БИР БҮРКҮМ

№666 7-август-13-август, 2015-ж

  • Жогорку сот Чүй облустук сотунун судьясынын өрт чыккан кабинетинен МАРОДЁРЧУЛУК боюнча кылмыш ишинин материалдары уурдалганын тастыктады.
  • Быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөөнү тапшырган Ысык-Көл облусунун БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ар бир үчүнчүсү 90дон ашыкча балл алышкан эмес.
  • Ош шаарында кыргыз-кытай ишканасы LCD ТЕЛЕВИЗОРЛОРУН чыгара баштады. 150 телевизордон турган биринчи партия текшерүүдөн өткөндөн кийин сатыкка чыгат.
  • Сууга түшүү сезону башталгандан бери өлкөдө 60 адам, анын ичинде 16 жаш бала СУУГА ЧӨГҮП кайтыш болду. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.
  • 30-июль күнү Баткен облусунун Каравшин капчыгайында 3 орусиялык АЛЬПИНИСТ аска-зоодон кулап көз жумду.
  • Ошто 30 миң сом пара алып жаткан жеринен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы ГАЛМАМАТ АНАПИЯЕВ кармалгандыгы тууралуу кабарланды. Ал кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы.
  • Баткен, Ош облустарынын Кытай, Тажикстан менен чектешкен аймактарында быйыл күчү 7-9 баллга чейин жеткен ЖЕР ТИТИРӨӨ болушу мүмкүн. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
  • 1-августтан тарта ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН баасы кымбаттады. Эми 700 киловатт-саатка чейин колдонгон абоненттер мурункудай 70 тыйындан эмес, 77 тыйындан, 700 киловаттан ашыкча пайдалангандар ар бир киловатт-саатына 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Тоолуу аймактын абоненттерине аба ырайы суук болуп турган мезгилге карата өзүнчө жеңилдетилген тариф каралды.
  • «БИЛАЙН» уюлдук операторунун башкы директору Олег Клочко жол кырсыгына байланыштуу кармалып, тергөө жүрүп жатканынан улам кызматынан убактылуу четтетилди.
  • УКМК Ислам мамлекетинен кыргызча "САЛАМ" жолдогон жана ал видеороликти интернетке жарыялаган террордук уюмдун мүчөсүнө карата кылмыш ишин козгоду.
  • АКШнын Сенаты 5-август күнү аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси кылып ШЕЙЛА ГУОЛТНИНИ бекитти. Учурда бул кызматты Ричард Майлз убактылуу аркалап жатат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
15.08.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жер титироо болот деп коркутатго,кудай сактасын,тынч эле бололучу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо