ӨТ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН АЛЫНЫП САЛЫНАТ?

№667 14-август-20-август, 2015-ж

Мурун өтүн алдыргандар көбүнчө жашы ортолоп калгандар болсо, учурда 15 жаштагы өспүрүмдөрдү да кездештирүүгө болот. Мунун себептери эмнеде? Суроону чечмелөө үчүн жардамга Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун хирургу, профессор, медицина илимдеринин доктору Эрнис Алыбаевди чакырдык.

ӨТ КАЙДА ЖАЙГАШКАН, КАНДАЙ МИЛДЕТТИ АТКАРАТ?
Өт баштыкчасы – боордун алдында жайгашкан орган. Узундугу 8-14, ал эми туурасы 3-5 сантиметрге жетет. Ичине 60 миллилитрге чейин өт суюктугу батат. Боордо иштелип чыга турган өт суюктугу боор жана өт жолдору деп аталган түтүкчөлөр аркылуу өт баштыкчасына барып куюлуп топтолуп турат жана анда
15 эсе коюуланат. Курамында суу, өт кычкылдары, өт пигменттери (билирубин, биливердин), лецитин, холестерин, фосфатаза ферменти жана калий, натрий, кальций туздары бар.
Адам жеген тамактар ашказанга барып түшкөн сайын өт баштыкчасы жыйрылып, өт суюктугу он эки эли ичегиге куюлуп турат. Жана андагы тамактагы майларды (каймак, өсүмдүк, балык, эттин майы жана башка) эритип, алардын организмге сиӊишине көмөктөшөт. Андан тышкары өт суюктугу ичегилердин булчуӊдарынын иштешин активдештирип, организмдеги аминокычкылдардын, холестерин, кальций тузунун сиӊишин камсыздап, бактериялардын көбөйүшүнө тоскоолдук кылат.
Өт баштыкчасы он эки эли ичегиге өт суюктугун куюп бергенден кийин анын орду кайрадан толо баштайт. Башкача айтканда, боор 1 суткада 1-1,5 литр өт суюктугун иштеп чыгарып турат.

КАЙСЫ УЧУРДА АЛЫП САЛУУ КЕРЕКТЕЛЕТ?

1. Өттүн таш оорусунда
Таштын пайда болуусуна 2 фактор себеп болот:

  • Өт баштыкчасында өт суюктугунун туруп калышы (убагында он эки эли ичегиге куйбай).
  • Зат алмашуунун бузулушу менен баштыкчада туздардын деӊгээлинин жогорулашы.

Жогоруда айтылгандардан улам өт суюктугунун курамындагы холестерин, билирубин, кальций туздары катып, кристаллдашып ташка айлана башташат.
Таштын жаралышына тамакты ашыкча же анда-санда бир жеш, аз кыймылдуулук, семирүү, кант диабети, өнөкөт холецистит, тукум куучулук, жаш курак, гени өзгөртүлгөн азыктарды (ГМО) көп колдонуу да түрткү болот.
Көбүнчө унаада узак мөөнөт силкинип чайпалууда, чуркаганда, өтө майлуу, куурулган же ачуу тамактарды жегенде өт баштыкчасындагы таш жылып, өт жолун бүтөп калат. Мындай учурда боордо иштелип чыккан суюктук агып чыга албай, боордун өзүн шишитип, чоӊойтуп жиберет. Андан тышкары акпай туруп калган өт суюктугунда микробдор көбөйүп, өт баштыкчасын ириӊдетет. Ириӊдегенден улам өт баштыкчасы жарылып кеткен учурлар кездешет. Ириӊден өттүн, боордун тегерегиндеги ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Ириӊ канга аралашып, бүт организм ууланат. Акырындап өт баштыкчасындагы майда таштар түтүкчөлөр аркылуу таркап (боордун ичиндеги өт жолуна да кирет), өт суюктугу денеге тээп, тери саргаят.
Таш өт жолун бууп калганда катуу оорутуу (приступ) жаралат. Тыгылып калган таш кайра артка жылып ордуна туруп калганда приступ таркайт. Минтип жүрүүгө адам көнө баштаганы менен оору өтүшүп, башка органдарга да кесирин тийгизерин эске алуу кажет.
Андыктан өттө таш пайда болсо, анын саны бир же экөө же көп болгонуна карабай өт баштыкчасын алып салуу керек. Башкача айтканда, оорунун тереӊдеп кетишине жеткирбөө кажет.
2. Өт баштыкчасында эт өсүп кеткенде (полип)
Мунун пайда болушуна деле ашыкча же сейрек тамактануу, майлуу тамактарды көп жегендик себепчи.
3. Өт баштыкчасынын шишигинде (рак)
4. Өт түтүкчөсү сезгенүүдөн улам ийрейип, бүтөлүп, өт суюктугун өткөрбөй калганда.
Бул көбүнчө түтүкчөгө бактериалдык инфекциянын кирип кетишинен болот. Мисалы, ичеги таякчасы, стафилококк, энтерококк.

ӨТҮ АЛЫНГАН АДАМДЫН ТАМАКТАНУУСУ
Өт баштыкчасы алынган соӊ өт түтүкчөсү он эки эли ичегиге түз кошулуп коюлат.
Адам өтү алынгандан кийин 1 айдай диета кармоосу зарыл. 5 маал аз-аздан сууга жана бууга бышырылган тамактарды жеш керек. Каймак май (сливочное масло), өсүмдүк майын, сүт азыктарын колдонсо жакшы. 1 айдан соӊ кадимкидей тамактана берсе болот. Бирок диеталык тамактар организмде оорулардын жаралышынын алдын ала тургандыктан ошондой тамактарды ичип, калган органдарды сактоо туура.

ӨТТҮН АЛЫНЫП КАЛЫШЫНА ЖЕТКИРБӨӨ
Башкысы өт ооруганда дароо врачка барып текшерилип, дарылануу. Тактап айтканда, өнөкөт холециститке, өт баштыкчасында таштын пайда болуусуна жана башка ооруларга жеткирбөө. Убагында туура тамактануу, куурулган, майлуу тамактарды азайтып, кайнатма тамактарды көбүрөөк жеп-ичүү. Гени өзгөртүлгөн азыктарды мүмкүн болушунча колдонбоо, жугуштуу ооруга чалдыкканда дарылануу керек жана башка.

САНДАР СҮЙЛӨЙТ
Маалыматка таянсак, Кыргызстандагы хирургиялык операциялардын 60 пайызынан көбү холецистэктомияга (өттү алдыруу) туура келет. Мисалы, 1 жылда Бишкектеги Улуттук хирургия борбору менен №1-шаардык клиникалык ооруканасында эле 1500дөй холецистэктомия жасалат. Өтүн алдыргандардын жаш курактары 15-90 жашка чейин.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


Өттүн алынып калышына жеткирбөө үчүн эмне кылуу керек?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(16)
SUPER.KG видео
17.08.2015. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташты алдырыш учун канча акча кетет экен ким билсе жазып койгулачы сураныч
17.08.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул врачтан кенеш алсак болобу?
мен туну уктаганда оозум кургап калат.
17.08.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таанышына жараша толойсун.фучикте 5000ден жогору дейт.
17.08.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоон рахмат жакшы маалыматтар экен.
17.08.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men Mamakeevden aldyrgam 1 jyl murda.10000 som tologom dagy analizderge dep 2000dei ketken.Ot aldyrgandan kiyin dieta mn jurboso uiku bezge kuch kelip pankreatin oorusu paida bolot eken,andan kiyin boordu mai basa bashtait.Kyskasy murunkudai bolboi kalat
17.08.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат баарыныздарга
17.08.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Приступ дегени, эсин ооп жатып каласында э эч нерсени билбей? Менин акем ошондой приступ болот, отундон дешти да
23.08.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nzamir,приступ болгондо созсуз эле эс учун жоготпойт.каттуу ооруйт.
17.08.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мениндагы отум оруйт, без каменный халецестит. Оруганда кошо ашказан, ичеги оруйт. Диета кармайм жакшы болуп калам.
18.08.2015. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен топурак ,кальций глюканат коп жейм .ошол боюнча маалымат берип коюнуздарчы сураныч .алдын ала рахмат.
18.08.2015. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менинда отум ооруйт ишмп кеттет бирок таш жок не кылса болот.
19.08.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wirinim,ишмп кеткени кандай?
19.08.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чын ден соолук каалайм баарына эч оорубайлычы
20.08.2015. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо суперсинер бойроктогу таш боюнча жазгылачы. Теги эле бойрок жонундо чоооон ырахмат!!!
20.08.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamko,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо