ЭЛЧИ МЕНЕН БЕЙТААНЫШ КЫЗ УЧАКТА

№666 7-август-13-август, 2015-ж

Адамдын жашоосу кызык. Ар бир күн бири-бирине окшобой, ар бир саатта кызыктуу окуялар утурлай тосуп турат. Биз буга чейин боло келгендей белгилүү адамдардын эсте калган ары кызыктуу, ары күлкүлүү окуялары тууралуу сөз кылмакчыбыз. Кыргызстандын Малайзия өлкөсүндөгү элчиси Кылычбек Султанов да ыӊгайсыз кырдаалга тушуккан окуясын төмөнкүдөй баяндап берди.

«ЧЕК АРАЧЫЛАР ЖАЙБАРАКАТ»
– Кыргызстанда маанилүү иш-чараны бүтүрүп алган соӊ моюнумдан жүктү алып салгансып бир аз жеӊилдеп, мекенге болгон сагынычты аз да болсо жазып алып, кайрадан «Манас» аба майданын көздөй бет алдым. Аэропортто самолётко отурганга чейин тейлөөнүн 3 түрү бар эмеспи. Бирөө жалпы жүргүнчүлөр үчүн, бирөө коммерциялык негизде тейлөөчү зал, бирөө расмий адамдарды тейлөөчү зал. Мен бул жолкусунда атайын жалпы жүргүнчүлөрдү тейлөөчү зал менен өткүм келди, анткени чет өлкөдөн келген туристтер көбүнчөсү ушул залдан өтүшөт. Мага ошол жалпы залдагы тейлөө сапаты кызык болду, жумушум үчүн билип алгым келди. Чынында тейлөө начар экен. Биринчиден, чек арачылардын шашпай жайбаракат тейлегени жаккан жок. Анын үстүнө 5-6 посттун үчөө гана иштеп жатты. Чек ара текшерүүсүнөн өтүп жаткандар кичинекей аянтчага батпай, чек арачылар болсо жаӊы келген келинден бетер созолонушат, бири-бири менен жаӊы таанышып жолугушуп жаткандай шашпай сүйлөшүшөт. Текшерүү аянтына эл такыр эле батпай калганда алардын бирөө келип, бала бакчанын балдарын тизгенсип «бир катарга 2-3төн тизилгиле!» деп баарыбызды тизе баштады. Күлкүлүү. Ошентип паспорттук көзөмөлдөн өткөнчө 1 сааттай убакыт өттү. Убактысы келип самолётко кирердин алдында башка коридордон үч-төртөө келип кошулуп, самолётко кирүү үчүн бир жерге топтолуп калдык. Алардын арасынан бир айым көзгө тааныш учураганынан жакшылап карасам юстиция министри экен. Жанында эки кыз бар. Ичимден «кыздары окшойт...» деп ойлоп койдум. Тааныган соӊ ал-жай сурашып коёюн деген жакшы ой менен утурлай бастым.
– Саламатсызбы?
– Саламатчылык!- деп салкын кабыл алды.
– Кесиптештериӊизби?- деп жанындагы эки кызды жаӊсай ишарат кылдым.
– Жок, кесиптештерим эмес!- деп кыска жооп кайтарды. Ошону менен сөз бүттү.

«ЖОКТОН» БАШКАНЫ АЙТПАДЫ»
– Куала-Лумпурга жеткиче транзит менен 12 саат учууга туура келет. Андыктан билет үчүн жумуштан бөлүнгөн акчага өзүм акча кошуп, бизнес-класста учмакмын.
Салонго кирсем, министр айымдын жанындагы кыздардын бири отуруптур. Менин ордум анын жанында экен. Министр айым көрүнбөдү, эконом класста отурду окшойт. Артыбызда 40-50 жаштардагы бир айым отурду. Бизнес-класста үчөөбүз экенбиз.
– Кечиресиз, эмне ичесиз?- аӊгыча стюардессанын сыпайы үнү чыгып, суусундук, момпосуй сунуштады. Мен суусундук, момпосуй алдым.
– Чоӊ кыз, кандай суусундук ичесиз?
– Ичпейм!
Чорт кесе сунушту четке каккан кошунам жактырбагандай ары карап отуруп алды.
– Асманга көтөрүлдүк. Суусундук ичесиздерби?- деген сылык-сыпаа стюардесса кайра келди.
– Жок...
– Гезит окуйсуздарбы, алып келип берейинби?
– Жок...
Жанымдагы кыз «жоктон» башканы айтпады. Мен «эрке кыздын» жинине тийгим келип, стюардессанын бардык сунуштарына атайын «ооба» деп жооп берип жаттым. Стюардесса кеткен соӊ «эрке кызга»:
– Эмне эле кечке баш тартып жатасыз?- дедим. Ал:
– Каалабайм!- деп тим болду. «Чунак кыз десе, жанында элчинин өзү отурса...» деп ойлодум ичимден. Көп узабай учак Алматы шаарына конду. Андан Куала-Лумпурга учтук. Бул ирет бизнес-класста жанагы «эрке кыз» көрүнбөдү. Акыры Куала-Лумпурдун аба майданына кондук. Мени айдоочум менен Малайзияда окуган 2 студент тосуп алышты. Алардын бири:
– Кыргызстандан Юстиция министрлигинен делегация келмек. Бул жактан Австралияга учушат экен, элчиликке чалып «шаарды көрсөтүп бергилечи» деп суранышты эле, экөөбүз ошого келдик,- деди.

«СӨЗҮӉӨРГӨ КИЙЛИГИШКЕНДЕН ЧОЧУЛАДЫМ»
– Көп өтпөй делегация аэропорттон чыкты. Министр айым жанымдан унчукпай өтүп кетти. Эки студент аларга шаарды көрсөткөнү кошо жөнөштү, а мен айдоочум менен кеттим. Студент балдардан министр айым «жанагы силердин жаныӊарда турган киши ким? Биз менен учуп келди» деп сураптыр. «Ал Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси да» десе, «аа» деп калыптыр. Ошентип алар күнү бою шаар кыдырып, кечкисин Австралияга учуп кетишиптир.
«Кыргызстандан билим берүү жана илим министринин орун басары конференцияга келиптир. Элчиликке чалып котормочу суратты»,- деп калды бир кызматкерибиз. Котормочу бердик. Эртеси ал конференцияга мен да катыштым. Баарынан кызыгы – учакта бизнес-класста артымда отуруп келген «40-50 жаштардагы» айым билим берүү жана илим министринин орун басары болуп чыкпаспы. Ал да котормочудан «Тигил киши ким эле? Бир жерден көргөндөй болуп жатам» деп сураптыр. Котормочу бала «элчибиз» десе, «аа, ошол беле?» дептир. Экөөбүз таанышып, баарлашып калдык.
– Эмнеге учактан эле айткан жоксуз? 8 саат жөн келбей, сүйлөшүп келмекпиз,- десем, ал:
– Кепкачан, жынсы шымчан, футболкачан келсеӊиз тааныган жокмун. Анын үстүнө Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева менен жанаша отуруп сүйлөшүп жатсаӊыздар, таанылгысы келбей бир жакка баратышкан го деп сөзүӊөргө кийлигишкенден чочуладым,- деп жатпайбы. Мына сага, тамаша! Көрсө, мен министрдин «эрке кызы» деп ойлогон кыз башкы прокурор экен. Мен аны, ал мени тааныбаганыбызга күлкүм келди. Жашоо ушундай кызыктарга бай тура...

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(79)
10.08.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
"...чек арачылар болсо жаӊы келген келинден бетер созолонушат, бири-бири менен жаӊы таанышып жолугушуп жаткандай шашпай сүйлөшүшөт" ушул жери таамай айтылган экен да. Эзилип кыймылдаган ал жердин кызматкерлеринин жоруктарын коруп мен да күйүп кеткем. Ушу сыяктуу жагдайлар коомчулукка алынып чыкпаса, уламдан улам кобойгондон кобойот. Андыктан бул макаладан кийин тиешелуу жак бул проблемаларды оз козомолуно алаар деген жакшы ой болуп турсунчу бизде...
10.08.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргыздар гордый элбизда, биир аз чонурак болуп калса эле жонокой корунгон адамды тенине албай.
16.08.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stal.ks,гордый деген кыргызча намыскөй дегенди түшүндүрөт го,бул жерде адамгерчилик деген түшүнүктүн жоктугу,"гордый" болуш үчүн бир эмгек жасаш керек да эл үчүн
10.08.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен Жылдыз Жолдошева менен чогуу отуруп Москвага учуп келгем, коп нерселерди суйлошуп келгенбиз, мигранттардын жашоосун ачык кылып айтып бергем.
10.08.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле башкы прокурор кайсы жумуш менен кайсы жакка барганы эмнеге маалымдалбайт официалдуу же кайда кааласа барып журо береби????????
10.08.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
angels, Менде да ушул ой келди, биринчи эле.
11.08.2015. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oi_pikir,6-ай иштебей отпускага чыгып ойноп журот да
10.08.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чек арачылар эле эмес, мамлекеттик органдардын баарында ушул көрүнүш. Алакандай кагаз алыш үчүн жайдын 40 градустук аптабында, жел дегеле кирбеген коридорлордо узун кезекте тердеп-кургап 2 сааттап туруш керек болот. Мындай система качан жоюлат деги?
10.08.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Прокурорду Тааныган жокмун значит ал козго корунуктуу жакшы иштей элек деген мааниге алып келген макала турбайбы! Ким менен макул
10.08.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ай ким билет ким билет...
10.08.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
xaxaxax... bir kulup aldym, mende da ushundai situaciyalar bolgon...
11.08.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр министирлер тынбай алмашып атпай.спортивний кийинип алса тааныбай калса керек да. Жанындагы прокурору да корс жооп берип тескери карап уктап койсо керек да. Кызык
11.08.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темасын го катырып жазышыптыр "элчи менен бейтааныш кыз"-деп,ачып окусам эмнени элге жеткизейин деген тушунбодум. Эмки санында дагы бир макаласы чыкса керек,эгерде тейлоо кызматына кейисе ошол туралуу эле жазбайт беле аягына чейин анан жолдон тигини кордум муну кордум дебей.
11.08.2015. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче бул макала м.н прокурор эжебиздин текеберчилигин айтайын деген ойшойт.
11.08.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Султанов мактангысы же жылдыз оорусу эмес бул озунун жашоосундагы кызыктуу коз ирмем жана кайталангыс окуя, Кээбир кезде мындай окуялар баарыбызда болуп турат. жонокой соз менен баян кылган
11.08.2015. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чет олкодо журуп Кыргызстанга барсан элчи айткандай эле. Элдер сени жаман коздору менен карашат, атасын сен олтуруп салгандай. Малазияны билбейм, бирок Европада бироого карасан тааныбаса деле жылмайып учурашып коюшат.
11.08.2015. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман эле болсун. Туура баамдашыптыр, звездная болезнь мн ооруп жатыптыр. Бул макала элчинин кандай иштеп жатканын айтыптыр
11.08.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы окуя болуптур...
11.08.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элчибиз ото эле майдаланып кетиптир. Баягы эле журналист кезиндеги денгээлден чыкпагандай. Мен Германияга учканда бийиктике которулгондо бир нерсе болуп жаман болгом,дем жетишбей. Эч ким менен суйлошкум да келген эмес,балким Индира эжебиз да ошондой абалга туш болгондур. Бир кемпирдин ушагындай эле болуп калыптыр.
11.08.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Izdeim_seni.,Негизи самолетто учкандан корккон адамдар бар. Бирок бул окуяда генпрокурордун абалы фобиялар сериясына окшошподу. Өзүн жаман сезсе жанындагылар же стюардессалар дегендер бар, кайрылмак. Мен бул окуядан өзүн жөнөкөй элден өйдө көргөн текеберчиликти көрдүм.
11.08.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uu koshup berip koiot dep korkup ichpei koiso kerek, elestetip atam 12 saat kudaidyn suusun ichpei kogorup jokton bashkany aitpai sargaiyp katyp kalsa kerek.
11.08.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кылычбек ага (сакал) мурутун жалтыратып алып салыптыр ошого танылбай калган. Корунуктуу атактуу адамдар мурутун (сакал) алып салса танылбай калат.
Мисал келтирейин: мен Акматбек Келдибековду таныбай калгам (сакал) мурутун алып салганда.

Ал эми баш покурорго келсек, ал деле элдерге танылгыс болуп жасангандыр.)
ZAIYR түзөттү 2015-08-11 19:21:44
11.08.2015. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чунак кыз жарым тонна пудрасы менен подиумда гана иштебесе толк жок экен андан.Мурунку прокурор Аида бул убака чейин бир эки депутатты тырыштырып адам кылып коймок
11.08.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
такыр тушунгон жокмун эмне учун бул макланы жазып чыктынар мактаныпбы же башкабы мен учун сыр маанисин да тушунбодум
12.08.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кыргызча билбесе керек менимче... Билсе дагы суйлөбөйбү ушундай да кыскасы..элчи кыргызча сүйлөсө түшүнбөй башын ийкеп койгонго бойдок ( Бей тааныш кыз)
Кылычбек байке сиз азаматсыз.. Ишиңизге ийгилик.. Мага аэропортту сүрөттөп бергениңиз жакты.. Чын эле ошондой.. Жай баракат шашпайт
12.08.2015. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюм боюнча Кылычбек мырза Жолдубаеваны тааныйт,бирок сүрөттөн гана көргөн болушу мүмкүн.Жанынан көргөндө кичинекей эле бир кыз деп тааныбаса керек да.
Анан аэропорт,таможня жөнүндө кыйытып жакшы нерселерди айтыптыр.Чынында адам толтура болуп кетсе да бир эки акошкасы иштейт,калганын жаап коюшат.Анан шаашпай иштешет,жайлоодо жүргөдөй.
12.08.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Чунак кыз жанында элчинин озу олтурса"-дегени элчи кол жеткис адам деп корсотконубу.
12.08.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондор бири бирин тааныбайт экен ээ
13.08.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султановду го тааныбашы мүмкүн,бирок,Жолдубаеваны тааныбаганы уят ко...
14.08.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Султанов элчи болгону менен баягы эле журналист да. Тигил айымдар аны менен суйлошпогону туура эле. Созго тартып, устуно толтура соз кошуп бир макала жазмак.
15.08.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атан барда жер тааны,Атын барда эл тааны.
15.08.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макаладан да комментарийчилердин создору аябай кызыктуу го мага.
16.08.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чегарачылар жонундо туура эле айткансыз. Бирок чет олкодогу Кыргыз элчиликтенри деле ошол чегарачылардан калышпайт. Дегеним эчеле кыйратып иштей албайсынар. Мен 20 дан ашык олкодо болдум, бирок бирда элчиликтен конул толорлуу кызмат коро элекмин. Кылычбек байке кантип жатты экен Малайзиядагы Кыргыздар учун. Тем более негизги кесиби Дипломатия эмес, экономис болчу...
06.09.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми ушу кичине жолугушуп калган учурду китеп кылып чыгарыш керекби.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо