№665 31-июль-6-август, 2015-ж
Апаларыбыз баканды кармап алып төрөгөн заман артта калып, учурда отуруп да, туруп да, жатып да, ал тургай суу ичинде төрөө ыкмалары колдонулууда. Мындан сырткары операция жолу менен төрөө да кеңири жолугат. Кесарево, табигый жолдор менен төрөөнүн оӊ жана терс жактарын «Темир жол» бейтапканасынын акушер-гинекологу Эльмира Акматова айтып бермекчи.
КАНДАЙ ООРУЛАРДАН УЛАМ КЕСАРЕВО ЖАСАЛАТ?
Кесарево эне баласын өзү төрөй албай калган учурда гана колдонулушу керек. Ага бир канча оорулар түрткү берет. Мисалы, эненин жашы өтүп баратканда (40 жаштан ары), түйүлдүк адаттагыдан чоӊ болгондо, жатында кандайдыр бир оорулар пайда болгондо, эненин бөйрөк, жүрөк оорулары болгон учурда, балага кислород жетпей калганда, бала буту менен келген маалда, гестоз болгондо, эненин жамбаш сөөгү кууш болсо дарыгер операция кылууну сунуштайт. Жөн гана төрөттөн коркуп же ушул оӊой жолу экен деп жасатуу туура эмес.
КЕСАРЕВОНУН ОӉ ЖАКТАРЫ
Эгерде ден соолугуӊуздун же түйүлдүктүн абалы жакшы эмес болсо, көзөмөлдөп жаткан дарыгериӊиз пландуу түрдө кесарево жасатуу керек десе, демек, ага психологиялык жактан өзүӊүздү даярдашыӊыз керек. Анткени эне капысынан кабыл алынган чечимден улам кыйналып, коркуп калып кийинки төрөткө да терс таасирин бериши мүмкүн.
1. Бирден бир пайдалуу жагы – кесарево эне менен баланын өмүрүнүн коопсуздугуна көп коркунуч келтирбейт.
2. Төрөт учурунда жыныстык органдар айрылып кетүү коркунучуна учурабайт.
3. Көп убакытка созулган толгоону күтпөй, бала сиз каалаган күнү жарыкка келет.
ТАБИГЫЙ ТӨРӨТТҮН ОӉ ЖАКТАРЫ
КЕСАРЕВОНУН ТЕРС ЖАКТАРЫ
1. Эне тогуз ай бою баланы күтөт. Мурун наркоз кан тамыр аркылуу берилип баласын эсине келгенде көрсө, учурда жүлүн аркылуу берилген наркоздон улам өзүн жоготпойт. Баланын жарыкка келгенин эне туйганы менен, төрөттү өзү жыйынтыктай албай калгандай кыжалат сезим болот. Кээ бир энелер бала менен тыгыз байланышын жоготуп коёт.
2. Табигый төрөт менен төрөгөн аял 2-3 сааттын ичинде баласын колуна алып өзү бага ала тургандай мүмкүнчүлүккө ээ болсо, кесарево жолу менен төрөгөн аялдар баласын өздөрү карай албай калышат. Аларга 2-3 күндөн кийин гана өз алдынча басканга уруксат берилет.
3. Операциядан кийин организм көптө калыбына келет. Кесилген жерди карап, тазалап, таӊып туруу машакаты бар.
4. Кесилген жерде (карында) тырык калып, кийин жай мезгилинде ачык кийим (мисалы, купальник) кийгенге тоскоол болот.
5. Операция наркоз аркылуу болгондуктан жалпы организмге терс таасир берет. Ачуулуу болуп, төрөттөн кийинки депрессияга көп кабылышат. 2-3 айга чейин баш айлануу, алсыздык коштойт.
6. Операция жолу менен төрөсөӊүз, кийинки балдарды да ошол жол менен төрөгөнгө туура келет. Учурда кийинкилерин табигый жол менен да төрөгөндөр бар, бирок чанда гана.
7. Мурун үч жолу гана кесарево жасалганга уруксат берилсе, учурда аялдын абалына карата андан көп жолу да төрөөгө уруксат берилүүдө. Бирок тигилген жерлер айрылып кетпеши үчүн төрөттүн ортолору 3-4 жыл болгону туура. Азыр тез эле кайра боюнда болуп калгандар болууда, бирок бул эне жана бала үчүн өтө кооптуу кадам экенин эскерте кетмекчибиз. Медицинада операция жолу менен төрөгөндө жок дегенде 3 жыл сактануу керек деген пикирди карманабыз.
НАРИСТЕ ҮЧҮН
Операция аркылуу жарык дүйнөгө келген наристе менен табигый жол менен жарык дүйнөгө келген наристенин көп деле айырмасы болбойт деген пикир бар. Бирок анын карама каршысындагы пикирлер да кездешет. Изилдөөлөргө таянып акушер-гинекологдор «операция жолу менен жарык дүйнөгө келген балдарда баш сөөк алдындагы кан басым көп кездешет» деп айтышат. Андан тышкары бала жатын моюнчасынан өзү аракет кылып чыкпагандыктан, иммунитети алсыз болуп калышы күтүлөт. Бирок бул медицинада так далилдене элек.
ТӨРӨТТӨН КИЙИН ӨЗҮН КҮТҮҮ
Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Мен да учунчу уулумду кесерово болуп тородум , мурункуларын озум торогом эле.
Былтыры врачка текшерилип дагы тороп алсамбы деп кенешсем торогонго болбостугун айтып мени кыжаалат кылды .Себебин сурасам тигилген жер жука тигилгенин бала чонойгондо жыртылаарын айтты.Эгер ушуга окшогон койгой менен торогондор болсо айта кетсениздер.
оа. Бир досум спайка болуп калып торобой журот. Баласы 5 жашта.
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
Сурооңуз түшүнүксүз болуп жатат. Түшүнүктүү кылып жазсаңыз.
Кош бойлуу кезде дасторкондо эмнелердин болуусу зарыл:
http://www.super.kg/article/show/2737
Болбосо, төмөнкү темага кириңиз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=39100