КИНОДОГУ АПЕНДИ ЧАЛЫШ АКТЁРЛОР

№667 14-август-20-август, 2015-ж

Ар бир кинодо апенди чалыш, жүдөө же болбосо ар дайым жолу болбогон ийгиликсиз каарманды кезиктирүүгө болот. «Мындай каармандар тасманын кызыгын арттырып, көрөрманды экран алдында кармап турууга жардам берет» дешет киночулар. Кыргыз киносунда мындай өзгөчө мүнөздөгү каармандардын ролун аткарган актёрлор көппү? Дегеле катардагы адамдардан бир топ айырмаланып турган каармандын образын ачып берүү кыйынбы? Кеп ушул теманын тегерегинде болсун.

Марат Жанталиев: «ӨЗГӨЧӨ КААРМАНДЫ ЖАРАТЫШ ҮЧҮН ТӨЛӨМҮШ ОКЕЕВ СЫЯКТУУ РЕЖИССЁРЛОР КЕРЕК»
– Өзүм катышкан кинолордун көпчүлүгүндө оорукчан, акылы кем, апенди чалыш каармандардын ролун аткарып калдым. «Кожожаш», «Айыл өкмөтү», «Кууш жолдо», «Президент жана бомж» тасмалары буга далил. «Кожожаштагы» Саяктын ролун 21 жашымда аткаргам. Бул менин тушоомду кескен алгачкы ролум. Каарманым Саяк көпчүлүккө акылы кем көрүнгөнү менен, анын ой-жүгүртүүсү акылдууларга караганда кенен. Тасмага тартылуу үчүн мени менен катар кыргыздын аттуу-баштуу актёрлору видеотандоодон өтүшкөн, арасында маркум Мукамбет Токтобаев да бар эле. Ушундай ролдорду катыра ойногон Кыргызстанда Тургун Бердалиев деген актёр бар. Ошол актёр Саяктын ролун аткарганымды көрүп «Кыргызстанда мен эле мындай ролдорду аткара алам деп жүрсөм, сен менден ашып өтүпсүӊ» деп айткан эле. Азыркы кыргыз тасмаларынан өзгөчө каармандарды көрүп эле жүрөм. Бирок аны жеткиликтүү аткартыш үчүн Төлөмүш Океев сыяктуу режиссёрлор керек.

Жеӊиш Майрамбек уулу: «МЕН АТКАРГАН РОЛДУ БАРДЫК ТАМАШОУЧУЛАР ОЙНОЙ АЛЫШАТ»
– Жүдөө, кылык-жоругу кээде адамды жиндентсе, кээде күлкүнү келтирген ролдорду аткарам. Мындай аткаруу менин эле колумдан келет деп айта албайм. «Бир тууганчик», «Сүйүктүүмдүн каарманы» деген тасмаларда аткарган ролумду бардык эле тамашоучу балдар ойной алышат. Биз КВНде 20-30 секунддун ичинде эле бир нече жолудан ар кайсы образдагы каарманды аткарабыз. Бизди профессионал актёрлор «ролдору жеӊил-желпи» деп сындашы мүмкүн. Бирок бизди көрө тургандардын көпчүлүгү жаштар, өзүбүз да жашпыз, андыктан өзүбүздүн муунга кандай ролду кандай өӊүттө аткарсаӊ жакшы өтөрүн билебиз.

Максат Тасмаев: «КИНОДОГУ КААРМАНДАРЫМ МЕНЕН ОКШОШмун»
– Жиндини жиндидей, аракечти аракечтей, апендини апендидей ойноп салган күчтүү актёрлордон куру эмеспиз. Мисалы, апендинин деле өзүнүн жан дүйнөсү, жашоого болгон көз карашы бар. Катардагы адамдарга анын баалуулуктары күлкүлүү, жосунсуздай туюлушу мүмкүн. Мен көбүнчө жолу болбогон, ийгиликсиз каармандын ролун аткарып калам. Мисалы, «Талак», «Атымды башка коёмун» деген комедияларда, сахнада ойногон тамашаларда деле соо адамдын ролун ойноп көрө элекмин. Ошон үчүн актёрбуз да. Кинодогу каармандарым менен окшоштуктарым бар, анткени жашоодо менде деле андай учурлар кездешет. Ошондуктан арабызда жүргөн андай «чоочун» адамдардын жоругун туура эле түшүнөм. Кечээ унаамда бара жатсам жол чырактын алдында бир жаш жигит магнитофонун коюп алып бийлеп жатат. Аны көрүп бири күлүп өтсө, бири жаман көрүп өтүп жатат. Балким, ал жан дүйнөсүндөгү букту бий аркылуу чыгаргысы келеттир? Жөнөкөй адамдар аны түшүнбөйт да.


Эмил Токтошев: «ДӨӨПӨРӨСТҮН РОЛУН АТКАРГАНЫМА СЫЙМЫКТАНАМ»
– «Түндүктүк келин» тасмасында дөөпөрөс баланын ролун аткаргам. Дөөпөрөс бул түштүк диалектине тиешелүү сөз, дөлдүр, акылы жетишпеген деген маанини билдирет. Аталган тасмага мени Рысбек Жабиров 30 тамашоучунун ичинен тандап алган. Буга чейин мен «Тамашоудо» ушул өӊдүү коркок, акылы кем баланын ролдорун ойногонумду көрүп, байкап жүрсө керек. Аталган тасманы көргөндөрдүн көбүнөн «башкы ролдогу кыз менен эле сен фильмди көркүнө чыгарыпсыӊар» деген мактоолорду угуп жатам. Тасма өзүмө да аябай жакты. Көчөдөн да элдер таанып «сен баягы кинодогу дөөпөрөссүӊбү, атыӊ ким өзү?» деп сурап калышат. Мен чычалабайм, тескерисинче, ушундай ролду аткарганыма сыймыктанам.




Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
17.08.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ема азаматсын!
17.08.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
/Дөөпөрөс бул түштүк диалектине тиешелүү сөз, дөлдүр, акылы жетишпеген деген маанини билдирет/...дептир Эмил Токтошев.
Бул диалект эмес, бардык аймакта кеңири эле колдонулат.
17.08.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ушундай ролдорду не кылат кошуп.Беймаани болуп кетет.
17.08.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нази25 Мындай ролдорду кошпосо фильм супсак болуп калат,кино жашоодон алынат да
17.08.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ёма молодец
17.08.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
оа туура айтыптыр Эмил. чынында сонун аткарган кинодо.молодец
17.08.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз да ошо Эмилди коруп эле куло беревиз супер!!!!!
17.08.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмил Токтошевдин чындыгында таланты бар экен. Ага болунгон рольду жандуу, жогорку денгээлде аткарган.
17.08.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биз болсо доопараз деп айтабыз.
17.08.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ajar,колдо доопорос деген соз жок диалект Бизде далдыр дейт
18.08.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suidum.96, Көлдө деле колдонулат, балким, сиз укпай, колдонбой жүрсөңүз керек... Мисалы, мен колдоном.
18.08.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
suidum.96,бар, балким, сиз билбейт чыгарсыз.
Бул иран тилинен кирген сөз, болгону аны ким кандай колдонот, маселе ушунда болсо керек. Эгер көп колдонбосо, ал унутула түшөт да.
17.08.2015. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсын Эмил чындыгында кино коркун ачкансын,
18.08.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Жеништин рольдору жагат.
19.08.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага доопоростун рольу аябай жакты,аягында неболот экен? тиги женеси алдабай картошкасынын ордуна катын алып берип койсо экен ,деп аябаай эле кыжаалат болдум,ОЗУ кино даны соонун тартылган,кайра кайра кайталап кордум
19.08.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмил аябай сонун аткарган. акылы жайында адамга мындай рольду аткарыш ото кыйын болсо керек.
19.08.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорудагы баардык актёрлор ролдорун сонун аткарышкан, баары азамат!
20.08.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба, бул диалект кинодо Доопарас дейт го.Колдо долдур, далдыр деп айтылат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо