Малайзиялык журналисттер: «КЫРГЫЗСТАНДЫН ПРЕЗИДЕНТИ АЧЫК-АЙРЫМ СҮЙЛӨГӨН ЖӨНӨКӨЙ КИШИ ЭКЕН»

№665 31-июль-6-август, 2015-ж

24-30-июль күндөр аралыгында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун кыргыз өлкөсүн таанытуу максатында чакыруусу менен Куала-Лумпурдан Бишкекке келген журналисттердин саякат менен коштолгон сапары ары кызыктуу, ары маӊыздуу өттү.
«Кыргызстандагы жашоо Малайзияга салыштырмалуу жайбаракат өтүп, жергиликтүү эл жашоосунан ырахат алып жашап жаткандай сезилди. Биз ушул жагынан силерден сабак алсак болот экен»,- деди Малайзиянын «Bernama» мамлекеттик маалымат агенттигинин журналисти Суриати Сануси. Аталган агенттиктин телеоператору Хайрул Икхван бин Жаафардын айтымында, Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу өзүнө тартып турат жана ар бир тартылган сүрөттөгү пейзаж даяр открытка. «Табиятка тамшандым. Кыргызстан фотосүрөтчүлөр үчүн Жердеги бейиштин төрү экен»,- деди телеоператор.
Ушундай эле пикирди коштогон «TV3 Malaysia» телеканалынын телеоператору Ахмад Азизи бин Аднан: «Бул жерде сүрөтчү жакшы сүрөт тартууга жан үрөбөй эле койсо болчудай. Пейзаждын өзү фотограф үчүн иштеп берет тура. Кайсы бурчтан туруп тартпа, фото жана видео эч кандай эффект колдонбой эле кооз чыкты»,- деди. «The Star» медиа-мекемесинин фотокабарчысы Онг Сун Хиндин айтымында, Кыргызстандын бардык кооз жайларын көрүүгө жетишпей калгандыгы үчүн Куала-Лумпурга барганда ал жетекчилигинен дагы бир жолу Кыргызстанга жөнөтүүсүн суранмай болуп жатат.
«TV3 Malaysia» телеканалынын журналисти Азария Тагайага кыргыз калкынын мал-жанга бай болгондугу жакты. «Жолдо катар оттоп жүргөн кой, уй, жылкыларды көрдүк. Куала-Лумпурда мышык менен иттер эле бар. Талаа жана тоолордо жапайы мөмөлүү бак-дарактар, бадалдар көп экен. Малайзияда мөмөлүү дарак турса, аны кимдир бирөө атайын өстүргөн болот. Абанын тазалыгы өзүнчө мактоого арзыйт»,- деди.
29-июль күнү малайзиялык журналисттер Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, маек курушту. «Мамлекет башчы менен жолугушуу, маек алуу ар бир журналистке эле буюра бербеген мүмкүнчүлүк. Ал үчүн биз, чет өлкөлүк журналисттер, рахмат айткыбыз келет. Президент мага интервью учурунда ачык-айрым сүйлөгөн жана жөнөкөй киши сезилди. Биздин ыӊгайсыз суроолорубуздан кыйгап өтпөй, ар бирине кенен жана түз жооп кайтарып жатты. Президент Кыргызстанды башкаруу боюнча өзүнүн идеялары жана пландары менен бөлүштү. Ал өлкөсү үчүн кандай шарттар мыкты экенин, чет өлкөлөр, анын ичинде Малайзия менен эки тараптуу мамилени өнүктүрүүнү так билген жетекчи экен»,- деди саясий кабарчы Ох Чин Энг. Бул кабарчы маектен тышкары саякат учурунда кыргыз эли сулуу келишерин жана эркектери сүрдүү жана кабагы бүркөө жүрүшөрүн байкаганын айтты.
Келерки санда малайзиялык журналисттерге Кыргызстанда эмне жакканын жана жакпаганын, кандай артыкчылыктар менен кемчиликтерди көрө алганын, дегеле сапар тууралуу кеӊири баянды окуй аласыздар.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(3)
03.08.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кана баягы жамандап, сындап жазып Жаткан акылдуулар мындай билдируулорду окубайт
03.08.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88,ошону айтсан
03.08.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ох Чин Энг журналисттердин ичинен "мистер обаяшка" наамына татыды окшойт окурмандардын комментине караганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо