№667 14-август-20-август, 2015-ж
2015-жылдын 12-августу кыргыз мамлекети ЕАЭСке мүчө болгон дата катары тарых барактарында калмай болду. Ушул күнү Ысык-Көлдүн боюнда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «чек арадагы бажы тосмолору алынып салынсын» деп буйрук беришти. Муну менен Кыргызстан ЕАЭСтин толук кандуу мүчөсү болуп калды.
Назарбаев: «ЫСЫК-КӨЛГӨ 4-5 ЖЫЛДАН БЕРИ КЕЛЕ ЭЛЕК БОЛЧУМУН»
11-август күнү Нурсултан Назарбаевдин учагы Тамчыда жайгашкан жаӊы оӊдоп-түзөөдөн өткөн аэропортко келип конуп, аны Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды. 12-август күнү президенттер журналисттердин алдында адегенде эки тараптуу мамилелерди талкуулашты.
Алмазбек Атамбаев: «Кыргыз-казак бир тууган эл, алардын ортосунда бажы тосмосу, шлагбаум дегендер жок болуш керек»,- деген оюн айтты. Нурсултан Назарбаев кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазы экенин айтып: «Ысык-Көлгө 4-5 жылдан бери келе элек болчумун»,- деп көгүлтүр көлдүн касиеттүүлүгүн баса белгиледи. Кыргыз-казак мамилелери тууралуу сөз баштаган "эл басы": «Ушул кезге чейин Казакстан Кыргызстанга 1,5 миллиард долларга чукул инвестиция алып келди. Эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 1 миллиард долларга чукулдады. Чек арадагы бажы посттору ачылган соӊ бул көрсөткүч мындан да жогорулайт»,- деди.
КАЗАКСТАНДАН ЫСЫК-КӨЛГӨ КЕЛҮҮЧҮ ЖОЛ КЫСКАРАТ
Андан соӊ президенттер ачык асман алдында атайын даярдалган аянтчада, түз байланышта «Ак-Жол» бажы өтмөгүндө турган кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариевге жана Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Бакытжан Сагинтаевге «бажы көзөмөлү алынсын» деп буйрук беришти.
Нурсултан Назарбаев кыргыз мамлекетин ЕАЭСке мүчө болушу менен куттуктап: «Эки элдин ынтымагы менен биримдиги, эл ичиндеги тынчтыгы мындан да күчөй берсин»,- деди.
Ал эми Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстанда Назарбаевдей президент болбогондуктан 15-20 жыл артта калдык»,- деди. Ажо кыргыз элин ЕАЭСке кириши менен куттуктап: «Менин сүйүнгөнүм, мына азыр ачылып жаткан бекетибиздин аты Ак-Жол. Ак жол! Эки элге ак жол! Бүгүн Нурсултан Абишевич Казакстандан Ысык-Көлгө келүүчү кыска жол жөнүндөгү сунушту колдоп отурат. Азыр Алматыдан көлгө 480 чакырым. Жакынкы жылдарда узундугу 240 чакырым болгон кыска жолду курабыз деген ишеничтебиз»,- деп сөзүн аяктады.
Ошентип Кыргызстан союзга мүчө өлкөлөр менен 4 эркиндик деп саналган жумушчу күчү, капитал, товарлар жана кызмат көрсөтүүнүн эркин жүрүшүнө мүмкүнчүлүк алды.
«ГРАЖДАНКА, МОЖЕТЕ ИДТИ СПОКОЙНО, ОН НЕ ГРАЖДАНИН КИРГИЗИИ»
Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде эмгектенген Айымкан Кулукеева бул өзгөрүүлөр тууралуу Фейсбук баракчасына минтип жазды: «Жер астындагы өтмөктө 3 полиция кызматкери бир кара тору кыргызга окшош жигиттин документтерин текшерип жатыптыр. Алардын жанына барып туруп калдым. Полиция кызматкеринин бирөөсү "Что вам надо, гражданка?" деди. "Очередной рейд?" деп сурасам, алардын бири, "гражданка, можете идти спокойно, он не гражданин Киргизии" дейт. Бул сөздү укканыма кудуӊдап өз жолум менен кеттим. Буюрса, команда көчөдөгү полицияларга да жетсе керек”.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
казакстанга тенелбей эле кой.
1. Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
2. Коомдук этиканы сактаңыз! 3 күн БАНга!
эмне бааны Акаев же Атамбаев которот деп турасынбы? же Баа дуйно жузундо которулсо бизде ошол бойдон калыш керек деп турасынбы.
Негизгиси мурдагы ажолор саткандай, жерибиздин бир сантиметри да сатылбаса болду
Азаматсыз тынчтык болсо береке болот бул жакта копчүлүгү өзүн көрсөтүп жазаттар алар ХХХ ХХХ
Эскертүү!
Башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат! Коомдук этиканы сактаңыз!
мамлекеттик иште иштегендердин айлыгы көтөрүлгөн менен налог башка продукта кийим кече көтөрүлгөнүн эске ал.
Этика нормаларын сактаңыз!
Бакиев мугалимдердин, врачтардын, пенсионерлердин,бардыгын айлыктарын которуп 1-класстан,4-класска чай бере турган кылган,ошол малдарда кыргызстан кыйла онолуп калган болчу. Эмичи карапайым калк мин жолу айтканыбыз мн оз билгендерин кылат да.
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
Башка сайтты жарнама кылууга тыюу салынат! 3 күн БАНга!
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат!
Тескерисинче кыйындап, оорлошуп баратат карапайым калкка эле