САПАТСЫЗ ДААРАТ КАГАЗЫ ДЕН СООЛУККА КОРКУНУЧТУУ!

№666 7-август-13-август, 2015-ж

ТАРЫХЫНАН
Даарат кагазы Кытайда ойлонуп табылган деп эсептелет. Ал тууралуу маалымат биздин замандын 589-жылында жазылып калтырылган. Ал кезде даарат кагазы таңсык катары эсептелип, императордук сарайда гана колдонулган. Европада 14-кылымда пайда болуп, 18-кылымдын башына чейин падышалар менен императорлордун үй-бүлөсү жана алардын чөйрөсүндөгүлөр гана пайдалана алышкан. 18-кылымдын башында шаардык тургундар даарат кагазы катары гезит, журнал, китеп, конверт, кагаз баштыктарды колдонууга өтүшөт. 1857-жылы барак түрүндөгүсү өнөр жайдан чыгарыла баштайт. 1871-жылы Америкада түрмөктөлгөн алгачкы даарат кагаздары пайда болот. Ал эми жарнамасы Британияда 1883-жылы жарык көргөн. Ошол кезге чейин даарат кагазы тууралуу сөз кылуу адепсиздик катары саналган. Андыктан аны чыгаруучулар ойдон чыгарылган бренд менен аташчу же өндүрүүчүнүн аты-жөнү жазылчу эмес.
Учурда аталган санитардык-гигиеналык каражат ар бир үйдө жолугат. Бирок алар бири-биринен өң-түсү, курамы, тыгыздыгы, катуулугу жана бекемдигинен, курамында тиричилик таштандылардын калдыктары бар же жок экендигинен айырмаланат.
Түрмөктөө ыкмаларында да айырмалар бар. Мисалы, канчалык деңгээлде тыгыз түрүлгөндүгү, түрмөктүн узундугу, катмарларынын саны. Эске алуучу нерсе, сапатсыздарынан оору жугат дешет. Канчалык чындыгы бар, тактап көрөлү.

«САПАТСЫЗ ДААРАТ КАГАЗЫНАН ООРУЛАР ЖАРАЛАТ»
Сурмакан Алыбаева, Бишкектеги «Грация» медициналык борборунун врач терапевти:
– Кээ бир уятсыз өндүрүүчүлөр даарат кагазын чыгаруу үчүн элден, базарлардан, дүкөндөрдөн, ошондой эле таштандылардан чогултулган макулатураларды колдонушат. Дүйнөлүк окумуштуулар мындай сапатсыз сырьёну колдонуу ооруларга алып келерин белгилешет. Алсак, аллергиялык дерматит, стрептодермия жана пиодермия (тери оорулары). Мындан тышкары жыныстык органдарда жана көтөн чучукта сезгенүү келип чыгып оорулар жаралат. Ал эми геморрой, цистит жана молочница сыяктуу оорулар курчуйт.
Андыктан даарат кагазын тандоодо кыраакы болуңуз, анткени ден соолугуңуз тандоодон көз каранды. Болушунча ак түстөгүсүн, кымбатын тандасаңыз, сапаттуусун алган болосуз. Сапаттуусу жумшак, сууну бат өзүнө сиңирет, сууга салса тез эзилет.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(7)
10.08.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ааа эми даарат кагаздын да эн кымбаттарын издеп баштайт экенбиз да.
10.08.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми бизде жакшылары эле болуш керек 70 сомдуктар надеюсь
10.08.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Илгери 2 оору эле бар эле, эми кун сайын оору кучоп кобойуп келет, даарат кагазын издеп калат экенбиз да
11.08.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу дарат кагаз данда оруу жукса билбей калдын не дештида андан коро таш жана кезек мн эле котошту арчып туруп кетеберет окшойбуз айла жок жумуш убагы
11.08.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу колдонсо акырында ардайм таза болосун.
12.08.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Гранат" даарат кагазын сатып алгыла. Санитардык нормаларга туура келет. Ойдодо жазылгандай апакай, сапаттуу, жумшак, сууда бат эрийт.
13.08.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Назик" да жакшы, жогорудагы талаптарга жооп берет, апакай, жумшак, суунун бат синирет... Баасыда ото кымбат эмес...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо