ЖОГОРКУ КЕӉЕШКЕ КИМДЕР КЕЛАТАТ?

№668 21-август-27-август, 2015-ж

Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялар эл өкүлү болууга чамынып жаткан талапкерлеринин тизмесин жарыялады. Кайсы партияда ким бар? Ким кимге өттү? Кандай жаӊы ысымдар пайда болду? Саясат айдыӊында азыр ушул кызуу талкууда.

ЖАӉЫ МУУН МЕНЕН ТОЛУКТАЛГАН КСДП
Алмазбек Атамбаев түптөгөн КСДПнын тизмеси кандай болору баарына кызык болуп турган. Анткени, ажо КСДПны «бийликтики деп жалпылабай түз эле айталы, президенттин партиясы» деп атап, талапкерлердин тизмесин түзүүдө партия лидерлерине «катарыӊарга артында калбыры бар, күмөндүү иштерден байлык топтогондор келбесин, таза адамдар келсин» деген талап койгондугун билдирген эле. Андыктан парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын ичинен КСДПнын талапкерлер тизмеси көӊүлдү өзгөчө бурду. Биринчи саптарда учурдагы фракция лидери Чыныбай Турсунбеков жана спикер Асылбек Жээнбеков баратышат. Алдыӊкы ондуктагы жетинчи катардан президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев орун алды. Жогорку Кеӊештин бешинчи чакырылышында активдүү иштеген башка фракциянын көрүнүктүү өкүлдөрүнө президенттин партиясынан чакыруулар көп болгону байкалат. Алсак, активист «ар-намысчылар» Дастан Бекешев, Кожобек Рыспаев, Анвар Артыков жана «Ата-Журттун» катарында 5 жыл эмгектенген Азамат Арапбаев, Өмүрбек Бакировдун ысымдары КСДП тизмесинде жүрөт. Журналисттик ишмердүүлүктө өзүн көрсөтө алган Жанар Акаев, Жылдыз Мусабекова, Аида Касымалиева өӊдүү инсандар КСДПнын катарында өздөрүн саясаттан сынап көрүшмөкчү болуптур. Жогорку Кеӊештин депутаты кезинде атылып өлтүрүлгөн Жыргалбек Сурабалдиевдин кызы, Бишкектеги «Кудайберген» базарынын ээси Эльвира Сурабалдиева да партиянын талапкерлер тизмесиндеги жаӊы ысым. КСДПнын салмактуу саясатчылары болгон экс-мэр Иса Өмүркулов, депутат Төрөбай Зулпукаров, Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы Марат Аманкулов да тизмедеги татыктуу орундарын ээлешиптир. Иса Өмүркулов менен Төрөбай Зулпукаровго партия өзгөчө ишеним артары көрүнүп турат. Анткени, баш калаанын башчысы болгон кезиндеги иштерге байланыштуу кылмыш ишинде башкы фигурант болуп, анан акталган Иса Өмүркулов талапкерлер тизмесинде 11-орунга илинди. Төрөбай Зулпукаровго байланыштуу илгерки бир кылмыш иши чуулгандуу талкуу жараткан эле. Кайрадан КСДПнын катарында калганына караганда партия аны «күнөөсүз» деп тапты. Көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон, азырынча эч бир коррупциялык иштерде аты атала элек билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева да бул тизмеден орун алды. Буга чейин парламенттик шайлоодо КСДПнын штабын жетектейт экен деп үч ысым айтылып келген эле. Алардын бири Аалы Карашев тизмеде 47-болуп катталган болсо, Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев тизмеде 120-катарда бара жатат. Ал эми табышмактуу Икрамжан Илмиянов 50-талапкер болуп көрсөтүлдү. КСДПнын аброюна көлөкө түшүрүп, сын толкунунда калган учурдагы айрым депутаттар электен өтпөй калышты. Алсак, саунада сойкулук уюштуруу ишине аты илинген Турсунтай Салимов, «агасы крим чөйрөнүн өкүлү, ишкерлерди тонойт, салык салат» деп коомчулуктун талкуусуна түшкөн Ыргал Кадыралиева партиянын алтынчы чакырылышка аттанган талапкерлеринин катарында көрүнбөйт.

СЮРПРИЗИ КӨП «АТА МЕКЕН»
Бул партиянын биринчи сабында, албетте, Өмүрбек Чиркешович турат. Экинчиде «Ата Мекен» деп жанын сабап келген Болот Шердин бир тууган иниси, режиссёр Садык Шер-Нияз. Үчүнчүдө Оштун түшпөс мэри болуп келип, учурда издөөдө жүргөн, сыртынан 7 жылга соттолгон Мелис Мырзакматов, төртүнчү болуп кызматка келгенинен эмес, кеткенинен чуу жараткан экс-башкы прокурор Аида Салянова аттанды. Салянова кызматтан кеткенинде эле анын «Ата Мекендин» катарында шайлоого барары тууралуу сөздөр чыккан эле. Ал кептер бекеринен айтылбаганы так болду. Булар менен катар алдыӊкы саптарда «Ата Мекендин» камчыга сап болчулары экс-премьер министр Жоомарт Оторбаев, депутаттар Жоомарт Сапарбаев, Наталья Никитенко, экс-юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов баратышат. «Дасмиянын» ээси, ишкер Турусбек Мамашевдин көкүрөк күчүгү Айсулуу Мамашева жана свет жок, чырактын жарыгында жүрөккө операция жасагандыгы менен талкууга түшкөн Калдарбек Абдраманов өӊдүү адамдар талапкерлердин тизмесине өзгөчөлүк беришти. Ошондой эле партиянын талапкерлер тизмесинде мурдагы «ар-намысчы» Каныбек Иманалиев жана Камчыбек Ташиевдин чоӊ муштумунун даамын таткан «ата журтчу» Бахадыр Сулейманов да жүрөт. «Биометрикалык маалыматтарды чогултуу мыйзамсыз» деп кызматынан кол жууган Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова да «Ата Мекендин» канатынан орун алды. 5-чакырылышта парламенттин трибунасынан түшпөгөн, «Ата Мекен» фракциясынын активдүү депутаты болгон Бактыбек Калмаматов негедир тизмеден көрүнбөйт. Инисин алдыӊкы сапка коё берген Болот Шер өзү 22-орунда келатат.

КЫРГЫЗСТАНДЫ АЗИЯНЫН ЖОЛБОРСУ КЫЛМАКЧЫ БОЛГОН «РЕСПУБЛИКА-АТА-ЖУРТ»
Баш кошуп, бир казанда кайнап жаткан «Республика-Ата-Журттун» талапкерлер тизмесинин сап башынан экс-премьер Өмүрбек Бабанов ишенимдүү түрдө орун алды. Анын тандемдеши Камчыбек Ташиев өзүнүн күйөрмандарын күйгүлтүккө салып, 41-катарга жайгашты. Мындай чечим эки ойду жаратат. Биринчиси – «Республика-Ата-Журттун» амбициясы ушунчалык жогору, алар 41ден кем эмес орун алабыз деген ишенимде. Экинчиси – жаштарды, карыларды, аялдарды алдыга өткөрүү менен Ташиев кеӊ пейилдигин көрсөтүп, өзүнө берилчү добуштарды арттырмакчы. Талапкерлердин катарында «республикачылардан» Максат Сабиров, Руслан Казакбаев алдыӊкы ондукта. Кандуу Апрель окуясынан кийин куйругун карматпай кеткен экс-премьер Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева, экс-депутат Талант Мамытов, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишенимдүү кишиси деп аӊыз болуп жүргөн «ата журтчу» Улан Чолпонбаев да Бабанов-Ташиев тандемине ишеним артып тизмеден орун алышыптыр. Мародёрчулук чуусу боюнча Өмүрбек Текебаевдин башкы оппонентине айланган, ИИМдин экс-башчысы Зарылбек Рысалиев талапкерлер тизмесинде 60-орундан ары катталды. Рысалиевди депутаттык мандат эмес, кайрадан ИИМ өӊдүү маанилүү кызматка келүү кызыктырат сыягы.

АТАНЫН УУЛДАРЫ «ӨНҮГҮҮДӨ»
Эргеш Төрөбаевдин тыӊ чыкма уулу Бакыт Төрөбаев жетектеген «Өнүгүү» партиясынан парламентке аттангандардын тизмесин Апсамат Масалиевдин уулу Исхак Масалиевдин ысымы көрктөндүрүп койгондой. Экөө теӊ тизменин алдыӊкы сабында. Буларга катар «Республика» фракциясынан депутат болгон Тынчтык Шайназаров, Мирлан Бакиров «Өнүгүүнүн» алдыӊкы талапкерлери болушту. «Ата-Журт» менен кошулганы үчүн «Республикага» таарынган Назарали Арипов 18-катарда талапкер болуп бара жатат. Ишкер, Бишкектеги «Беш-Сары» комплексинин ээси, Кыргызстандагы байлардын тизмесинде аты дайыма аталып келе жаткан Камчыбек Жолдошбаев бул партиянын талапкерлер тизмесинин 11-катарында. Түштүктөн чыккан байлардын алдыӊкысы Нургазы Айдаров да ушул партиянын тизмесинен орун алды.

(Калган партиялардын талапкерлеринин тизмеси менен кийинки сандарда тааныштырабыз)

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
24.08.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Катарын жаштар менен толтурган СДПК партиясына ишенич бар
24.08.2015. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Спдк да бут куу тулкулор. Мисалы ойэтте э.биэтте деген Илмиянов ичкилик бар
25.08.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ziya,Ичкиликтерди эмнеге жаман коросунор?
24.08.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
одни байы!
25.08.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кудайберген" базарынын ээсинин кызы Жогорку Кенешке аттанган экен. Ошондой ММКлардын бетинен тушпой калдыле.
25.08.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тизмесин коруп булардын
Титиреп тизем кубардым
Кор болгудай буларга
Кунообуз кайсы тууганым

Угутун айтып жарышып
Кой терисин жамынып
Уйурлуу бору келатыптыр
Умутту бойдон качырып

Бир бирин туртуп тукуруп
Бийликти коздоп жутунуп
Беш короо каман келатыптыр
Береке кутту качырып
25.08.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
СДПК!!!
29.08.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замандаш.
Менин акем катталган алдынкы орунларга. Добушум замандашка.
25.08.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл учун иштебейт эч кимиси,жегичтер баары
25.08.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата мекен кучтуу
25.08.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч кимди колдобойм.
26.08.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл учун эч ким иштеп бербейт.
26.08.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ичкилик такка келмейинче мамлекет онолбойт
29.08.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars55,Тарыхтан мисал келтире кет анда.
26.08.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ech kimisine iwengim kelbeit. jakwysy da byilikke kelip ozgorot.Akcha m,n byilikti kotoro alchu baatyrlar bizde abdan az...
27.08.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Республика мн бириккен Ата-Журтту колдогула кичине болсода ыйман ынсап бар буларда!!!
27.08.2015. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата Мекен кучтуулук кылат
27.08.2015. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ач карышкырлар келатат. особенно Республика! Акаевтен бери келаткан кошоматчылар. Эч ким шайлоого барып шайлабасанар да булар голосту с потрахами сатып алышат. Жалан акчасы бар ичип жегичтер экен. Депутат болом деп беш жуз мин акчасы кетет. кийин эки эсе кылып чыгарып алышат да
28.08.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирин олуп бирин кал.
30.08.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айла кана жок да ...билебиз эмнени коздоп бара жатканын булардын
Карышкырлар кой кайтарганы баратышат...
30.08.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде жонокой журналистинен баштап врачына . врачынан бизнесменине . андан ары бандиттер !!! койчу дегеле кимдер гана бар !!! жанар акаев . аида касымалиевалар да жеп жутарлардын катарын толукташат экен да. Кесиптештери андан ары депутаттаттарды жамандабай калышаттыр )
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо