ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№663 17-июль-23-июль, 2015-ж

КООМДО
Хипстер
– АКШда 1940-жылдарда пайда болгон термин. «To be hip» деген сөздөн келип чыккан, болжолдуу түрдө «темада болуу» деп которулат. Адегенде бул сөз менен жаз музыкасынын сүйүүчүлөр тобунун өкүлүн аташчу.
Ал эми учурда чет элдик заманбап искусствого, адабиятка, модага, артхаус кинолоруна кызыккан, жетиштүү турмушта жашаган шаардык жаш адамдарды атап жүрүшөт. Айта кетүүчү жагдай, адегенде хипстерлер кайсы бир кызыгууларга, модага, жашоо образына көз карашы башкача жаштардын өкүлдөрү болушкан. Алар азыр АКШда дагы эле бар, керек болсо айрым райондорунда жалаӊ хипстерлер жашашат. Баса, алар өздөрү үчүн жашашат. Максаттары ошондой. Ал эми КМШ өлкөлөрүндө хипстер – бул модадан калбаган, өзгөчөлөнгүсү келген жаш адам.

КҮНҮМДҮК ЖАШООДО
Пранк
– англис тилиндеги «prank» сөзүнөн алынган. «Тентектик, тамаша, шакаба» дегенди түшүндүрөт. Телефон аркылуу тамашага салууну пранк деп аташат. Тамашага салгандарды пранкер деп коюшат. Муну менен олуттуу түрдө алек болгондор бар. Маселен, пранкерлер өзүн ар кандай кылып атап алышкан: хард (телефон менен тамашага салып, адамды сөгүнгөнгө чейин жеткирүү), радиопранк (радио станциялардын телефон номерлерине чалып, алып баруучуларды тамашага салуу) деген сындуу. Эстеп көрсөӊүз, балким, сиз да бир кезде пранк менен алек болсоӊуз керек. Тааныштарыӊызга чалып, тамашага салгансыз да, туурабы? Бирок акыркы кезде пранк телефон аркылуу эле эмес, ар түрдүүчө болуп калды. Интернеттен пранк видео деп издөө салсаӊыз, адамдарды ар кандай кырдаалда тамашага салып, алардын эмоциясын тартып алган видео тасмалар жайнап чыгат.

МАДАНИЯТТА
Тверкинг
– бий өнөрүндөгү өзүнчө багыт. Мында жамбаш, курсак, колдор кыймылда болуп, башка мүчөлөр кыймылсыз турушу керек. Көбүнчө айымдар бийлеп жүрүшөт. Тверкингди бути-дэнс деп да коюшат, «жамбаш менен бийлөө» деген мааниде.
Адатта тверкинг же бути-дэнс самба, R&В жана рэп музыкасынын коштоосунда бийленет. Тверкинг бийин сахнада көп учурларда дүйнөлүк жылдыздардын арасынан Шакира, Бейонсе жана Никки Минаж бийлеп келет.
Бий сексуалдуу, ачык маанайда болгондуктан ызы-чуу жаратып койгон учурлары да бар. Мисалы, Орусиянын Оренбург шаарында жергиликтүү бий тобунун «Винни-Пух жана аарылар» деген бийинде тверкингдин элементтери болгондуктан интернетке жайылып, сын пикирлерге кабылган.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(10)
20.07.2015. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен Хипстермин анда:)
21.07.2015. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тверкинг азыр орусияда укмуш мода болуп жаткан учуру.
21.07.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин коомчулукка жат корунуш экен
21.07.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз кыргыздар бироонун созун моодага айлантпастан оз тилибиздеги созду моода кылышыбыз керек
22.07.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
sna_kg, бироонун созун моодага айлантуу максатында эмес бул жерде азыркы кылымдагы кээ бир создорду тушунуу болуп жатат. Бироолор менен суйлошуп калсан ХХХ болуп, тушунбой тургандан коро баарынан в курсе дела болгон жакшы да. Азыр молодежь баарын билиш керек кемпир менен чалга окшобой.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-07-22 12:13:24
22.07.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chomly88, этика нормаларын сактаңыз!
22.07.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернеттен "пранк" - деген передача көргөн болчум ... Бир бала көчөдө баратып эле жолунан чыккан кызды кучактап өөп кете берет.. Рахмат супер инфо "пранк" - деген сөздү билип алдым
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2015-07-22 00:25:46
22.07.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тверкинг багытында бийлоого кызыгып журом, интернеттен издеп, уйронуп кедээ уйдо бийлеп калам, бирок жолдошумдун алдында ганаааа....
22.07.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
chomly88, жолдошуна кара жорго деле бийлеп берип койда алдындаганааааа
22.07.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Давай ушул создорду ошол мааниде калтырып кыргызчага которобуз: Хипстер - келгиле 'Заманжаш' (-тар). А Пранкты - 'Тамашуулдак'жана Твэркингди - Жамбашуулдактар дейбиз. Оз вариантынарды сунуштабайсынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо