КЕЛДИБЕКОВ БИР КЫЛМЫШ ИШИНЕН КУТУЛДУ

№668 21-август-27-август, 2015-ж

Жогорку Кеӊештин депутаты, экс-спикер Ахматбек Келдибековдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук иштерде күтүүсүз бурулуштар орун алууда. Дегенибиз, 17-августта өткөн адаттагы соттук отурумда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Келдибековго Социалдык фонддогу коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин токтотту. Ал кылмыштын эскирүү мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу деп түшүндүрүлдү. Мөөнөтү өтүп кеткен кылмыштын таржымалына келсек, Келдибеков 2004-2005-жылдар аралыгында Социалдык фондду жетектеп турганда мамлекетке 24 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп айыпталып жаткан.
Жогорку Сот: «Сот эпизоддордун бири боюнча гана жазык ишин кыскартты. Ал эми башка эпизоддор боюнча соттук териштирүүлөр уланууда. Кийинки сот отуруму 2015-жылдын 18-августуна белгиленди»,- деген билдирүү таркатты. Коомчулукта «Келдибеков бийлик менен соодалашып, бир жыйынтыкка келишти» деген пикирлер айтылып, бул кадамдар парламенттик шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн дегендер да болду. 18-августтагы сот отурумунда Келдибеков: «Күнөөм жок экенин далилдемейинче парламенттик шайлоого катышпайм жана эч бир партиянын курамына кирбейм. Муну мен расмий түрдө жарыялайм»,- деди. Сыягы соодалашуу «шайлоого катышпайсыӊ, саясаттан алыс болосуӊ» деген талаптын тегерегинде жүргөн өӊдүү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
24.08.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу кыйшык болсо да байдын баласы суйлосун! Болбогон бир нерселер учун канча адамдар абакта отурат! Анын срок давности отуптур! Силерди бир гана кудай жазаласын!
25.08.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай кечирсе болду куноолорубузду?
26.08.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле негизсиз создорунорду токтоткулачы. Эмне Атамбаев менен Келдибеков соодалашканын карап турдунарбы же далдалчылык кылдынарбы? Бироонун куноосун эмне кылабыз которуп жайына койгулачы сураныч Аллах баарын билуучу
26.08.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah yiman bersin bul adamga!!! 19 jashtagy uul-kyzdary ХХХ ХХХ ХХХ..., uyat degen nerse jok okshoit.
Модератор admin_portal түзөттү 2015-08-27 11:26:15
27.08.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shukran - эскертүү!
Далили жок, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
26.08.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kylyp jatkan ishteri uchun Kudaidan korkposo da uul-kyzdarynan uyalsa bolmok. Ayaly kuiosun aktap kancha jurdu shorduu, a kuiosu ushuncha kep-sozdon kiiin emne kylyp jurot?
27.08.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куноосу жокда ошого коросунор Мелисти да ошентип шайлоо откондон кийин куноосу эскиртилди деп же жокко чыгарылды деп актап коет бул бут тосуу эле шайлоого карата
27.08.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu admin_portal men dalil taap berein, balkim Keldibekov jana anyn 19 jashtagy luybovnizasy degen temada makala jazasynar?
02.09.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Келдибековду камаш керек начар киши бул Кыргызстанды да сатып ийе турган адам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо