АКШ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫ УРУШТУРГАН АЗИМЖАН АСКАРОВ КИМ?

№665 31-июль-6-август, 2015-ж

АКШнын Мамлекеттик департаменти Июнь окуясында этностор аралык каршылыкты козуткан, киши өлтүргөн деп күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго «Адам укуктарын коргоочу» деген сыйлык берди. Кыргызстан мындай аракетти өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү, улуттар аралык тирешти козутуу катары баалап, 1993-жылы АКШ менен түзүлгөн көмөктөшүүнү жеӊилдетүү боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу боюнча токтом чыгарды. АКШ менен Кыргызстандын ортосуна чок салган Азимжан Аскаров деги ким эле?

СҮРӨТЧҮ КАНТИП УКУК КОРГООЧУГА АЙЛАНГАН?
Айрым маалыматтарга караганда, Азимжан Аскаров Базар-Коргон районунда 1951-жылы туулган. Кесиби сүрөтчү. Анын укук коргоо органдарынан запкы көргөн, кыйноого кабылган жарандар менен иш алып барганы айтылып келет. Бирок 2010-жылдагы Июнь окуяларына чейин Азимжан Аскаров аттуу укук коргоочу бар экенин көпчүлүк билчү эмес.
«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын focus.kg сайтына берген маегинде: «Мен Аскаровдун сотуна катышкан эмесмин. Ага карата чыккан соттун чечими туура же туура эмес болгон деп айта албайм. Менин бир гана так айта турганым, бул окуяларга чейин Азимжан Аскаров деген укук коргоочу бар экенин уккан эмесмин. Азыр болсо ал тууралуу «өлкөдөгү укук коргоочулардын баарынын башын бириктирди» дегенге чейин барышууда. Кимдердин башын бириктиргени кызык... Мен Динара Ошурахунова, Чолпон Жакупова, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова сыяктуу укук коргоочулар бар экенин билем. Жеке мен андайды көргөн эмесмин»,- дегени бар.

АСКАРОВ КАЙСЫ КЫЛМЫШЫ ҮЧҮН АБАКТА ОТУРАТ?
Июнь окуяларында Ош-Бишкек жолунун Базар-Коргон районунун Кара-Үӊкүр көпүрөсү аркылуу өткөн бөлүгүн жүздөгөн адамдар тосуп алышканы жалпыбыздын эсибизде. Булардын арасында Азимжан Аскаров да болгон. Жаалданган элди тынчтандыруу үчүн райондук 16 милиция кызматкери аталган аймакка куралсыз барышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ошол учурда эл арасынан Азимжан Аскаров баш бербөөгө, райондук ИИБинин жетекчисин барымтага алып, калган милиция кызматкерлерин өлтүрүп салууга чакырган. Көпчүлүктүн таландысында калган куралсыз милиция кызматкерлери туш тарапка качып, ал эми милициянын капитаны Мыктыбек Сулайманов аёосуз ур-токмокко кабылып каза тапкан. Андан соӊ Сулаймановдун жансыз денесин бир нече адамдар өрттөп салышкан.
Азимжан Аскаровдун улут аралык тирешти козуткандыгы, адамды барымтага алгандыгы жана киши өлтүрүүгө катышкандыгы далилденип, Базар-Коргон райондук соту, Жалал-Абад облустук соту жана Жогорку Сот аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Ушундай эле айыптар тагылып Аскаров менен бирге дагы төрт адам өмүр бою эркинен ажыратылса, бир адам 20 жылга, дагы бири 11 жана бирөө 9 жылга камалган.

АСКАРОВ ТУУРАЛУУ АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ ДА СӨЗ КЫЛГАН
Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова өӊдүү бир катар укук коргоочулар Азимжан Аскаровдун күнөөсүз экендигин айтып келишет. Эл аралык коргоо уюмдары да анын бир катар укуктары бузулуп, акыйкатсыз чечимдер чыкканын айтып, укук коргоочуну колдоп жатышканы жашыруун эмес. Ага Прагадагы «Зарыккан кишилер» People in Need») уюму «Адам адамга» Homo homini») сыйлыгын ыйгарган. Журналисттерди коргоо комитети эл аралык уюму «Басма сөздүн эркиндиги үчүн» сыйлыгын берген.
Абакта жаткан Азимжан Аскаровдун сүрөт көргөзмөлөрү уюштурулуп, айтор, ар кандай уюмдардын аракети менен Аскаров боюнча маселе дүйнөлүк деӊгээлге чыгарылган. 2012-жылы Германиянын канцлери Ангела Меркель кыргыз мамлекетинин президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда да Аскаров боюнча сөз козгогон. Кийин журналисттер менен жолугушууда Атамбаев «бардык укуктук маселелерди сот чечет» деген.

«АСКАРОВДУ БОШОТУШ КЕРЕК ДЕГЕНДЕ ЖҮРӨГҮМ КАНАЙТ»
Биз 2010-жылы 13-июнда Базар-Коргон районундагы Кара-Үӊкүр көпүрөсүн тосуп алган эл менен жолугууга барып, каза тапкан Мыктыбек Сулаймановдун аялы Чынара Бечелова менен байланыштык:
– 5 жылдан бери үй-бүлөбүз менен бул кайгыдан арыла албай келебиз. Жараатыбыз кайра-кайра тырмалып, жаӊыланып турат. Билесиздерби, күйөөмдүн сөөгүн алып келишкенде анын денесинде тамтык жок болчу. Ал аз келгенсип аны өрттөп салышкан. Эми түштөн кийин «ал эч нерсе кылган эмес, ак» деген адамдарды түшүнбөй турам.
Аскаров күнөөсүзмүн дейт. Бирок эмне үчүн 2013-жылга чейин уланган сотто аны ак деген, «ал көпүрөдө Аскаров жок болчу» деген бир дагы күбө келген жок? Укук коргоочулар ар кандай акцияларды уюштуруп, Аскаровдун укугу бузулуп жатканын айтып, аны бошотуш керек дегенде менин жүрөгүм канайт.
Чехиядан Аскаровго сыйлык беришкенде канча чырылдадым. Депутаттарга кирдим. Эч ким көӊүл бөлгөн эмес. Эмнеге мамлекет көӊүл бурбайт дегем. Эми АКШ сыйлык бергенде гана мамлекеттик деӊгээлдеги реакция болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(16)
03.08.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушул укук коргоочулар Азиза, Толойкан эжелер кичине улуттук намысын арын козготушса болмок. Кантип чырылдаган чындыкты коргулору келбей, ар кайсыны айтышат.
04.08.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sayragul,ошолорго ишенип АКШ сыйлык берсе керек. Алар болсо укук коргоочумун деп ар кайсы организациялардан акча алышат да. Оздору деле баардык чындыкты териштирбейт.
03.08.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Sayragul,акчаны коргондо кээ бирибиз ата-энебизди сатып жибергенге даярбыз да анан улуттук ар-намыс мекенибиз не деген кеп(айла жок кагазга ороп жаздым)
03.08.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анда биз дагы Жохар царнаевке сыйлык беришибиз керек
03.08.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Укук коргоочулар деген эле аты бар,кат жазсан жооп да беришпейт.
03.08.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ХХХ ХХХ европада америкада туруп ситуацияны билбей эле эмнеге сыйлык беришет.эмнеге кыргыздарды басынтууга жол беребиз.Юлдуз усмановада кыргызстанга карап 2 жолу таш ырыгытты.гана биздин жооп эч ким эч нерсе деген жок.
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-03 16:46:13
03.08.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nur_2010,
Улуттар арасында түшүнбөстүк жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
03.08.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ким Аскаровду коргоп жатса,ал адам Кыргыз элинин накта душманы.
03.08.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колдоочусу кучтуу экен. Карганы аккуу деп ишендирип жаткандай. Бирок карга карга бойдон эле да.
04.08.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаилова Америкадан каржылынап жатса Алардан акча алып уй-булоосун багып жатса Анан ошолордун созун суйлойтда Анын устундо биз Таможенный союзга киребиз деп жатсак Американын ичи куйуп жатса керек да. Бул жерде чон политика ал эми Аскаровду курал катары колдонуп жатышат Провакацияга берилбейли Кыргыз элим!
04.08.2015. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bs_boykg, _KipchaK_,
Эскертүү!
Провокация жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат!
07.08.2015. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ортдан времядан да коргозду. Баласы акшга барып сыйлЫк грамота алып келди.бул турмодо отуруп алып ушунча саясат жургузуп жатат турмодон чыкса "атомная бомба" муну нивкоем случии чыгарбаш керек. Керек болсо казнить надо!!!
08.08.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Askarovgo koshup janyndagylardyn baaryn omur boiu erkinen ajyratyp saluu kerek. boorum boorum desen boorgo tebet degendei,erten ele dagy bir baleeni bawtait bul ukuk korgoochu.Erkindike vhyguusuna men 100 paiyz karshymyn.
09.08.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул укук коргоочу аялдарга соз жок экен,канча адамдардын укуктары тепселенип жатат, укугун коргой турган адамды дагы таапсынар, акчанын кулу болгондор.жакшылап жазайын дейм, бироктаа.
09.08.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А
18.02.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гражданин Кыргыз болгону менен накта озбектерге окшош экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо