«АТА МЕКЕНДИН» ТИЗМЕСИНДЕ КИМДЕР БАР?

№669 28-август-3-сентябрь, 2015-ж

Парламенттик шайлоого катышам деген партиялардын шайлоо алдындагы иш-аракеттери көӊүлдүн борборунда болуп, коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Алардын катарында көп талкууну жаратып жаткан «Ата Мекен» да бар. Ошондуктан «Башканы коюп Манасты айт» демекчи, партиянын тизмесине көз чаптырып көрөлү.

Айрым партиялар сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрүнө таянып «жаштар, аялдар көп партиябыз» дешүүдө. Бул жагынан «Ата Мекенде» абал кыйла башкача. Тизмеде 198 орундун ичинен талап боюнча аялдарга 64 орун (32 пайыз), жаштарга 60 (30 пайыз), улуттук азчылыктарга 33 орун (16 пайыз) берилген. Алгачкы ондукта өз алдынча саясат жүргүзүп келе жаткан инсандар көзгө илинет. Тизменин сап башында Баш мыйзамдын «атасы» Өмүрбек Текебаев. Лидерден кийинки эле тизмеде кинорежиссёр, «Айтыш» фондунун түптөөчүсү, «Курманжан датка» тарыхый фильмин тарткан Садык Шер-Нияз турат. Өмүрбек Текебаев Садык Шер-Ниязды парттизменин өзүнөн кийинки эле орунуна койгондугу жөн жерден эместир.
Партиялык тизменин 3-катарынан орун алган Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду «Бакиевдин кадры» дегендер көп. Чынында ал Бакиевдин убагында аймактык деӊгээлдеги чиновник болчу. Тескерисинче, анын саясий жылдызы Бакиев куулгандан кийин жанды дегенибиз туура болот. Анткени өлкөдө эӊ кыйын саясий кырдаал түзүлгөндө, башкача айтканда, Ош окуясынан кийин Ош шаарын калыбына келтирүүдө кризис менеджердин ролунда болду. Ал учурда Оштун шаар башчысынын моюнуна улут аралык ынтымакты калыбына келтирүү деген оор милдет да жүктөлгөн эле. 2012-жылы жергиликтүү шайлоолордо ал оппозициялык маанайда чыгып, Ош шаарында бийликти утуп да алган. Ушул өӊдүү мисалдар Мырзакматовду өзүн-өзү жасаган жаӊы саясатчы деп мүнөздөөгө жол берет.
Аида Салянова – алгачкы бештиктеги биринчи айым. Өкмөтүнө да, министрине да, сотуна да, депутатына да тийиштүү кылмыш ишин козгоп, коррупцияга каршы бекем, эрктүү тура алгандыгынан коомчулук кабардар.
Бешинчи катардагы дагы бир айым – Наталя Никитенко. Бул айым да «Ата Мекендин» көзгө басар жаш саясатчыларынын бири.
Алдыӊкы ондуктан интеллигент, билимдүү жана жөнөкөй Жоомарт Оторбаев да орун алды. Биринчи-вице-премьер, андан кийин өкмөт башчы болуп, премьерлик отчётун берген соӊ кызматтан кеткен.
«Ата Мекен» социалисттик партиясы ишеним артып, келечегинен көптү үмүттөнүп жаткан жаштардын бири – Жоомарт Сапарбаев. Бул жигит партиянын эӊ жаш депутаты болуп,
V чакырылыштагы парламенттеги ишмердүүлүгүндө тажрыйба арттырды.
Тизмедеги Клара Сооронкулова кызматынан алынгандыгы үчүн «Ата Мекенге» келип калды деген ойлор айтылууда. Артка кылчайып көрсөк, 2010-жылкы Конституциялык кеӊешмеде ал төраганын орун басары болгон. БШКнын, Конституциялык соттун мүчөсү болуп туруп да өзүнүн көз карашына байланыштуу кызматтан бошотулган.
Талапкерлердин алдыӊкыларынын бири Алмамбет Шыкмаматов да өзүнүн чечими менен Адилет министрлигинен кеткен адам. Дегеле бул тизмеде кокустан келип калгандар көрүнбөйт.

Динар Турдугулова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(18)
31.08.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
партия тизмедегилер маанилуу эмес, шайлоодо жакшы добуш алып,маанилуу копчулукту тузо алса, бийликтин реалдуу ээсине айланганда Кыргызстан да реалдуу онугууго ээ болот
31.08.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ertur,tizmedegiler maaniluuda tizmede taza ak iwtegen adamdar bolso gana shailoodo jenip chygat. El owo tizmede kimder bar ekenin karap anan kaisyl partiyaga dobush bererin chechet.
31.08.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер ошондо Мелис Мырзакматов шайлоого катышып утуп чыгышса депутат боло алабы? Же бетижок бийлик ыплас иштерин уланта береби???
31.08.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйшон аке жок го тизмеде же шайлоого катышпайбы?
31.08.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ким кандай билбейм. Лично мен Мелис учун Ата-Мекенди колдоого туура келип жатат достор
01.09.2015. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Ака учун Эми текебаевти шайлайбызда аида эжени да колдойбуз.текебаев эмнени ойлоду экен бул карт боору
01.09.2015. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйшон сатыбалдыев дагы шайлоого катышабы? суппер инфо билип бериниздерчи рахма!
01.09.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biykech95, ал издөөдө жүрсө кайдан катышсын: http://www.super.kg/kabar/news/121989/
01.09.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мелис Ошту аперет окшойт Ата Мекенге )))) мен негизи Салянованы колдойм.
02.09.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мелис учун хоть любой партияны шайлоого туура келет
05.09.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asylaika, оа
02.09.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата Мекен ХХХ партия
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-07 10:06:56
07.09.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vrach - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
03.09.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текебаевда кучту саясатчы бирок
05.09.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
текебаев эң катта эксперт да.
05.09.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салянова ХХХ ээри корупционер,Мелис акада ошонун айынан кетти оштон .Аида эже корупция мн куроштуву ал просто АША эмнени айтса ошону аткарды акыры эмне болду озуда кетти
Модератор admin_portal түзөттү 2015-09-07 10:07:45
07.09.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
malywKG - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
06.09.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис катышпай калышы абзел экен ошондуктан "Ата-Мекенде" кимдер бар экенин кимдер катышаарын так даана билип анан шайлагыла)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо