«ПАТРИОТТОР» ДАГЫ БИР КЫЗДЫ КОРДОДУ

№662 10-июль-16-июль, 2015-ж

Интернет айдыңына жылаңачталып, өзүнүн мекендештери тарабынан сабалып, кордоого алынган кыргыз кызы тууралуу видеотасма тарады. Окуя Орусиянын аймагында болгону видеонун жүрүшүндө байкалат. Муну Ички иштер министрлиги да маалымдады. «19 жаштамын, Баткен облусунан болом» деген кызды кыргызча сүйлөгөн бир нече жигит уруп-согуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп суракка алышкан. «Эмнеге бөлөк улуттун эркектери менен жүрөсүң?!» Негизги суроо ушул. Бир кызды 4-5 эңгезердей жигиттин токмоктогону абийирдин чегинде алганда – алсыздык, мыйзамдын чегинде – кылмыш.
Көпчүлүктүн айтымында, мындай топтор өздөрүн «патриоттор» деп атап алышкан. «Кайсы арына?» деген суроо келип чыгат. Мындай окуя биринчи кайталанып жаткан жок. Бирок ИИМ буга чейинки окуялар боюнча күнөөлүүлөрдү таап, тиешелүү жаза алууга жеткирген жок. Тескерисинче. «Мындай видеону Кыргызстандын аймагында интернетке ким таратып, ким бөлүшүп жатат? Бул видео эки улутту араздаштырууга жол салат...» Кыргызстандын укук коргоо органдарын маселенин ушул жагы гана кызыктырат өңдүү. Анткени ал видеодо жигиттер кызды "өзбек балдар менен жүрөсүң" деп күнөөлөшүүдө. Адамдар динине, терисинин түсүнө, тилине, улутуна карата жиктелбеши, кемсинтилбеши керектиги, ар бир адам каалаган жагына барууга, түгөй, кесип жана башка ушул сыяктууларды тандоодо эркин экендигин бул сыяктуу псевдопатриотторго жеткирүүгө укук коргоо органдары чабалдык кылууда. Андан ары ал кызды зордукташтыбы, өлтүрүштүбү, балким, акыл-эсинен адаштырып майып кылып салыштыбы, белгисиз. Бардык нерсе мыйзам чегинде болуусу керек. Кыргыз коомчулугунда, айрыкча Орусияда жашап-иштеп жүргөн мекендештерибизде ушундайда «патриотторго» чыныгы жигитчилик тарбия сабактарын өтүп коё турган чыныгы патриоттор керек болуп турат.
Бирок, тилекке каршы, бул "патриотторду" коргоп, аларды колдогондор да жок эмес. Интернетте бул окуя боюнча талкуу жаралганда "кыргыз кыздар жеңил ойлуулугунун айынан бөлөк улуттардын алдында кыргыздардын намысын түшүргөнү үчүн ушундай жаза алып жатышат" деген ойду кармангандар да чыкты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(68)
14.07.2015. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол патриоттор эмнеге аялын Кыргызстанга таштап,Россияда орус,озбек аялдар мн конулдош болуп жургон эркектерге сабак бере алышпайт.Аялы,бала-чакасы ачка,ата сорой дайыны жок!!!Кыздарга эле кучтору жетет.Кудайым ыйман берсин аялга да,эркекке да!
14.07.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jesika,туура айтасын! Канчалаган балдар атасыз калып отурат. Озубуздун эле кыргыз аялдары жаш балдар менее жашап, канчалаган уй булоону бузуп жатат, аларга эмне учун сабак отпойт бул патриот болумуштар...
14.07.2015. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айбандар!!Ал кызга кол которго кандай акысы бар?? ?ар бир адам оз жашоосун озу чечет, туура емес жолдо журсо аларды кудай озу жазалайт,бул акмактар емес!!
14.07.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул патриотторду таба албай биздин креслодо олтургандар тез арада чечип табышпайбы! канчалаган тагдырлар талкаланып баратат.Патриоттор бир гана ошо башка улуттар менен жургон кыздарды эмес кыргызымдын жигитине турмуш курган кыздардыда наамысын булгап жатышат.Скинхеттердей болуп популяр болобуз дешкенго акмактар оз элине келип бала чаканды багып уйлонбогон болсон келин алып ата энене ысык чайын куйдурбайсынбы! же томолой жетимсинерби ата эне мееримин корбогон.меерии коргон балдар силердей мыкаач
14.07.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыкаачы болбойт!!!!!!!
14.07.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи ошол акмактар ПАТРИОТ деген создун маанисин тушунот бекен? Ар бир адам озуно жооп берет буларга не жок эми, былтыры эле кадай талкууга алынган эле Молдолор айттыго? Ошо видеого тартып элге жайганы учун тиги кыздын куноосунон да чоон куно кылышлы деп
14.07.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулар патриотпу,тобоо,патриот и бироо учун жан куйгон адам(кыргыз эле жери и ошол кыргыз кызы)тушундурот.Адам баласыбыз го,акырын айтып тушундуруп койсо болот.кайра эн чон сооп болот.мусулманчылыкта даже аял киши же эркек киши бири биринин жузун карабаш керек ,чечинтип ,денесин кормок тургай.бул шылтоолору го ак адамдай болуп,а можеть артынан булгап да кетип атсанар керек,бир кудай билет.Негизгиси,баарыбызга жаратканым ыйман,ынсап,намыс берсин.
14.07.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай кылыштын гереги жок
14.07.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарий жазгандар видеону кордунуздорбу? Кандай экен десе жакшы эле, болот дейт.Эми ушул жакшыбы? Бирок патриот деп озун эсептегендерда ашыкча эле болуп кетишкен.Шермендечилик.
14.07.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан эмне кылыш керек аааа!!!!!!!!!!
ошол кыздар жакшынакай кыргыз жигиттери менен журсо болбойбу, кыргыз эленин кыргыз кыздардын абирини тоготтор ошол кыздар кыргыздардын жузуну жерге карататтар.
26.07.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
REAL_MADRID_KR,сенин ишин эмне? Ким менен журсо озу билет, ошол учун анын омурунон ажыраткан куноо!!!
14.07.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул биринчи видео эмес мурун канча кызды жыланачтап видеого тартып ар кандай социалдык тармактарга журтошкон, ошону коруп деле корпогондорду анан кандай жазалаш керек?
14.07.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
алар жазалай турган ким баарыбыз инсанбыз адашуу болот балким патириот деген жапай адамдардан коркон учун ошонтип суйлоп жаткандыр негизи адам адамга айтканга гана укугу бар мейли айтсын чечинтпей эле айта берсин анчалык куйсо.
14.07.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Патриот болумуш болуп аялдарга кол которгондон башка колдорунан эч нерсе келбейт... Андан коро Кыргызстанды онуктуруп, экономикасын которуп, ошол ар ким менен жургон эже-карындаштарынарды Кыргызстандан чыккыс кылбайсынарбы!!!
Ары жок Айбандар дегенден башка эч нерсе оозуна келбейт. Тим эле бат ары намыстуу болуп кетишет... Кыйын болсонор ошолорду экинчи, учунчу катын кылып албайсынарбы. Бир аялды кыйратып бага албайсынар. Эркеги алсыз болсо, катыны башсыз болот...
14.07.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздардан мурун эркектер озорун тарбиялашсын, оздору намыстуу болсун анан кыздар озунон озу нукка тушот...
Бул жерде адам укугу тепселип жатат. Бироонун баласына кол которгудой эмне Олуя машаякпы. Андан коро уюмдарды тузгуло, ур-токмокко алып эмес, башка жол менен курошкуло. Кыздар дагы журот десе ачык- чачык журо бербей, араактан - берээк журушсо, патриот соройлорду провоцировать этпей...
15.07.2015. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маданиятсыз акылсыз айбандар экен! Акылы тетик "адам!" мындай жолго бармак эмес. Бирөөнүн укугун тепселеп, намысына шек келтиргенге эч кимдин укугу жок! Анан да патриоттор имиш!
Asel-91 түзөттү 2015-07-15 09:10:09
15.07.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул патырёттук емес тескерысынче кылмыш . бул жашоо еч кым еч кымдым жашоосун быр жолго салууга күчү жетбейт . ар кандай нерсенын жакшы-жаман екы жагы болот . жашоода ушул сыйактуу баары нерсе ойдокудай болсо , жашоомун -турмуштун емне кызыгы .адам ынсан жокту табууга-барды чачуу үчүн тырмышат бул жашоо . росйадакы кыргыздарда ошол жокту табу үчүн жүрүшөт .
ошол аталмыш патырёттурду таап иттын өлүгүндөй сабаш керек . бырөнү кордогондун емне екенын танытып койуш керек ал патырыётторго ...
15.07.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патриот болсо Кыргызстандагы кыздарды дагы тыйбайбы? Бул жакта озубуздун эле кыргыз балдарына кор болуп жургондор канча. Ошончолук кучтуу болсо корейлерге сатылып жургон кыздарды коргобойбу? Аялдардын чачы узун болгону менен акылы кыска болот деген соз туура айтылган. Аялдарга жакшы мамиле кылгыла. Аялдар кабыргадан жаралган (б.а. аялдарда дайым кемчиликтер болот). Кабырганын эн ийри жери баш жагы(хадис). Бизге жылуу мамиледен башка эч нерсе керек эмес. Эркекти элууго чыкса даны тарбиялап алса болот, ал Эми аялдардын бир тарбиясы бузулса, ага Аллахтан башка эч ким тарбия бере албайт дешет.
15.07.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
урган патриот эмес болушкан жан тарткан патриот. каяктагы жиндилигин корсоткон тартиби жок бейбаштар.
15.07.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас
15.07.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иш болбоптур. No comment
16.07.2015. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир туз жургон эле курбум эрте менен жумушуна баратса, метрого киреерде 3-4 жапжаш бирок мас жигиттер жолун тосуп акча суращыптыр. Туну менен клубта ичип бийлеп, тан заарда сокур тыйыны жок турушкан экен. Ашыкча акчам жок эле десе хотябы сигарет алып бер и метрого проезд сатып бер деп копол тилде талап кылышыптыр. Кыжыры келген курбум жолумду тоспо деп уруша кеткен экен эле, тиги балдар азыр сени четке апарып чечинтип ур токмокко алып, видеого тартып шерменде кылавыз акча бербесен дешиптир.
AlbertEnshtein түзөттү 2015-07-16 08:03:32
16.07.2015. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан курбу кызым коркуп кетип артка качып жоноптур кайра квартирасына. Жакын жашачу метрого. Тиги балдар артынан сая кууп подьезддин алдында кармап алышыптыр. Жулкуп, кийимдерин жыртып баштаганда курбум унунун барынча кыйкырыптыр. Квартирасынан эжеси и жездеси чуркап чыга калышса тиги балдар качып кеткендин ордуна, силердин кызынарды тажик менен бараткан жеринен кармап келдик деп каратып туруп жалган жалаа жавышыптыр. Мына сага чыныгы жузу ошол балдардын.
16.07.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AlbertEnshtein,мынтип шантаж кылгандар толтура. Оной олжого конуп калган акмактар да
26.07.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein,кошмар!!!!
16.07.2015. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо жигиттер ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-07-16 11:47:32
16.07.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_egizder,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн БАНга!
16.07.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чындыка тике карагыла. Андай башка улуттун балдары менен жургон кыздарыбыз коп. Россиянын чон шаарларында тунку клубдарда жургону жургон. Калп эле намыстана бербегиле кыздар. Ушул жол менен тарбиялаш керек окшойт. Башкага конбойт окшойт ал кыздар.
18.07.2015. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolegen-79, журсоле саваш керек бекен чечинтип? Сен ошондой зоокур жырткычтарды колдоп жатасын. Озун тообо деп, озун чындыкка тике кара биринчи. Кудай сактасын де. Ошол кыздын ордунда сенин кызын болуп калышы мумкун келечекте.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-07-18 11:10:51
26.07.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolegen-79,бироонун кызын сен тарбиялаганга эч кандай акын жок, биерде отуруп алып оозуна келгенди оттой бербе, сени да бироо тарбияла коет.
16.07.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вахахаха, кайсы арынарга "патриотсунар". Мындайларды "ошибка природы" деп койушат. Башка улуттагыларга чыныгы апенди болуптурсунар "патриоттор".
16.07.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
билбейм эмне дешти, бир жагындан карасан патриоттор тура эмес иш кылышкан, кыздаргада айтат элем башка улуттун балдары менен кантип журоттор экен.
17.07.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошол ары жок Патриот соройлор,емне учун наристе кыздарды зордуктагандарга,кары кишилерди тоноп олтуруп кеткендерге емне чара корушпойт дейм да,ошол патриоттордон кордук коргон кыздардын,зордукталган наристелердин коз жашы,убалы уктатпасын,кыргызда таамай айтылган соз бар,(кайсы елден корсон жудоо зайыпты,ошол елдин уулуна кой айыпты)деген,мумкун биздин жигиттерден укпаган ,корбогон жылуу мамилени ошол башка улуттун жигиттеринен угуп жатышкандыр
17.07.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Патриоттор коомубузду чириткен педофилдердерден, адам олтургон мыкаачылардан коркуп, алсыз аялзатын сабашабы? Кана далили? Таджикпи озбекпи ким менен жургонун тартып таратпайбы биринчи? Ушуга кетирген убактысын кудайга жагарлык иш кылып, оз аялын, карындаштарын, кыздарын тарбиялашпайбы?
19.07.2015. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактар колу бутунар сынгырлар
19.07.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас кылат озбек тажик армендер менен дагы журсун
26.07.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslan95,журсо журбосо озу билет, ал бироонун кызы, сага окшогон АЙНЫТКЫлар арабызда бар экенини кейитет. Алар патриот эмес, шантажисттер, кантип эмне болуп урганын сен билбейсин, себебин "башка улут менен журду"деп оздору ойлоп чыгарып алышкан, сага окшогон саткындар колдосун деп.
leonar түзөттү 2015-07-26 12:35:42
21.07.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алар Патриот эмес, алардын намысы куру намыс. Куру эле намыстана беришет.
Чынында патриот болсо - пусть ошол кызга акчаны берип Кыргызстанга барып тиричилигини кыл десин!
Если ошончолук эле патриоттук сезимдери кучтуу болсо, ошол кыргыз кыздарды физический аракет менен эмес, психологический аракет менен туура жолго салсын.
Аны сабап эмне кереги бар?
Наоборот кыргыз кыргызды уятка калтырып жатат!
30.08.2015. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Патриоттор кыргызстанга келип, кыргызстандагы эле кыргыз кыздарды коргошсо болмок деген ой келетда. Неге дегенде кыргызстанда кыргыз кыздар турк, карис улутундагы балдар менен эрчишип эле журушот, алардан никеси жок тороп койгондор да жок эмес.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо