ДЕПУТАТТЫН КЫЗМАТТЫК УНААСЫ АДАМ ӨЛҮМҮНӨ СЕБЕПКЕР БОЛДУ

№664 24-июль-30-июль, 2015-ж

Экс-депутат Нариман Түлеевдин ордуна «Ата Журт» фракциясынан Жогорку Кеӊешке депутат болуп келген Таалайбек Ибраевдин кызматтык унаасы адам өлүмү менен аяктаган кырсыкка кириптер болду. Окуя үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда болгон. 1975-жылы туулган Аида Орозбаева аттуу айым жумушка бара жатканда аны Бишкек шаарынын Горький жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота Камри унаасы менен бара жаткан айдоочу сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, 13-июлда каза тапкан. Маркумдун жакындарынын айтымында, окуя болгон учурда унаада Жогорку Кеӊештин депутаты Таалайбек Ибраев жана анын жардамчысы болгон.
Ибраев аталган кырсык боюнча жоопкерчилик тартууга даяр экендигин билдирүүдө. «Мен өзүм мыйзам чыгаруучумун, демек, мыйзамга баш ийишим керек»,- дейт ал. Маалыматтарга караганда, кырсык болгон учурда рулда депутаттын айдоочусу болгон. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
27.07.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
коробуз канчалык мыйзамга баш ийишин. ишниш кыйын пара берет да уйуно бара беретко азыркы заманда. жазаланса анда айдоочусу жазаланатко буга ыссык суук эмеско...
27.07.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коросунор суудан кургак чыгат, кыйын киши. Кандай мыйзам чыгарат билбейм, катасы жок туура жаза албачу эле. Жалан акчанын арты менен жетти
27.07.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы куноосун ачык айтып мойнуна алыптыр.актанып качкандан коро.
27.07.2015. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kunoo aidoochuda da.Prichem tut deputat?!
27.07.2015. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куноо Айдоочуда болгон учун,озуно уверана ак да, ошого куноону озумо алам деп жакшы киши болгонсуп атат
28.07.2015. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
куноону айдоочуга ыйгара баштадыбы? Мумкун айдоочу депутат болуп журбосун.
29.07.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Taalaibek.,унааны башкарып бараткан айдоочу куноолуу болбой жанында отурган адам куноолуу болмок беле
28.07.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рульда айдоочу болсо демек ал жоопко тартылсын балким аида айым озу жумушка баратса балким шашып жол эресин бузгандыр биз корбогондон кийин бироону каралабашыбыз кк коп учурда жоо жургунчулорда жол чырак карабай же болбосо атайын жургунчуу ото турган жерден отпойбуз шашып туш келген жерден жугуробуз
29.07.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочуну отуруп тур дейтда эми э чыгарып алам озум деп
30.07.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер айдоочу сузуп алса депутат бул жерде анын кандай айыбы бар дейм да.Эгер мен да бир айдоочу жалдап машинамды айдатсам ал бироону сузуп алса ордуна мен отурамынбы.
30.07.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттын куноосу эмнеде? Же ал атайлап кылганын кордунорбу?Озунорду анын ордуна коюп коргулочу... Эмне дей эленер?Же эмне кылат эленер?Ал ушул даражага кантип жеткенин билбегенден кийин жаман создорду анын дарегине айтуу менин оюмча туура эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо