КОЛДО БАР АЗЫКТАРДАН СКРАБ ЖАСАЙБЫЗ

№667 14-август-20-август, 2015-ж

Колдо бар азыктардан өз колуӊуз менен табигый скраб жасап алсаӊыз болот. Мындай скраб бет териӊизди тазалап гана тим болбостон, керектүү витаминдер менен да азыктандырат.

АЛДЫН АЛА...

1. Бетиӊизде учук жана башка түрдүү жаралар, кесилген жерлер болсо, скраб колдонууга тыюу салынат.
2. Скраб колдонордун алдында билектин ички бетине бир аз сүйкөп, 10-15 мүнөт күтүӊүз. Эгер кызарып-кычыштыра баштаса, ал скрабды колдонууга болбойт.
3. Скраб колдонордон мурун бет-моюндун терисин тазалап алуу зарыл. Ал үчүн атайын тоник, сүт (молочко), лосьондор жардамга келет.
4. Тазалаган соӊ теридеги майда тешикчелери (пора) ачылышы үчүн идишке ысык суу куюп, андан чыккан бууга бетти тосуу кажет. Андан кийин кол же спонж менен скрабды бетке жука сүйкөп, жеӊил укалоо керек.
5. Скрабдан кийин бет териӊизге жараша крем сүйкөөнү унутпаӊыз.
6. Кандай скраб колдонсоӊуз да, аптасына 1-2 жолу сүйкөгөндөн ашырбаӊыз.
Эскертүү! Скраб көздүн, ооздун айланасына сүйкөлбөйт. Сүйкөлгөндөн кийин бетти катуу сүргүлөө туура эмес. Төмөндө сунушталган скрабдар 1 гана жолу колдонулат.

МАЙЛУУ ТЕРИ ҮЧҮН
1 аш кашык кумшекерге 1 аш кашык майдаланган кара туз, сүргүчтөн өткөрүлгөн бадыраӊдан 1 аш кашык кошуп аралаштырабыз. Боткону бет-моюнга шыбап, 1-2 мүнөт жеӊил укалап, дагы 5-7 мүнөт коюп коёбуз. Андан кийин алгач жылуу, анан муздак суу менен чайкап коёбуз.
1 аш кашык майдаланган карагат, ун, грек жаӊгагын жана каймакты аралаштырабыз. Бетке сүйкөгөн соӊ 1-2 мүнөт жеӊил укалап, анан бетти жылуу суу менен чайкайбыз.

КУРГАК ЖАНА СЕЗИМТАЛ ТЕРИ ҮЧҮН
1 аш кашык кумшекерге (саргыч түрү болсо жакшы) майлуулугу аз каймактан 1 аш кашык кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон скрабды бетке сүйкөп, 1-2 мүнөт жеӊил укалап, андан соӊ жылуу суу менен чайкоо керек.
Алманын 1 чай кашык майда тууралган кабыгына 1 чай кашык ун, 1 чай кашык майдаланган грек жаӊгагын жана 1 чай кашык каймак кошуп аралаштырабыз да, боткону бетке жабабыз. 1-2 мүнөт жеӊил укалап, жылуу суу менен жууп коёбуз.

Калыптагыдай жана аралаш тери үчүн

1 чай кашык балга 1 чай кашык корица татымалын жана 1 чай кашык зайтун майын кошуп аралаштырабыз. Бетке сүйкөгөн соӊ 1-2 мүнөт жеӊил укалап, дагы 10 мүнөт коюп коюу кажет. Убактысы жеткенде жылуу суу менен жууп салабыз.

Апельсиндин кургатылып майдаланган кабыгынан 1 аш кашык алып, ага 1 чай кашык майдаланган грек жаӊгагын жана 1 чай кашык жылуу суу кошуп жакшылап аралаштырабыз. Скрабды бетке тегиз сүйкөп, 3-4 мүнөт жеӊил укалап, анан жылуу суу менен таза жууп салабыз.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(12)
17.08.2015. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара тузга тушунбодум да...
17.08.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тушунбодум кара туз кандай б.т?Айтып койгулачы супер!
17.08.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да тушунбой калдым, "кара туз" деген эмне, кандай болот?
17.08.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара туз деген кадимки эле малга берген туз да. Биз аны кара туз же кочкор туз деп коебуз.
17.08.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиш ооруганда ошо кара туз менен чайкасан да жакшы жардам берет.

17.08.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мал жалаган кара туз
18.08.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара туз-йоддолбогон туз
18.08.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамака кошкон тузбу...?
20.08.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зайтун майы ошондо кайсы оливка майыбы ээ
20.08.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер_админ сизден суранам беттеги тырыштарга кандай кам көрүү же тырыштарды азайтуу мындан аркы тырыш түшпөс үчүн кандай кам көрүү керек шилтемесин берип койосуздарбы(кырк жаштагылар үчүн).чооң РАХМАТ.ишиңиздерге ийгилик
20.08.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dian,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/article/show/24077
15.09.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара туз деген мал жалаган шамшыкал да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо