Кыяс Молдокасымов: «ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ АЙТКАНЫН ДАЛИЛДЕЙ АЛБАСА, СОТТО ЖООП БЕРЕТ»

№667 14-август-20-август, 2015-ж

Өкмөт «Курманжан даткадан» соӊ Шабдан баатыр тууралуу тасма тартууга 10 миллион сом бөлгөн. Бул фильмге баш-аягы 80 миллион сом бөлүнөрү пландалууда. Аны тартуу режиссёр Эрнест Абдыжапаровго тапшырылып, сценарий жазылган. Мына ошол сценарийдин тегерегиндеги талаш-тартыштар жаӊы күч менен от алды.

Эрнест Абдыжапаров: «Молдокасымов Шабдан саткын болгон деп макала жазган»
Талкуунун кайрадан от алышы режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун 24.kg маалымат агенттигине берген маегинен башталды. Ал мындай дейт: «Мен бул ишке аралашууга чыгармачыл процесстен алыс адамдарга жол берилгенине өкүнөм. Буга чейин жазылган сценарийдин 5 версиясында теӊ Шабдан баатырды катынпоз, коркок, акылы кыска көрсөткөн эпизоддор жок. Мисалы, Кыяс Молдокасымов 10 жыл мурун «Шабдан кыргыз элинин саткыны болгон» деп макала жазган, а бүгүн бул тарыхчы баатырдын намысын коргоп жатат. Тарыхый киноэпопеяны жаратуу үчүн тарыхый булактарга кайрылуу жетишсиз».

ТАРЫХЧЫ РЕЖИССЁРГО КЕЧИРИМ СУРООГО БИР АПТА УБАКЫТ БЕРДИ
Жогорудагы Эрнест Абдыжапаровдун маегинен кийин тарыхчы Кыяс Молдокасымов интернеттеги баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү илди:
«Эрнест мырза айтканын далилдей албаса, сот алдында жооп берет. Ал менин 10 жыл мурда Шабданды саткын деп айтканымды же жазганымды далилдеп бериши керек. Тескерисинче, айрым кесиптештеримдин Шабдан баатырды саткын, чыккынчы, орус тыӊчысы деп айтып, жазып келгендеринен коргоп келем. Бир жуманын ичинде кесиптик жана инсандык беделиме доо кетиргени үчүн Эрнест мырза кечирим сурабаса, чындыкты сот залынан далилдешип калабыз».
Андан ары тарыхчы «Шабдан баатыр» көркөм тасмасынын сценарийи эмнеликтен мынчалык талкууга алынып жатканына, тарыхчылар кийлигишпесе кандай орчундуу каталар орун аларына токтолгон.
«Талкуу, кийлигишүү болбосо, көркөм тасманын сценарийинде Алымбек датканы чыккынчы, башы жок чабандеске айландырганы үчүн анын урпактары түп көтөрүлө чыгышмак. Бугу менен сарыбагыштын ортосундагы кандуу окуяга Шабданды аралаштырып койгону үчүн Көлдүн эли толкуп чыкмак. Кыргызды кыргынга салган Кененсарынын батасын алып, көркөм тасмада баралына жеткен Шабдан үчүн Чүйдүн эли жөн жатмак эмес. Шабданды "ОБОНчу" аялдарга талатканы үчүн урпактары карап турат беле?
Бизге Шабдан баатырдын инсандык улуу сапаттарын даӊазалаган, кыргызды чабыштырбай бириктирген, рухун көтөргөн, азыркы эл башкарган мыктыларга сабак болгон, тарых бурмаланбаган тасма керек! Жүз жыл кыргызды кырып жок кыла албаган, чачыратып чабыштырган калмактардын идеологиясынан арылып, нукура кыргыз идеологиясына негизделген көркөм тасма керек!»- дейт Кыяс Молдокасымов.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(54)
17.08.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шабдан орустарга саткын болсо, ал кезде Нүзүп бийди кыргыздар өзү эле сатып кеткен.
Качан болсо кыргыз менен кыргыз кырылып келген. Кырла да берет окшойбуз аттиң...
Mukay түзөттү 2015-08-17 15:57:24
17.08.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mukay, Нүзүптү эч кандай кыргыздар саткан эмес. Кыпчактар, [moderated] сатып кетишкен, Шералы хан башын алган. Нүзүптү Шералы хан саткан. Нүзүп Шералыны Коконго алып барып хан көтөргөн. Ошондо чокойун адам боюу жетпей турган жерге илип, чокойду көрүп билип жүр мурда ким элең, азыр кимсиң дегендей. Аны убагында кыргыз эли колдошкон.
17.08.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazarkyl,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
17.08.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bazarkyl, Шералы хан баш алмак турсун, чымындын жанын алганга жарган эмес. Аны кутумдар үгүттөп жүрүп, Нүзүп бий тоого кеткенде. Мөөрүн зордоп бастырып алып барып башын алдырып салган. Кыпчак деле кыргыз , болгону уруу урууга бөүнүп, так талашып эле бирн-бири чаба берген. Шерлыны деле, ошол Нүзүп бийдин башын алгандар өлтүрүп. Кенже балсы Кудаярды хан шайлап өз билгенин кылышпады беле.

Mukay түзөттү 2015-08-17 20:21:40
18.08.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mukay, кыпчактар кыргызга кирбейт. Бир кезде алар да озунчо кучтуу, кочмон турк уруусуна таандык эл болгон. Бийликти жакшы коргон эл болгондуктан ар ким менен чабышып журуп ыдырап кеткен. Алар казакстанда, Озбекстанда, Кыргызстанда, Россияда ж.б.у.с. бар. Биздегилер кыргыздашып кеткен бара-бара
21.08.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Savai80,
түрк уруусу кыргыздан тараган, дал ошол казак, кыпчак, башкыр, татарлардай эле баарынын түбү барып кыргызга такалат, тарыхты бурмалабагыла кыргыз эң байыркы эл.
17.08.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кино десе эле тарыхты бурмалап тарта беришет! Китеп окубагандар азыр коп. Ал кинону коруп "ааа, ушундай турбайбы" деп туура эмес маалымат алып калышат. Кино тартышса, чыныгы далил, факт менен тартышсын. Келжиреп, тарыхты бурмалаган болбойт!
17.08.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эгер де сот дебей эле эрнест байке мн келишип эле тартышпайбы. эгер ушу да ызычуу болсо. Мамлекетке кайрылаарым болунгон акчаны элибиз учин шаарларыбыз учун коротушсун.
17.08.2015. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чындыгында Шабдан баатыр жонундо кино тартуу кереги жок беле деп ойлойм. Кыргыздын идеологиясын мамлекетуулугун туптогон кыргыз калкы десе жанын берген,баатырларыбыз коп эле болчу эмнегедир Шабдан баатырды тандап алышты кино тартууга тушунуксуз,же Шабдан баатырдын урпактарынын киришуусу менен ушундай болдубу кимбилсин. Мен билгенден Шабдан тууралуу он соз уга элекмин,саткын деген гана ат менен айтылып журот эл оозунда,ошондуктан киного кандай ой менен тартып коркомдойбуз деп жатышат тушунуксуз..
17.08.2015. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э.Абдыжапаровдун Шабдан баатыр тууралуу жазган ценариялери ото эле чексиз макталып коркомдолуп калган. Ошондуктан эч кандай кереги жок деп ойлойм Шабдан тууралуу кино тартууга эгер кино тартыла турган болсо коркомдолуп кыргыз тарыхы бурмаланып калат. Саткынды саткын деп эле эл оозунда айтылып журот го,кайдан журуп баатыр атыгып калган тушунуксуз. Кино тартыла турган болсо ото чон каталык менен коркомдолуп макталып тартылса керек.
17.08.2015. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туугандар!талашпай эле туралы,барын тарых,эл ичи таразалаар.китеп боюнча десек,китеп бир автордун ою да.ошондуктан болок улутка корунушубуз керек.мейли Шабданды тартсын,андан кийин да кыргыздын чыгаан баатырлары тууралу да тартышар.анака мынака деп бут тоспоо керек.режисер да ойлонуп,талдап атат да.туула элек кулунду тулпар болбой калды дей бербейли.
18.08.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
шабданга 80-лимон.... андан коро жолдорду ондосонор боло шаардын.казактарга жерди сатканын баары эле билсе керек(жердеши акайда анын жолун улаган жер сатып кытайларга)
18.08.2015. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Манас баатыр жонундо кино, Мультфилмдер тартылса жакшы болмок Озбектерде Алпомыш деген киносу бар го ошол сыяктуу
18.08.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан баатырдын юблейи болгону жатат, кинону ошол учун тартканы жатат. Башка баатырлардын тиешеси жок, аларга ошол датасы келгенде кино тартышат
18.08.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан баатыр жонундогу китепти окугам. Эсимде калганы жанагы кекечтенип суйлогон эненин капкара, омуру жуулбаган аягынан жарма ичкени. Аябай жонокой адам болгонго
18.08.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманжандатканы да бурмалап тарткан жанагы садык мырза.эми кезек эрнст мырзага келсе керек да.Чындыкка дал келбеген,бурмаланган тарыхка кеткен кайраааан гана миллиондор ай.Тарыхты бурмалап жок кылуудан уялышса боло ушулар...
18.08.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарта албагандан кийин жудобогулочу...кырылбай эмне эле Шабданга жабышып калышкан.Бири бири м.н кырылып уят да ай ушу тим эле намыской болуп кетишет.
18.08.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал деген көркөм тасма,кино менен эле тарых өзгөрүлүп калат деп ким айтты.Тартса тарта беришсин,мен жөн гана кино катары көрүп коём болду.Тарыхты чукуштун кажети жок.Тарых өз ордунда тура берет.
18.08.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы нерсе жакшы боюнча калат, жаман нерсе жаиан боюнча калат, озгорто албайт аны, мисалы ак нкрсени кантип кара кылып койот, де ак нерсени кантип кара кылат
19.08.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg_egizder,сонун жаңылмач жазгансың го,өзүң бат окуп көрчү
18.08.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 лимонду болушо албай жатат окшойт
18.08.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шабдан баатыр тууралуу болгонун болгондой кино тартса чындап эле чооң жаңжал чыгат. Жаманын жашырып, жакшысын ашырып, элибиздин духун көтөрө турган жакшы кино тартыш керек.
19.08.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi emne keregibar 10 jyl murun aitylgan sozdu kaira chukup. En negizgisi, azyr any kyrgyz baatyry dep taanyp jatat go K.Moldokasymov. Ili men dagy bir nerseni tuwunboi kaldymby
19.08.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан баатырды мен да китептен окугам. Жонокой Адам эле. Кыргыздарга куйгон эле инсан го. Орустарга сатылбай эле элдин кийинки тагдырын ойлоп кошулган да.
19.08.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...
19.08.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин тарых китептерибизде коп эле ката маалыматтар болушу крк. Себеби, коптогон маалымат СССР убагында орустардын басымы астында жазылган. Анан Шабдан Баатыр(Баатырдык наамына мен кумон санайм) орустар аябай коп жардам бергендиги жонундо жашырбай эле баардык китептерде жазылган. Нарында Саяк уруусунун кол башчыларынын орустарга болгон каршы туруусунда орустарга жардам берген. Ошондой эле Нарында бир топ жерде. Алайлык кыргыздардын орустарга каршы салгылашуусунда жардам берген. Мен бул кишини
19.08.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
аааииий уят!Азыркы эркектер катындардан жаман айтышат,ужас,азыр аялдар чукубайт бириникин бири,олуп кетсин эмне десе ошо десин деп басып кетишет,а эркек калктын пейили жаман болду го,кудай сакта
21.08.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliko,
Карындашым сен али жаш окшойсуң, чоңдордун ишине аралашпай оюнуңду ойно. Талаштан тактык жаралат, анан тарыхты тактабай эмнени тактамак элек. Эч ким биринин бирисинин эч нерсесин чукуган жери жок, тарых бурмаланып элибиздин абийирине шек келип калбасын деген гана аруу тилек.
19.08.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эскини талашбай жаны жашоого откулода,.
21.08.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars55,
тарыхын билбеген элдин келечеги жок иним,
жети атаңды билбесен кыргыз ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-08-21 13:39:53
21.08.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mackler, - эскертүү!
Башка колдонуучуларды кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
19.08.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшысы тарыхый кинолорду тартпай эле койгондору он ар кимиси ар кандай кылып озгортуп олтуруп манызы калбай калат экен .орустардан коркуп коп жерин алып салып ошндой атактуу кыргыздын жашоосун таптакыыр озгортушуп салат экен .андан коро биздин кино тартуучу адамдар жон эле озунун денгелине жараша манисиз кинолорун чыгарганды уланта беришсе болмок тарыхка аралашпай эле
19.08.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманжан датканы да кыйратып тартышкан эмес каарыгында дудуктарга окшотуп эми шабдан баатырды да катынпоз кылып чыгышпаса эле болду .болгонду болгондой тартканы эч кимисинин духу жетпейт ар кимден коркуп олтуруп анан жон эле чырдаша бербегилечи бир нерсени кыййратып жаткандай
20.08.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мин жолу коркомдосун саткын бойдон калат.Эч кимден укпадым жакшы соз Шабдан жонундо.Эл саткын деп билишет экен силер эмне дейстер деп суроо берип койгулаачы режиссерго.Так факт менен жооп бере алат бекен коробуз
20.08.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyngyz-KG,

Туура айттын!!!!!!!!!!!!!!!

20.08.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Голливуддан эн мыкты режиссер чакыртып Манас атанын киносун эн мыкты тартышса сонун болмок,
Дуйно жузу Манастын ким болгонун жакшылап билишмек . мейли 10саатык кино болсо деле кыскартпай тартышса.
21.08.2015. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шабдан тараптык жазмакейлер, тын чыкмалары эле котормолоп Шабданды баатыр кылып, кобуртуп жабыртып мактап эл адамы кылып жиберишкен.Болбосо кыргыз жерин корунгонго сатып, тараткандан башка баатырдыгын уккан эмес экем.Суунун аркы ойузун казактарга 40 байталга сатып,Токмок айланасын озу билемдик кылып дунгандарга таратып, бут кыргызды устунон орустарга сатып, мына жыйынтыгын коруп жатабыз Шабдандын баатырдыгын.
bakyt_2015 түзөттү 2015-08-21 05:33:59
22.08.2015. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80миллионду башка нерсеге жумшап салышса болмок экен
23.08.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да шабдандан коро нузуп бийди тартса дейм жок эле дегенде исхак асан уулу жонундо тарыхта акыркы кокон ханы катары калган жалган болот хан деген ат менен
02.09.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне болду ошол бойунча тынчып калышты го
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо