Мукамбет Токтобаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ӨМҮР МЕНЕН ӨЛҮМДҮН АРАЛЫГЫ КАШ МЕНЕН КАБАКТЫН ОРТОСУНДАЙ ЭЛЕ ЖАКЫН БОЛОТ»

№666 7-август-13-август, 2015-ж

Кыргыз элинин чыгаан актёру, өчпөс талант Мукамбет Токтобаевди 30-июль күнү автоунаа сүзүп кайтыш болгон. 68 жашында каза болгон агайыбызды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 1-август күнү өзү иштеген Кыргыз улуттук драма театрынын алдында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Улуу актёрду кесиптештери, санаалаштары, өмүрлүк жубайы көзүнөн мончок жаш агызып эстеп турушту.

Тартылган тасмалары – «Он үчүнчү небере», «Күнөстүү арал», «Эл арасында», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Бабалардын керээзи», «Чиркин өмүр», «Тарантинону алуу», «Белгисиз маршрут», «Аят», «Аят-2», «Президент жана бомж» жана башка.
Театрдагы ролдору – «Король Лир» (король Лир), «Машырбек үйлөнөт» (Машырбек), «Танабай» (Танабай), «Осмонкул» (Осмонкул төкмө), «Манастын уулу Семетей» (Семетей) жана башка.
Обондору – «Фаридам», «Кыздар жана көйнөктөр», «Дилбарым», «Ышкырык», «Каркыралар», «Биз отурган автобус» жана башка.

Темирлан Сманбеков, Кыргыз улуттук драма театрынын жетекчиси: «МУКАМБЕТ АГАБЫЗДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН ЖИГИТ ДА АКТЁР ЭКЕН»
-30-июль күнү саат 15:00дө мага маданият министри Алтынбек Максүтовдун жардамчысы чалып, «Мукамбет Токтобаев сиздердин театрда иштейби? Ал кишини жаӊы эле машина сүзүп, «Тез жардам» кызматы менен №4-шаардык ооруканага алып кетишиптир» деп калды. Маданият министрлигине МАИ кызматкерлери чалыптыр, анткени агайдын чөнтөгүндө «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деген күбөлүгү бар эле. Кесиптештер менен ооруканага жетип барып, дарыгерлерден сураштырып таппай койдук. Министрдин жардамчысы кайра чалып, «жолдо баратып ооруканага жетпей каза болуп калыптыр» деп кабарлады. Ошол замат өлүккананы көздөй жөнөдүк. Кирип барсам эле Мукамбет агайым жатат. Муунум бошоп, кармана албай калдым. Кечээ эле катарлаш басып жүргөн адам бүгүн минтип жансыз жатса, дүйнө астын-үстүн болуп кетет экен. Буту-колу сынган, шымы жыртылган, акырек сөөгү чыгып кетиптир, бир жаагы сыйрылыптыр, бирок денесинин бир да жеринде кан жок. Агай 1-июлда эмгек өргүүсүнө кеткен болчу, 15-августта жумушка чыкмак, бирок минтип бөөдө ажал улуу талантты алып кетти. Жакындары радиодон угуп, интернеттен окуп, биз айткычакты эле кабардар болушуптур.
Мукамбет Токтобаев биздин театрда коюлган спектаклдердин 80 пайызында роль аткарчу. Абдан ак көӊүл, тамашакөй, жөнөкөй адам эле. Канча жыл искусство тармагында иштеди, бирок интригага такыр аралашкан жок. Бирөөлөр ушакташып жатышса «ушунуӊарды койгулачы, айланайындар» деп койчу. Адамды мактап, жамандачу да эмес, жетекчиликке жагалданып кошоматтануу дегенди билбеген эӊ калыс адам болчу. Эсимде, бир жолу Таласка гастролго барып, Эгемберди Бекболиев, мен, Мукамбет Токтобаев үчөөбүз бир бөлмөдөн орун алып калдык. Агай 4-5 күн катары менен ооруп калды, мен күнүгө 200 граммдан арак куюп берип жатып, 2-3 күндө эле айыгып кетти. Айыккандан кийин «Темирлан, сен менин аялыма жетпейт экенсиӊ. Күндө 200 граммдан арак берип айыктырганыӊ жакшы, бирок көйнөгүмдүн жакасын карачы, аны деле жууп койсоӊ болмок да» деп боорду эзген. Агайыбыздын үй-бүлөсүнө президент 100 миӊ сом, премьер-министр 100 миӊ сом бөлүп беришти, бул да болсо талантты сыйлагандык деп эсептейм. Тагдырдын тамашасын кара, Мукамбет Токтобаевди сүзүп кеткен 27 жаштагы Эрнист деген жигит да Чүй театрында актёр болуп иштеп, кино тартчу экен. Ажал кай жерде болбо кууп жетет деген чын тура, минтип жаш актёр улуу актёрубуздун каза болгонуна себепкер болуп отурат.

Дүйшөнбек Байдөбөтов, курсташы: «МУКЕМ ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮНӨН ЖАЗБАГАН АДАМ ЭЛЕ»
-Мукемди «Муке» же эркелетип «дядя Миша» деп койчумун. Өлүм тууралуу ойлой электе ажал алып кеткенин карачы. Июнь айында 50 жылдык чыгармачылык кечесин өткөрүп, Мукемдин «Каркыраларын» ырдап, студенттик кезди эстеп отурдук эле (жашып).
Экөөбүз 1967-жылдан бери таанышпыз, Москвадагы ГИТИС окуу жайына чогуу тапшырып, чогуу окуганбыз. Бир билгеним, Мукем канча ролду аткарса да, такыр асманга көтөрүлүп менменсинген жок. Мукем топурактын, жердин баласы эле, жөнөкөйлүгүнөн жазган жок. Турмуштук ролдорду жөнөкөй, жеткиликтүү аткарганга жөндөмдүү болчу. Бир ай мурун улуу балам кайтыш болгондо Мукем келип далымдан таптап, «Кайрат кыл, Дүкө, сенин кайгыӊды жакшы түшүнөм, мен да баламдан айрылгам» деп жоошуткан. Аккордеондо укмуш ойночу. Студенттик кезде жатаканада жашап жүргөндө көп кызыктуу күндөр өткөн. Москвада окуп жүргөн кез, бир маалда мырзалардын дааратканасынан орус балдар чуркап келе жатышат, «эмне болду?» десем, «ал жакка барба, кыздар адашып кирип алыптыр» дешти. Кирсем Мукем кыздардын кийимин кийип алып отурат. Кээде түн жарымда ар кандай үндөрдү чыгарып улуй берчү. «Койсоӊчу, Муке, бул үнүӊдү боюнда бар аял угуп боюнан түшүп калсачы» десем деле болбой күлдүрө берчү.

Жандатбүбү Жаманбаева, актриса, жубайы: «ОПЕРА-БАЛЕТ ТЕАТРЫНАН ЫРЧЫ БОЛБОЙМ ДЕП БАСА БЕРГЕН»
-Мукамбет экөөбүз 46 жыл чогуу түтүн булаттык. 5 баланын ата-энеси, 13 неберелүү, 2 чөбөрөлүү болгонбуз. Экөөбүз Москвада окуп жүргөндө таанышып, ошол жактан үйлөнгөн элек. Өтө жөнөкөй, балдарына эзели катуу айтпай тарбия берген адам эле. Мукамбет менен чогуу кыйналсак да баарына чыдап жашадык. Артисттин айлыгы эмнеге жетмек эле? Азыр деле артисттердин жыргаган жери жок. Ырчылар эле жыргап жатышпаса. Ошол кезде актёрлуктан сырткары такси кызматында иштеп бизди бакчу. Машина оӊдоп сатып да иштеп жүрдү. Анан жарыктык өтө боорукер жан болчу, көчөдөгү ата-энеси жок, кароосуз калган балдарды жетелеп «биздин үйдө жашап турсунчу» деп алып келе берчү. Мыкты обондору бар, ошол жазган ноталары сакталбай калганына өкүнүп отурам. Кезинде Муратбек Рыскулов «сен мыкты ырчы болосуӊ» деп Опера-балет театрына киргизип койгондо «ырчы болбойм» деп баса берген. Көксөп-дегдегени эле актёрлук кесип болчу, үйдө жарым сындырым наны жок калганда да актёрлукту таштаган жок. Уулубуз Даниел 25 жаш кырчындай курагында дүйнө салган. Ошондон кийин өлүм, өмүр, жашоо тууралуу «Бул жакшы адам эле, эрте кетти, ушунча көп жашады деп такыр таӊ калбайм. Анткени өлүм менен өмүрдүн аралыгы каш менен кабактын ортосундай эле жакын болот экен» деп айткан эле байкушум. Айткандай эле өзү да ошондой аралыкта бизди таштап кете берди.

Кинодо баш каармандын ролун аткарсам деп кыялданган актёр арманда кетти, бирок анын аткарган бардык ролдору баш каармандыкына тете болчу.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Кыргыз Эл артисти Мукамбет Токтобаевдин сөөгү жерге берилди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
Медиа-портал
01.08.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болуп бейиштен орун алсын.
SUPER.KG видео
01.08.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайы жаннаттан болсун
Медиа-портал
01.08.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каргыш да. Достойный олум буйрубаптыр да. Ар бир аткарган ролдору жагат. Жаткан жериниз жайлуу болсун. Кудайга керек болгон экенсиз да.
Tagdyr түзөттү 2015-08-01 23:14:52
Медиа-портал
03.08.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tagdyr,эмнеси же кимдин каргышы?ойго келгенди жаза бербесенер!Кудай олумду бироого ойдон,бироого тоодон берет экен.
Медиа-портал
03.08.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tagdyr,сен достойный олумду кандай тушуносун я. Тообо каргыш дегенине тан калдым. Наоборот кан жолдо олгону бейиши экенинен кабардыр балким. Кудай буюрса
Медиа-портал
03.08.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tagdyr,Каргыш да дегениң түшүнүксүз,эмне бирөөнүн каргышына калды дейсиңби, же буйрук дегениңби?Кыргызча сөздөрдү так билиш керек да
Медиа-портал
04.08.2015. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tagdyr,Бир аз оюнду топтоп алып анан жазсан болмок экен.Озун дагы бир жолу окуп корчу,озун деле тушунбой калчудайсын.
SUPER.KG видео
02.08.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу топурагы торполуу болсун!!!
SUPER.KG видео
02.08.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериңиз жайлуу болсун товарищ Генарал.
SUPER.KG видео
02.08.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!ыйманы саламат болсун!
SUPER.KG видео
02.08.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз дагы бир азаматынан айрылды. жайы жаннатта болсу. эл суйго адам эле.
SUPER.KG видео
02.08.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх АЖАЛ! Айтырбай келген Ажал.
Мынча Эрте алып кетпесен эмне,
Канча аткарылбай иштер калды
Олтуруп умут кылган, кыялдап максат кылган ойлору кайда калды
Дагы жашаса кандай жакшы тасмаларды тартууламак.....
Аллах бейишиндин торунон орун бере кор... Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
Медиа-портал
02.08.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeri jailuu topuragy torko bolsun! Allahym beishten orun bersin, omiin!
Медиа-портал
03.08.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлдү дегенде ишенбей турдум эле, эми ишендим
Медиа-портал
03.08.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлап-ыйлап көргөндөн кийин тиги рекламаңар чыга калса кызыктай болот экенсиң
SUPER.KG видео
03.08.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанатан болсун
Медиа-портал
03.08.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун ишене албай турам бу кишинин арабыздан кеткенине, мен жактырган актерлордун бири эле кош болунуз Мукамбет агай.
SUPER.KG видео
03.08.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы киши эле жаткан жери жайлуу акырети абат болсун омин
Медиа-портал
03.08.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанаттан болсун...
SUPER.KG видео
04.08.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун! Ыйманы саламат болсун!
Медиа-портал
09.08.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agai jatkan jeriniz jailuu bolsun...
Медиа-портал
09.08.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун агай,биз сизди эч качан унутпайбыз...
10.08.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанаттан болсун.Мен жакшы коргон актёр болчу.
10.08.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниел деген баласы гулнур сатылгановдун жолдошу беле
14.08.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulnara2014,ooba
10.08.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(((( "ОКУНУЧТУУ" жакшы адамдын омуру кыска болот дегендей аябай жакшы адам эле видеосун коруп озумду токтото албай ыйладым (( КУДАЙЫМ бейиш жеринен насип эткен болсун оомийн,жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун,жакындарына сабыруулук айтамын!
11.08.2015. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун Кудайым бейиштин торунон орун берсин Оомийн.
11.08.2015. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, не деген актер эле, аттин...
11.08.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун.
SUPER.KG видео
17.08.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул видеону коруп аябай жаман болдум..лично тааныш болбосом дагы сыйлайт элем..чыныгы актер..достойный адам эле...жаны жанатта болсун..топурагы торко болсун..жакындары сабыр кылыныздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо