КЫРГЫЗ-КАЗАК ЧЕК АРАСЫНДА ТЕКШЕРҮҮ ЖЕӉИЛДЕГЕН ЖОКПУ?

№668 21-август-27-август, 2015-ж

Өткөн аптада кыргыз жана казак президенттери Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевдин катышуусунда кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлү алынып салынган. Бирок бажы кызматкерлеринин милдети чек арачыларга өткөрүлүп, кырдаал өзгөрбөгөн бойдон калганы тууралуу коомчулукта кептер жүрүүдө. Айрыкча казак тарап мурдагыдан да катуу текшерип калганын көпчүлүк бир ооздон белгилешүүдө. Мунун айынан чек арада арты көрүнбөгөн тыгын пайда болуп жатат. Казакстандык интернет маалымат булактарынын билдирүүлөрүнө таянсак, кыргыз тараптан чек арадан өтүү көйгөй жаратпаганын, ал эми казак тарапта текшерүү абдан күч алганы, кыргыз чек арачылары казак кесиптештерине караганда кыйла кичипейил экендиктери айтылат.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева бул тууралуу мындай дейт:
– Кыргыз-казак чек арасында бажы көзөмөлү алынгандан кийин адамдар топтолуп, унаалардын тыгыны катталган окуялар болду. Азыр абал турукташып, кадимки жумуштук калыпка түштү. Кыргыз тарапта чек арадан өтүү 1,5-2 мүнөттү алса, казак тарапта документтерди текшерүү процедурасы узакка созулуп жатат. Буга Казакстандын чек ара текшерүү технологиясынын башка экендиги себеп. Мисалы, автоунаа рентгенден өткөрүлөт, жарандар эмгектенүү үчүн бара жатса, аларга миграциялык карта ачылат. Дагы бир себеп – бул учурда Орусия жана Казакстандан Кыргызстанга келген туристтердин көптүгү. Өкмөттүк деӊгээлде жумуш топтору түзүлгөн, анда текшерүүнү тездетүү боюнча маселелер көтөрүлүп, анын үстүнөн иштер жүрүп жатат.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
24.08.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге биздеда башка улуттун адамдарына миграционый берелбейт. Ошол кемчилигибизден улутар аралык урушу болуп атат.Өзбекстан саюзга кирген жок. Кыргыз өкмөтү өзбек жарандарына Кыргызстанга кириш учун уч айлык миграционый карточка толтуруп кыргыз жеринде жашаган жерине пропискага туруш керек деген закон чыгарса болот. Ошондо озбектер кыйла азаймак.
24.08.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкущ кыргызым! Айколдунгунон баары пайдаланып жатат! Бул деген биздин мамалекетин алсыздыгы! Карачы тажик -кырыгыз, озбек-кыргыз, казак-кыргыз чек араларын, жабыр тарткандар биз- кырыгыздар! Башка улутун окулдору биздин жерибизде жергебизде талтандап ойноп журот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо