деле,такыр бузулбаи тура берет. Уйдун нак таза каймагы бир кундо эле бузулуп кетиши мумкун ысыкта,айран ачып кетет . А Гмо кошулгандар бир жума деле тура берет дын деп да койбой.
06.04.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздун эле ГМОсуз чисто экологический осумдукторубуз,продукцияларыбыз жетмек да Кыргызстанга.Алардын баарын чет жака экспорттоп жатышпайбы анан кайра кайсы бир олкодон гмо бар жемиштер келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо