Акчасыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Ичкен тамак-ашыӊ, кийимиӊ, түшкөн унааӊ, окуганыӊ, баары акчага барып такалат. «Тытынып эле иштейбиз, бирок жыйынтык жок» деп кейип калгандар да арбын. Акчабыз канткенде жугумдуу болот, акчанын келишине эмне тоскоолдук кылат, психологдун негизги кеӊештерин окуп, жыйынтык чыгарыӊыз.
-
«Акча жок, аз эле айлык алам, айдан айга араӊ жетет, жаӊы эч нерсе ала албайм» деген өӊдүү кептерди айтып, наалыштын кажети жок. «Жоктун түбү жок» дегендей, жок деген сайын акча жукпайт. Колуӊуздагы акча аз болгону менен, буйругу болсо, ал деле бир топ керегиӊизге жарайт. Пейилди кенен салыӊыз. Акча тууралуу жакшы гана ойлордун кучагында болуу керек.
-
Байлык, акча деген ойлордун кулу болгон, башкача айтканда, эртеӊ менен акча деп ойгонуп, кечинде акча деп уктаган адамдар терс энергия алып жүрүшөт. Кийинки айда андан да аз акчалуу болуп калса, өзүн ого бетер жеп, жан дүйнө кризисине кабылат. Акча тууралуу ойлорду да, өзүӊүздү да эркин коё бериӊиз.
-
Акча бирде толот, бирде бөксөрөт. «Чогултканымдан айрылып калам» деп коркпош керек. Керектөөлөрүӊүзгө жумшап, кылган ишиӊизден ырахат алганды үйрөнүӊүз.
-
Акча тууралуу билген сырларыӊызды, ырым-жырымдарды ичиӊизге катпай, адамдар менен бөлүшүӊүз.
-
Акча – бул социалдык энергия. Ач көз, жан дүйнөсү жарды адамдарга токтобойт. Акчасыз жашай албайм дебестен, күнүмдүк керектөөдө жумшалуучу курал катары кабыл алуу кажет.
-
Акча жөнүндө даана, так, туура максаттарды коюу абзел. Ал максаттар бийик болушу зарыл. Ошондо гана акчанын эсеби болот, туура пайдаланылат.
-
«Акчалуулар уурулар, уурдаган киши гана бай болот, айлыкты карап отурсам менде кайдагы байлык?» деген айрым ата-эненин сөздөрү баласына чоӊ таасир тийгизет. Балдар ал сөздөрдү түз кабыл алып, ошондой ойлонуп калышат. Анан аларда байларды жаман көрүү сезими пайда болот. Андай туура эмес, балким, ал байлар сиз билбеген нерсени билиши мүмкүн.
-

Үй-бүлөдө аял каалоо менен сүйүүнү алып жүрөт. Ал эмнени кааласа, жанына ошолорду тартып келет. Аялды жер деп түшүнсөк, ага урук себүүчү эркек болуп саналат. Эркек аялга эмнени берсе, ошол нерсенин түшүмүн көрөт. Ийгиликтүү эркектин артында аны колдогон аялы бар, ошондой эле ийгиликтүү аялдын артында аны жакшы көргөн жолдошу турат. Акчанын келиши жубайлардын ортосундагы мамиледен да көз каранды. Экөөнүн ыркы келишпей акыйнек айтышып же бириникин экинчиси жактырбаса, же капчыктары эки бөлөк болсо акча жукпайт.
ФЭНШУЙ БОЮНЧА...
1. Капчыгы жок жүрөсүзбү, бүгүнтөн калбай дүкөнгө барып сатып алыӊыз. Акчаӊызды үнөмдөбөстөн кымбатын, коозун, көлөмдүүсүн сатып алыӊыз. Ичине байлыктын символдорунун бирин, мисалы, кызыл лента байлап коюӊуз.
2.
Капчыктын өӊүнө да көӊүл буруӊуз. Акча кызыл өӊгө тартылат. Ошондуктан капчыгыӊыздын өӊү кызыл болгону жакшы.
3. Дайыма капчыгыӊыздын ичин керексиз буюмдардан тазалап, акчаны ирети менен салганга көнүӊүз. Жиниӊиз келип жатса да ыргытпаӊыз.
4. Акча дагы өз үйүн жакшы көрөт. Анын үйү, албетте, капчык. Ошондуктан акчаны өз үйүндө жана ашканада сактаганыӊыз туура.
5. Тыйынга окшогон тегерек жалбырактуу гүлдөрдү өстүрүӊүз. Баканын статуэткасын сатып алыӊыз.
6. Акчаӊызды интуицияӊызга таянып коротуӊуз.
7. Эски, колдонуудан чыгып калган кийимдериӊизди кереги тиет деп сактай бербеӊиз, акчанын келишине жол тосот.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg