КЫРГЫЗСТАН АКШга «КӨМӨК КӨРСӨТПӨЙ ЭЛЕ КОЙГУЛА» ДЕДИ

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж

Кыргызстан менен АКШнын мамилеси күн санап солгундап баратат. Өткөн жумада Америка Оштогу Июнь каргашасында күнөөлөрү аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратылып Кыргызстанда абакта отурган Азимжан Аскаровго «Адам укуктарын коргоочу» деген сыйлыкты ыйгарып, түпөйүл ойлорго түрткөн. Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги АКШнын мындай кадамына нааразычылык билдирип, 17-июлда АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлзга каршылык нотасын берген. АКШ үн ката электе, 21-июлда, өкмөт башчы Темир Сариев АКШ өкмөтү менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеӊилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго кол койду.
Коомчулукта өкмөттүн мындай кадамы ар түркүн пикирлер менен коштолду. Депутат Дастан Бекешев: «Эӊ башкысы Жогорку Кеӊеш, өкмөт жана башка мамлекеттик органдар донордук колдоодон ажырады. Жалпылап айтканда, келишимди денонсациялоо – керексиз жана чектен чыккан аракет»,- деген оюн билдирип чыкты. Ал эми саясий серепчи Марс Сариев: «Мамлекет жетекчилиги ким жана кандайча кемени чайпап жатканын түшүнүп, кырдаалды дестабилизациялоого багытталган иш-чараларды өткөрүүгө жардам кылып жаткан каналдарды бууп коюуну чечти»,- деген оюн билдирди.
1993-жылы кабыл алынган кыргыз-америкалык келишимде эки тараптуу кызматташууну жеӊилдетүү каралган. Башкача айтканда, Кыргызстан тарап ар кандай багыттагы, маселен маданий, билим-берүү жаатындагы, көмөктөшүү программалардын, долбоорлордун алкагында АКШ жөнөткөн буюмдарга салык жана башка төлөмдөр алынбай турганы айтылган. Буга катар келишимде АКШ өкмөтүнүн аскер адамдарына да дипломаттык кол тийбестик берилген. Келишим түзүлгөндөн тарта АКШ Кыргызстанга 2 миллиард долларга чукул жардам көргөзгөн.
Адистердин айрымдары келишимдин бузулушу Кыргызстандын өзүнө эле зыянын тийгизерин, АКШнын көптөгөн жардамдарынан кийин мындай кадамга баруу туура эмес деген пикирди айтышат. Айрымдар бул кадам менен Кыргызстан көз карандысыз өлкө экендигин далилдеп жана улуттук коопсуздук үчүн ушундай жолго барганы туура кадам деп жатышат.
Өкмөт токтомуна жана Кыргыз Республикасынын «Эл аралык келишимдер жөнүндө» мыйзамына ылайык, кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы аталган келишим 2015-жылдын 20-августунан баштап күчүн жоготот.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
27.07.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мен каршымын келишимди бузбай эле койсо болмок . АКШ керек болчу КРге
27.07.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тарыхы бар, кылымдар бою жашаган Кыргыз мамлекетин түккө турбайт деп бир адамдын кадыр баркын өлкөнүн кадырынан жогору койгон АКШ үчун бул абдан жакшы сабак болот.Адам укугу десе эле асмандап кетишет.
27.07.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул ишти баштале ушундай кылыш керек болчу.Бир Орусияны бир АКШны карап мелтиребей.Кимдин пайдасы кобуроок тийип атат ошого ыкташ керек эки анжы болбой.Туура кылыптыр.
27.07.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн туура чечим!!!
27.07.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайырчы таарынса куржунуна зыян, дегендей эми крисизде жаткан Орусиядан жардам күТөт экенбизда.
28.07.2015. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kara-kulzha, тилемчиленбей оз алдыбызча арабабызды тартсак болбойбу. Алмайдын бермейи бар.
29.07.2015. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AlbertEnshtein,Алмазбек иштебей эле карыз сурап жүрөтго. Иштесе болмок Орусиянын көзүн карабай.
27.07.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сариев азамат. Кыргыз эли кылымдар бою эркиндигин жоготкон эмес. Эркиндик учун курош токтобосу зарыл.
28.07.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң туура чечим.Америка жардам берет деп,анын артынан эки революция пайда таптык.эң туура чечим дагы бир жолу.Украина боло элегибизде мамилени үздү.эсиң бар да этегиңи жый,шымыңды көтөр дегендей
28.07.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура чечим!
01.08.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылды. Сариев молодчик. Эки миллиардты бир жылда эле Россияда иштеген мекендештерибиз эле которуп коюшат.
02.08.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кадам менен Кыргызстан көз карандысыз өлкө экендигин далилдеп жана улуттук коопсуздук үчүн ушундай жолго барганы туура кадам деп эсептейм эн туура кылды Сариев молодец Россия менен кызматташууну бекемдоо кажет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо