«ДРЫЩ» КАРМАЛЫП, БИРОК ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ

№663 17-июль-23-июль, 2015-ж

Айдоочудан 5 миӊ сом талап кылган МАИ кызматкерлерине байланыштуу интернетке тараган видеонун башкы каарманы, коомчулукта «Дрыщ» деп аталып кеткен жаран колго түшүрүлдү. Буга чейин анын дайыны билинбей жаткан болчу.
«Супер-Инфо» гезитинин өткөн санындагы «Дрыщ» жоголду, көрдүӊөрбү?» деген макалада чуулгандуу видеону тартып, мыйзамсыздыкты ачыктаган коомдук активист Болот Ибрагимов Адилет Жунусов («Дрыщ») андан видео аркылуу кечирим сурап жаткандыгын айткан эле.
13-июль күнү УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы активист Болот Ибрагимовдон пара сурашкан Бишкек
ШИИББинин 2 Жол-кайгуул кызматкерине карата кылмыш иши козголгонун маалымдады. Жеӊиш Чокморов менен Урмат Белеков кармалып, УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген. Алар «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «опузалап пара талап кылуу» беренелери боюнча айыпталышууда. Ошондой эле МАИ кызматкерлерине жардам кылып, жарандык активист менен чырдашып кеткен Адилет Жунусов да кармалып, камакка алынды. 16-июль күнү Жунусов соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи Адилет Жунусов менен дагы бир "жардамчы" Азирет Арызовго карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Экөөнүн Жол-кайгуул кызматынын штаттан тышкаркы жардамчылар экендиги айтылган болчу. Тергөөнү учурда УКМКнын Тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.
Эске салсак, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден пара талап кылып жатышканы тартылган видео тарап, ал кызуу талкууга
алынган болчу.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(10)
20.07.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азыр пара талап кылгандар толтура булар ошолордун бир бөлукчөсү.
20.07.2015. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй камак деген азыр-эркиндик деген эле болуп калды.
20.07.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Прическасын изолирует албанбы же???))))))
20.07.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дрыщты звезда кылып ийдинерго
21.07.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
актвистер туура эмес кылышкан аларды да сурака алыш керек болчу эмне учун гаи кызматкерлерин алдашат маилер эл учун иштеп жатса
21.07.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kuba.kq8705,МАИлер эл учун деп аябай адаштын го доске
22.07.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba.kq8705,Озунда машина айдап МАИге тушкун билесин кээ биркилер ото эле кутуруп кетишкен
21.07.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дрыщты эми Атасы чыгарып алат да...
21.07.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй камагына? жон эле бошутуп койбойбу анда...
23.07.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болот молодец. Мурун да уккам ал жондо. Паракорлорду таза сууга чыгырат, ниети мага жагат. Биз озубуз баштабасак, ким баштайт.Тем более ал чон харам иш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо